Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Садыр Жапаров: Жетим-Тоо кени эч кимге берилбейт, Кытайдын карызынан кутулуунун жолу бар


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Нарындагы Жетим-Тоо темир кени чет мамлекеттерге берилбейт. Бул тууралуу 12-ноябрда басма сөз жыйынында президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

Ал тышкы карыздан кутулуш үчүн бул кенди чет жакка сатуу тууралуу айтылып жаткан сөздөрдү "ушак" деп атады жана Кытайдын карызынан кутулуунун жолу бар экенин айтты:

«Жетим-Тоонун бир пайызы эмес, бир куму берилбейт. Өзүбүз иштетебиз. Жетим-Тоо мененби же башка ресурстар мененби... Кытайдын карызынан кутулуунун жолдорун издеп жатабыз. Кутулуунун жолдору бар. Аны табабыз».

Садыр Жапаровдун басма сөз жыйыны

Жапаровдун айтымында, Жетим-Тоодо азыр темирдин беш миллиард тоннадан ашык запасы бар. Бул - 50 миллиард доллардын тегерегиндеги сырьелук запас.

Жапаров: «Сырьесун берип кутулсакпы деген сөз болгон. Азыр да ошол сөз уланып жатат. Эгер ошону менен кутула турган болсок бир да чет мамлекеттин катышуусу болбойт», - деди.

Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы, тышкы жана ички карыздарды кошкондо, 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6% - тышкы карыз жана бул сумма 328 миллиард сомго барабар (4,1 миллиард доллар).

Кыргызстандын мамлекеттик карыздарды төлөө көлөмү 2023-жылдан тартып көбөйө баштайт. 2027-жылы бул үчүн жылына 400 миллион доллардай бөлүп турушу керек болот. Өлкө 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 миллиард доллар грант жана насыя алган. (RK)

XS
SM
MD
LG