Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:01

Өкмөттүн реформасы: Эски система, жаңы талап


Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, 12-откябрь, 2020-жыл.
Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, 12-откябрь, 2020-жыл.

Кыргыз өкмөтү 6-ноябрдагы №551 токтому менен мамлекеттик кызматкерлерди азайтып, алардын ишин оптималдаштырууну пландап жатат. Ал үчүн мамлекеттик органдардын тутумун реформалоодо сунуштарды иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссия түзүлгөн. Комиссияны өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев жетектеп жатат. Комиссия 17-ноябрдын кечинде Өкмөт Үйүндө алгачкы жыйынын өткөрдү.

Өкмөттүн реформасы кантип ишке ашат?

Бакыт Аманбаевдин айтымында, Кыргызстанда 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар. Бул өлкөнүн ар бир 447-жараны аткаминер дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысына жылына бюджеттен 48 миллиард сом коройт. Бакыт Аманбаев өкмөттүн пландарын аткаруу бийлигинин азыркы түзүмү, анын курамы менен ишке ашыруу мүмкүн эмес деген ойдо.

Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

«Коронавирус инфекциясына байланыштуу ишканалар ишин токтотту, - деди ал. - Анын кесепети жеке бизнеске тийди. Экономика төмөндөй баштады. Ошондуктан абалды турукташтыруу, экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүн токтотуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу - өкмөттүн башкы максаты. Бул үчүн бардык мамлекеттик органдар ачык-айкын жана натыйжалуу иштеши керек. Мамлекеттик органдардын сапатын жакшыртуу зарыл. Функциялардын кайталанышы, кызматтык милдеттерге дал келбөө - бул мамлекеттик системанын учурдагы абалы».

Бакыт Аманбаев ушундай жол менен мамлекеттик кызматкерлерди 10% чейин азайтып, ишин оптималдаштырса боло турганын кошумчалады.

Өкмөт баштаган реформа эки айдын ичинде ишке аша турганы белгилүү болду. Мамлекеттик кызматтар 20-ноябрга чейин түзүмүн оптималдаштыруу, чектелген штаттарды азайтуу, чыгымдарын үнөмдөө жана функциялардын кайталанышына жол бербөө боюнча план иштеп чыгышы керек. Алардын сунушун эксперттерден түзүлгөн жумушчу топ карап чыгат.

«Биз министрликтерден алган сунуштарды карайбыз дагы, анан сырттан эксперттерди кошуп өзүнчө талкуулайбыз. Сунуштарды бышырабыз. Андан кийин мамлекеттик кызматкерлерди штаттан чыгарып туруп, кайрадан конкурстук негизде кызматка алабыз деген максат коюлуп жатат. Тагыраак айтканда өкмөттүн жаңы түзүмү иштелип чыгат. Азыркыдай көп сандагы министрликтер, агенттиктер болбойт. Конституциялык реформадан кийин аткаруу бийлигинин жаңы түзүмү менен олуттуу реформаларды жасайбыз», - деди өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев.

Ал кайсы министрликтер жоюларын жана кызматкерлерди азайтуу менен үнөмдөлө турган каражаттын суммасын так айткан жок.

5-октябрдагы элдик толкундоодон кийин келген бийликтин кадр саясаты сынга алынып келет. Садыр Жапаров да соңку дайындоолордо мүчүлүштүктөр бар экенин моюнга алган жайы бар. Ал 29-октябрдагы өкмөттүн жыйынында мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамилени калыптандыруу муктаждыгы жаралып жатканын айтып, жогоруда сөз болгон мекеме аралык комиссия жөнүндө сөз кылган. Мындан тышкары кадр маселеси саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен чечилип жатканын айткан эле:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«Күнүгө мага көптөгөн кишилер кирип жатат. Баары «мен кыйынмын, иштегенге даярмын» деп турат. Колдон келишинче бардык саясий күчтөрдү тартып, саясий куугунтукка албай, «кечээ катуу сөз айттың» же «бүгүн мындай дедиң» дебестен, бардык жаштарды жумушка тартканга аракет кылдык. Анча-мынча кадрдык мүчүлүштүктөр кетип калып жатат. Аны баарыңар түшүнүп турасыздар. Ар кандай саясий күчтөр суранат экен. «Биздин кишиге, фракцияга же топко бер» дешет экен. Бул убактылуу гана көрүнүш. Кудай буюрса, реформалар жүрсө баарын кайра конкурстук негизде алып, 2,5-3 айдан кийин болобу, баары тазаланат деп толук ишендирип кете алам».

