Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Садыр Жапаров: Апрель окуясына жалаң эле Бакиевдер күнөөлүү эмес, аларды экстрадициялоо маселеси көтөрүлөт


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча иш уланат. Бул тууралуу 12-ноябрда басма сөз жыйынында президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып айтты.

Жапаров 2010-жылдагы апрель окуясында кан төгүлүп, 90дой өмүр кыйылганына жалгыз гана Бакиев күнөөлүү эмес экенин айтып, ага карата козголгон иш изилденерин билдирди:

«2010-жылкы окуя боюнча жалаң эле Бакиевдер күнөөлүү эмес. Башкалар да күнөөлүү болуп калат, эгер чындап, адилеттүүлүк менен териштирсек. Ал кылмыш ишине жете элекпиз. Баарын кайрадан көтөрүп чыгып, каратып, изилдетишибиз керек».

Садыр Жапаровдун басма сөз жыйыны

Бакиевди экстрадициялоо боюнча иш уланарын айтып, Жапаров бул маселеге азырынча жете элек экенин кошумчалады:

«Биз бул маселени сөзсүз түрдө көтөрөбүз. Бул бүгүн же эртең эле улана турган нерсе эмес. «Экстрадиция кылып бергиле» деп Башкы прокуратура сурап жатат, Алмазбек Атамбаев канча жолу айтты. Андан кийинки бийлик деле айтып жатат. Бирок буга мен жете элекмин. Толук иштегениме он эле күн болду».

Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Бакиев 2010-жылдын апрель окуясында элдик толкундоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG