Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Орусияда экс-президентке кол тийбестик берген мыйзам биринчи окуудан өттү


Орусиянын Мамлекеттик Думасы.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы өлкөнүн мурдагы президенттерине өмүр бою кол тийбестик берген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Бул демилге - быйыл жайында референдумда жактырылган Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн бир бөлүгү. Ага ылайык, бардык мурдагы президенттер жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыш жана административдик айыптар боюнча өмүр бою иммунитетке ээ болот. Аларды кармоого, камоого, тинтүүгө жана суракка алууга тыюу салынат.

Бир гана учурда, эгерде экс-президент мамлекеттик чыккынчылык үчүн айыпталса гана аны Мамлекеттик Думанын, Жогорку жана Конституциялык соттун уруксаты менен суракка алса болот.

Азыркы мыйзамга ылайык, Орусиянын мурдагы президенттери кызматын аткарып жаткан учурдагы кабыл алган чечимдери үчүн гана кол тийбестикке ээ.

Мамлекеттик Дума кабыл алган экинчи мыйзам долбоорунда өлкөнүн мурдагы президенттерине өмүр бою өлкө парламентинин жогорку палатасы - Федерациялар Кеңешине мүчө болууга укук берилет.

Орусияда учурда бир гана экс-президент бар. Ал - өлкөнү 2008-жылдан 2012-жылга чейин башкарган Дмитрий Медведев.

Көпчүлүк талдоочулар өзгөртүүлөр азыркы президент Владимир Путинге ыңгайлашып кабыл алынып жатат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG