Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:49

Садыр Жапаров: Эжеме саясий буюртма менен кылмыш иши козголгон (видео)


Райкүл Жапарова. Сүрөт «Фейсбуктан» алынды.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров бир тууган эжеси Райкүл Жапарова жана ал тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айткандары боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Эркин Асрандиевдин эжем боюнча жазганын окудум. Банкты жетектеген, акчаны чыгарып кеткен деген экен. Бул өзү толук маалыматы жок, ошол убакта мага оппонент катары жүргөн саясатчы экенин билдим. Мунун баары, менин эжекем боюнча саясий буюртма болгон. Кылмыш иши буюртма менен ачылган, бул сыр эмес. Барып, таанышып көрсөңүздөр болот. Эгерде сиздерди кызыктырса, өзүм деле көчүрмөлөрүн алып сиздерге берсем болот. Ошол жерден анан көрөсүздөр. Бул да саясий куугунтук. Мени 8-10 жыл куугунтуктады. Мени эле эмес, бүтүндөй бир туугандарымды, үй-бүлөмдү, жакын досторумду куугунтуктады. Кызматтан алды. Кээ бирөө качып чет өлкөдө жүрүштү. Менин бир тууган эжем да ошондой болгон. А бул Асрандиев банк жоюлган кезде консерватор болгон турбайбы. Ошондо козголгон кылмыш ишин окуп алып эле... Биринчи жазганга жамандаса эле элдин баары ишене берет эмеспи. Убакыт өтүп чындык чыкканда кайра ойлонуп калышат», - деди Жапаров.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын ушул жылдын 11-февралында маалымдаган.

Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол Польшадан кармалган Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын билдирген. Кийинчерээк Польшада кармалган Жапарова кайра бошотулганы кабарланган.

Быйыл октябрда бийлик алмашканда мурдагы премьер Кубатбек Бороновдун өкмөтүндө иштеген вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Райкүл Жапаровага байланыштуу иш боюнча шек саноосу бар экенинен улам жаңы бийлик менен иштешүүдөн баш тартканын билдирген.

4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев басма сөз жыйынында «Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча өтүнүч Польшага кайра жиберилген жок» деп маалымдаган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG