Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:04

Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Бишкектин карызы жөнүндө телефондон сүйлөштү


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ваң И.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ваң И.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ваң И менен 16-ноябрда телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу сырткы саясат мекемеси кабарлады.

Баарлашууда Ваң И кызматташын бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Министрлер кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, мурдараак жетишилген келишимдерди аткарууну кеп кылышты.

Руслан Казакбаев Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу баяндап, абал турукташканын, Кыргызстандын жаңы бийлиги эл аралык келишимдерди, анын ичинде Кытай менен болгон эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды аткарарын маалымдады. Ал ошондой эле COVID-19 вирусу менен күрөшүүдөгү Кытайдын жардамына ыраазычылык билдирди.

Кыргыз-кытай тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө-бекеттерин толук жандантуу темасын да талкуулашты. Кыргызстандын сырткы саясат мекемесинин жетекчиси кызматташын макроэкономикалык жана коронавирустук жагдайда Кыргызстандын Кытайга болгон карызына жеңилдетүүгө көмөк кылуусун өтүндү.

Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И мындан ары да Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба азыктарын алып кетүүгө жана кыргыз көмүрүн Шинжаң-Уйгур автоном облусуна ташууга Кытай тарап кызыкчылыгы бар экенин билдирди.

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын сырткы саясат мекемелеринин башчыларынын телефондук сүйлөшүүсү Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийинки жогорку деңгээлдеги биринчи расмий байланыш болуп саналат.

2020-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 827 млрд. долларды түздү. Мунун ичинен 646 млн. доллар ички карыз, 4, 180 млрд. доллар тышкы карыз. Мунун ичинен Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,778 млрд. доллар бересе. (ErN)

XS
SM
MD
LG