Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Эмилбек Жороев: Конституциянын жаңы долбоору - кыргыз элине кыянаттык


Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

Саясат таануучу, Борбор Азиядагы Америка университетинин окумуштуусу Эмил Жороевдин баамында мынчалык кыска убакыттын ичинде жазылган долбоорду референдумга алып чыгуу мүмкүн эмес. «Эгер бул долбоорду студент жазса, анда ага «2» деген баа коюлмак» деди талдоочу.

Эмил Жороев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына: «Конституцияны өзгөртүү демилгесинин өзүн мазмунуна карабай туруп эле легитимсиз десек болот. Парламенттин азыр мындай демилге көтөрүүгө легитимдүүлүгү жок. Азыр биз президентти эски (учурдагы) Баш мыйзамдын негизинде шайлаганы турабыз. Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгуу - абсолюттук түрдөгү мыйзамдык нигилизм.

Аны кабыл алуу кыргыз элине карата жогорку деңгээлдеги кыянаттык болот. Бул долбоордо коркунучтуу, маанисиз, ретрограддык, сабатсыз, юридикалык түшүнүктөргө жатпаган, кайталанган, Баш мыйзамга тиешеси жок бир топ кемчиликтердин аралашмасы байкалган беренелер ондоп саналат. Мисалы, президенттин бийлиги чексиз, бирок жоопкерчилиги - нөл. Парламент жөн гана байкоочу орган, дээрлик эч нерсе чечпейт, ритуалдык гана роль ойнойт. Өкмөт башчы мурдагыдан беш бетер «пешка», президент министрлерди каалагандай алмаштырат. Мындай шартта туруктуу өкмөт күтпөй эле койгула», деп жазды.

Талдоочу ошондой эле: «Курултай деген жаңы институтту тыгып коюшту. Анын иши да, мааниси да жок, анткен менен керектүү демилгелерди президентке уюштуруп берүүчү курал болот. Бул Курултайга элдин акылдуулары, жакшылары катышпай, жалаң бекерчилер, бузукулар, ОБОНдор катышары турган иш. Эч кимге кереги жок, бузуку, кооптуу институт болмокчу. Парламенттин да долбоордогу ыйгарым укуктары Курултайдыкындай эле, ошол парламентти эле Курултай деп атап алса жетиштүү болмок», деп билдирди.

Эмил Жороев кыргызстандыктарды долбоордун опурталдуулугун түшүнүүгө чакырды.

«Бул долбоор Кыргызстанды жакынкы эле убакта туңгуюкка кептейт. Кайра куугунтук, камоо, ооздуктоо күчөйт, элди бөлүп-жаруу арбып, кайра төңкөрүш болот. Анан кайра «Баш мыйзамды өзгөртөбүз» деп чыгышат. Мамлекет болбой калабыз. Бул демилге токтосун!» деп жазды.

17-июлда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Жаңы долбоорго президенттин кеңейтилген укуктары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт. Өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутатты шайлоо сунушу киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен социалдык тармактарда кызуу талкуу башталып, айрымдар муну бийликти «бир колго топтоо» катары сындап жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG