Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

ИИМ: Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалды


Райкүл Жапарова. Сүрөт Бишкек ШИИБине таандык.
Райкүл Жапарова. Сүрөт Бишкек ШИИБине таандык.

Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Райкүл Жапарова Польшадан кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта «Райкүл Жапаровага карата Бишкектин Октябрь райондук жана Бишкек шаардык сотторунда сырттан чечим чыгарылып, 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде Жазык кодексинин «Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган» деп айтылат.

ИИМ азыр Башкы прокуратура Жапарованы экстрадициялоо маселесин караштырып жатканын билдирди.

Жапарова 2007-жылы «Ысык-Көл инвест банкты» рейдерлик жол менен тартып алган деп айыпталып, 2015-жылы соттолгон. Ошол эле жылы Жогорку сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

Тергөө учурунда Ички иштер министрлиги Жапарова 2007-жылы апрель айында ошол кездеги президенттин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алганын, ошол эле жылдын август айында банктын башкармалык кеңешинин төрайымы болуп шайланганын маалымдаган болчу.

Жапарова - учурда түрмөдө отурган Садыр Жапаровдун бир тууганы. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга кескен.

2019-жылы ноябрь айында Жапаров президенттен ырайым сураган. (RK)

XS
SM
MD
LG