Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:25

Ош: Алмашкан акимдер, депутаттардын карааны


Оңдон солго Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ноокат районунун акими Бакытбек Марипов, Алай районунун акими Алтынбек Болбур уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов.
Оңдон солго Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ноокат районунун акими Бакытбек Марипов, Алай районунун акими Алтынбек Болбур уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов.

Ош облусунда Алай, Чоң-Алай жана Ноокат райондорунун акимдери алмашты.

Алай районунун акими болуп Алтынбек Болбур уулу дайындалса, Ноокатка райондук оорукананын жетекчиси Асамидин Мариповдун уулу, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун иниси Бакытбек Марипов дайындалды. Мындай дайындоолор коомчулукта президенттик шайлоого даярдык катары бааланууда.

Ош облусундагы Алай жана Ноокат райондоруна жаңы акимдерди дайындоо боюнча буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров шайлоого аттанып баратып, 13-ноябрда кол койгон. Алай районунун акими Замирбек Молдокулов кызматтан кетип, ордуна Алтынбек Болбур уулу дайындалды.

Болбур уулу Оштогу таасирдүү Примовдорго жакын киши экени айтылат. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Улан Примов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын тизмесинде 17-орунда катышкан.

Жаңы аким Алтынбек Болбур уулу өзү «Примовдун таасири менен дайындалды» деген сөздү төгүндөп, бирок аны менен дос экенин танган жок:

Алтынбек Болбур уулу.
Алтынбек Болбур уулу.

«Улан Примов да 1978-жылы туулган, мен да 1978-жылы туулгам. Жакындык жагыбыз - аны менен теңмин, классташмын, бир мектептен бүткөнмүн. Алай району, Чоң-Алай району боюнча 1978-жылы туулгандардын баары катташабыз. Үй-бүлөбүз менен бир жерде сүйлөшүп, бир жерде чогулуп баарыбыз катташып турабыз».

Болбур уулу мурунку аким Замирбек Молдокуловго да тууган экенин ырастады.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев жаңы аким буга чейинки ишинин үзүрү менен кызматка келгенин айтып жатат:

«Элдин айтымында Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы катары аркаларды куруу, айланма жолду жарыктандыруу сыяктуу бир топ иштерди аткарды. Эл да «жигитибиз жакшы иштеп берет» деген ойлорун айтты. Ким аркылуу, кандай саясат менен дайындалганын билбейбиз».

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын камчысын чаап бергендер бүгүн кайра бийликке көтөрүлүп жатат деп эсептейт:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Шайлоо калыс жүргөн жок, бүт бурмаланды. Жергиликтүү, райондук бийлик «Биримдиктин» аймактагы «бөлүгү» болуп калды. Үгүт иштерин жүргүзүштү, шайлоо мыйзамдарын бурмалашты, кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышты, Конституциянын талаптары бузулду. Ошонун баарына азыркы иштеп жаткан айыл өкмөттөр, өкмөттүн өкүлчүлүктөрү жол берди. Булардын баарын кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек болчу. Бүгүнкү күнгө чейин бир да адам кылмыш жообуна тартылган жок. Жаңы келген бийлик булар менен кызматташып, жандап жүрүп, ушулар менен тилектеш болгону элди иренжитип жатат».

Келдибаев жаңы акимдердин артында Жогорку Кеңештин депутаттары турары ачык эле талкууланып жатканын кошумчалады.

Ал эми Ноокатка райондук оорукананын жетекчиси Асамидин Мариповдун уулу, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун иниси Бакытбек Марипов аким болуп келди. Ал коомчулуктагы «бийликчил партияларга жан тарткан» деген сөздөрдү четке кагып, шайлоо алардын аймагында таза өткөнүн айтты:

Бакытбек Марипов.
Бакытбек Марипов.

«Бул маалыматтардын баары жалган. Мени губернатор өзү чакырып, мени сунуш кылып, Садыр Нургожоевичтин буйругу менен дайындалдым. Кечээ болуп өткөн иш баарыбызга сабак болушу керек да. Баары мыйзам чегинде болот. Биз шайлоого толук шарт түзүп берсек калганын шайлоочу өзү чечет. Башкаларды билбейм, бирок Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө келген бардык партияларга маданият үйүндө шарт түзүп, жолугушууларды уюштуруп бердик, бардык партияларга бирдей көз карашта».

«Интербилим» коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева алдыдагы шайлоодо адаттагыдай эле административдик ресурс колдонулабы деп чочулайт.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

«Шайлоого чейин жетекчи кадрлардын дайындалышы албетте, жакшы эмес, - деди ал. - Аким болууну каалаган бир нече талапкер болгон деп ишенимдүү айта алам. Алардын арасынан кимиси Садыр Жапаровго добуш алып берүүгө кепилдик бергени дайындалды деп ойлойм. Экинчи жагынан Жогорку Кеңештин депутаттары Жапаровдун президент болушуна жардамдашып жатканы көрүнүп эле турат. Примов деле колунан келген аракетин кылып жатат».

Ал арада Чоң-Алай районунун акими да алмашты. Мурунку аким Жумадилла Жапаров кызматтан кетип, анын ордуна Өскөнбай Мамажакыпов дайындалды. Жаңы аким буга чейин Чоң-Алай райондук салык кызматын жетектеп келген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып, премьер-министрлик милдетин токтоткон Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтардагы азыркы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштуруларын 29-октябрда өкмөттүк жыйында билдирген.

Ошентип, Ош облусунда Араван районунун акиминен башкасы баары алмашты. Алардын ичинен эң чоң район Кара-Сууда акимдин орду бош турат. Анын милдетин орун басар Капарбек Абдиев аткарып жатат.

Кыргыз бажысында коррупциялык схемаларды калкалаган деп айыпталып жаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Тилекбек Матраимов бийлик алмашкандан кийин кызматынан кеткен. Ал 6-октябрда коңшу Өзбекстанга мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен колго түшүп, тергөө абагына кармалган. Кийинчерээк Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

XS
SM
MD
LG