Мамлекеттик органдардын тутумун реформалоодо сунуштарды иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссиясынын алгачкы отурумунда мамлекеттик кызматтарды реформалоо, штаттык орундарды азайтуу боюнча жалпы маалыматтар берилди. Комиссия мындан кийинки иштерин жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) аркылуу коомчулукка жеткирип турууга убада берди.

«Санды эмес, системаны өзгөртүш керек»

Кыргызстанда 15 министрлик, төрт комитет, тогуз агенттик, 11 мамлекеттик кызмат бар. Ал эми өкмөткө караштуу фонддор жана инспекциялар алтоо.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде 180 кызматкер иштейт. Анын 46сы борбордук аппаратта эмгектенет. Министр Нуржигит Кадырбеков мекеме аралык комиссияга бир нече сунуш даярдап жатканын, бирок кызматкерлерди азайтууга макул эмес экенин билдирди. Ал өз пикирин мындайча негиздеди:

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

«Кызматкерлердин саны 2018-жылы да кыскартылган. Азыр ар бир райондо болгону экиден өкүлүбүз бар. Ошол эле учурда туризмди, китепканаларды, музейлерди, маданият үйлөрүн караш керек да. Андыктан бул тема боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат. Жалпылап айтканда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде кызматкерлер аябай аз, бирок аткара турган иштери көп».

Ушундай эле пикирди билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев да карманып турат. Ал мекеменин кээ бир кызматтарын оптималдаштырууга макул болгону менен адистердин штатын азайтуу туура эмес деген ойдо.

Ал эми 888 адам иштеген Айыл чарба жана мелиорация министрлиги өкмөттүн кадр саясаты боюнча иш-аракетин толугу менен колдоп жатат. Мекеменин жетекчиси Тилек Токтогазиев кызматкерлердин штатын азайтуу азыркы кризистик учурдун талабы деген ойдо.

«Азыркы учурда министрликтин ишин, түзүмүн талдап, бири-бирин кайталаган кызматтарды азайтууга аракет кылып жатабыз, - деди ал. - Мекеме аралык комиссияга департаменттерди өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизебиз. Айтылып жаткан реформа жалаң эле кызматкерлерди азайтуу дегенди түшүндүрбөйт. Иштин натыйжалуулугун арттырышыбыз керек».

Мамлекеттик кызматтардын ишин оптималдаштырып, ал жерде иштеген кызматкерлерди азайтуу аракети буга чейин да болгон. 2018-жылы ошол учурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аткаминерлер 1531 адамга кемий турганын айткан эле. Мамлекеттик кызматтагы адамдарды 10% азайтууга мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков да аракет кылган. Бирок мамлекеттик кызматкерлерге айтылган сын азайып кеткен эмес.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев бул аракеттен да майнап чыкпайт деп эсептейт.

Бакыт Рыспаев
Бакыт Рыспаев

«Буга чейин да ушундай иштер жасалган, - деп жүйө келтирди ал. - Жыйынтыгында мамлекеттик кызматтардын иши жакшырып кеттиби? Кеп кызматкерлерди жумуштан кетирип же аттестациядан өткөрүүдө эмес. Биринчи айдай турган машине түзүк болушу керек да. Биз болсо эски, тарпы чыккан «Москвичти» алмаштырбай эле жаңы айдоочу издеп жүрөбүз. Кызматкерлерди алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөйт. Биринчи кезекте мамлекеттик башкарууну, өкмөттүн түзүмүн конкреттүү түрдө өзгөртүш керек. Өкмөттүн азыркы кадамын реформа деп айтууга болбойт».

Бакыт Рыспаев кыскартууну өкмөттүн жана жылына 1,5 миллиард сом каражат короткон президенттин аппаратынан башташ керек деген ойдо. Мындан тышкары мамлекеттик кызматкерлерден жыйынтыкты талап кылардан мурда аларга шарт түзүп, айлыгын көтөрүш керек деген да пикир айтылды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG