Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:13

Өкмөт карызды кайтарганга Бээжинден убакыт сурады


Кыргызстан менен Кытайдын туулары.
Кыргызстан менен Кытайдын туулары.

Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Бишкектин карызы жөнүндө телефондон сүйлөштү. Бирок баарлашууда кандай чечимдер кабыл алынганы тууралуу так маалымат айтылган жок.

16-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ваң И менен сүйлөшүүсү Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки жогорку деңгээлдеги биринчи расмий байланыш болду.

Сырткы саясат мекемеси кабарлагандай, баарлашууда министрлер кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, мурдараак жетишилген келишимдерди аткарууну кеп кылышты.

Кыргызстандын сырткы саясат мекемесинин жетекчиси кызматташын макроэкономикалык жана коронавирустук жагдайда Кыргызстандын Кытайга болгон карызын жеңилдетүүгө көмөк кылуусун өтүндү.

Буга чейин мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчилигине карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү быйыл сентябрь айында сунуш кылган. Келишим боюнча Кыргызстан карызды 2021-жылдан тарта төлөй башташы керек.

Экономика илимдерин доктору Төлөбек Камчыбеков тышкы карызды төлөөдөгү тобокелчиликтерге токтолду:

Үнөмдөлгөн акчаны карызга жумшоо зарыл.

«Кытайдын карызынан кутулуунун бир эле жолу – бул анын мөөнөтүн узартуу. Эгер Кытай тарап андай жолго барбай, карызын коколоп доолай турган болсо аябай кыйналабыз. Анда белди бекем буушка туура келет. 2021-жылдын бюджети каралып жатканда билим берүү менен саламаттык сактоо тармагындагы чыгымдарды кескин азайтыш керек. Президенттик шайлоо өтүп, реформа жүрсө аткаминерлерди азайтып, андан үнөмдөлгөн акчаны карызга жумшоо зарыл. Аткаминерлерге бул сабак болушу керек. Анткени тыштан алган насыялардын көбү инфратүзүмдөргө жумшалган. Карыздын эсебинен бир да ишкана курулган эмес».

Кытайдан алынган карыздын көбү негизинен Кыргызстанда жолдорду салууга жана энергетика тармагына жумшалган.

Кытай карызынын коркунучу тууралуу эл аралык басылмалар мындан эки-үч жыл мурун эле «Кыргызстан Кытайдын карыз кылтагына илингенин» жазышкан. Алар Кыргызстан Кытайга карыз болгон өлкөлөрдүн ичинен алдыңкы беш мамлекеттин ичине киргенин жарыялашкан эле. Ошондой эле Бээжин карыз төлөөдө оңой менен жеңилдик бербей турганын эскертишкен.

Ошол эле кезде кыргыз өкмөтү тышкы карызынын быйыл төлөй турган бөлүгүн төлөө мөөнөтүн узартууну суранып Париж клубуна кайрылганын жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков бул карыздарга байланышкан айрым жагдайларды чечмеледи:

Талант Кушчубеков.
Талант Кушчубеков.

«Эл аралык каржы уюмдары ушундай кадамдарга барып жаткандан кийин Кытай деле карыздын төлөө мөөнөтүн жылдырышы мүмкүн. Анын үстүнө Кытай - биздин кошуна. Келечекте ишке аша турган мындан башка да чоң долбоорлор бар да. Саясий жагынан алганда бул мамлекет менен Кыргызстандын чыр-чатагы жок. Бирок Кытай мамлекети карызга келгенде бекем позицияны кармап, карыздарын кечирбей турганы айтылып жүрөт. Кытай - дүйнөнүн төрт тарабына ири инвестицияларды жумшап жаткан өлкө. Муну да эске алышыбыз керек. Карыздан сөзсүз кутулушубуз керек. Ансыз болбойт да. Бирок азыр кырдаал кыйын болуп турганда, коңшу өлкө болгондон кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзө беришибиз керек. Азырынча алар кескин түрдө «жок» деп айта элек».

2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 827 млрд. долларды түздү. Мунун ичинен 646 млн. доллар ички карыз, 4, 180 млрд. доллар тышкы карыз. Мунун ичинен Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,778 млрд. доллар бересе. Бул тышкы карыздын 42,6% түзөт.

14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучулук кызматын өткөрүп, премьер-министрликти убактылуу токтоткон Садыр Жапаров кызматта турган учурунда Кытайдын карызынан кутулуунун жолу бар экенин белгилеген эле:

«Кытайдын карызынан кутулуунун жолдорун издеп жатабыз. Кутулуунун жолдору бар. Аны табабыз. Нарындагы Жетим-Тоо темир кенинин сырьесун берип кутулсакпы деген сөз болгон. Азыр да ошол сөз уланып жатат. Эгер ошону менен кутула турган болсок бир да чет мамлекеттин катышуусу болбойт. Жетим-Тоонун бир пайызы эмес, бир куму берилбейт. Өзүбүз иштетебиз. Нарындагы Жетим-Тоо темир кенинде беш миллиард тоннадан ашык запасы бар. Бул - 50 миллиард доллардын тегерегиндеги сырьелук запас. Мисалы Кара-Кече көмүр кенин айталы. Көмүр казып, Бишкек ЖЭБге ташып жатпайбы. Тоонун четинен эле казып алып жатышат. Жетим-Тоо да ошондой. Четинен казып алып эле эл аралык, дүйнөлүк баа менен сатсак эле ошондо бир жылда биздин эсеп боюнча 1 миллиард долларга жакын карыздан кутулсак болот. Жалаң эле Кытайдын карызынан эмес, башка да карыздан кутулсак болот. Бул бир эле жолу. Башка да эки-үч вариант бар. Аларды кийин сүйлөшүүлөрдүн жолу менен чечебиз».

Тышкы карыздан, анын ичинен Кытайга болгон береседен чукул арада кутулуунун аргасы - коомчулукта кызуу талкууга алынган темалардын бири. 5-6-октябрдагы тополоңдон кийин өлкөдө бийлик алмашкандан бери социалдык тармактарда тышкы карыздан кутулуш үчүн элден акча чогултуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Анын аркасы менен Финансы министрлиги элден акча чогултуш үчүн эсеп ачып, элди мекенчилдикке үндөп жибергени да белгилүү.

14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучулук кызматын өткөрүп, премьер-министрликти убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Финансы министрлиги «президенттин фонду» деп банктан эсеп ачканын, аны эл суранганын белгилеген. Ал мигранттар менен жеке ишкерлерге үмүт артып жатканын жашырган эмес. Ошол эле кезде Жапаров эсепке акча которуш үчүн бийлик эч кимди кыйнабай турганын, эсеп ыктыярчы, колу ачык жарандар үчүн ачылганын айткан эле.

XS
SM
MD
LG