Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Ысык-Көлдө мал аралашкан жол кырсыгынан эки киши каза болду


Ысык-Көлдөгү автотрасса.
Ысык-Көлдөгү автотрасса.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы 2020-жылдын башынан бери облус аймагында мал аралашкан 134 жол кырсыгы катталып, эки киши каза болуп, тогуз киши ар кандай жараат алганын маалымдады. Мындай кырсыктардан 100дөн ашуун автоунаа каражаттарынын ээлери материалдык чыгымга учураган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы атайын билдирүү таратты.

Билдирүүдө мал аралашкан жол кырсыктарында айдоочу менен мал ээсинин жоопкерчилигине байланыштуу мыйзам-укуктук жагдайлар толук камтылган. Жол кыймыл эрежелерине ылайык эгерде мал аралашкан кырсык болсо, анда малды айдап жүргөн адам түздөн-түз жооптуу болуп саналат.

Айыл ичиндеги жергиликтүү деңгээлдеги жолдорду кошпогондо автотрассаларда малды жол жээгине жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш. Малды жол боюна кароосуз калтырууга, караңгыда, айлана жакшы көрүнбөгөн шарттарда малды жол жээгине жаюуга болбойт.

Айдоочулар да мал жайылып жаткан жерлерде же болбосо алардын жолго кокусунан чыгып калышын көрсөткөн жол белгилерине автоунаалары менен жакындап жаткан учурда өтө сак болуп, жол кырсыгына учурабаш үчүн тийиштүү ылдамдыкты сактоого тийиш.

Кыргызстанда кыш мезгилинде Ош-Бишкек автожолундагы ири ашууларда жана Бишкек-Торугат автожолунда автоунаа өтүүчү участокторго көчкү түшүп, жол тайгак болгондуктан, кооптуу кырдаалдар түзүлөт. 2020-жылдын 10 айында жалпы жонунан 4899 жол кырсыгы катталып, андан 596 адам каза болуп, 7289 адам ар кандай жараат алды. (BCh)

XS
SM
MD
LG