Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Жер трансформациясы боюнча мыйзамдын күңгөй-тескейи


Айдоого түшкөн конуш. Бишкек
Айдоого түшкөн конуш. Бишкек

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кызматын тапшырар алдында, 13-ноябрь күнү "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна кол койду.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Кол коюлган мыйзам 2009-2018-жылдар аралыгында айыл чарба багытындагы жер тилкелерине курулган үйлөргө гана тиешелүү.

Шашылыш кол коюлган мыйзам

13-ноябрда Садыр Жапаров кол койгон мыйзамдын автору - кыргыз өкмөтү.

22-июнда Жогорку Кеңеште экинчи окууда карала турган мыйзам долбоорун аткаруу бийлиги күн тартибинен чакыртып алганы белгилүү. Алар бул кадамын "документке бир катар толуктоолорду киргизебиз" деп түшүндүргөн. Андан кийин өкмөт мыйзам долбоору боюнча маалымат берген эмес.

Бирок 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары тополоң менен коштолуп, бийлик алмашкандан кийин парламент документти 4-ноябрда кабыл алып берди. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков буларды айтты:

Нурбек Алимбеков
Нурбек Алимбеков

“Бул мыйзам үч пункт менен ишке ашканы турат. Биринчиси - 2018-жылга чейин ар кандай жолдор менен үй курулуп калган айыл чарба багытындагы жерлер трансформация болот. Эми аларды сүрдүрүп таштай албайбыз да. Экинчиси - колунда кызыл китеби бар, бирок жери трансформация болбой жаткан жарандарыбыз бар. Аларга үй курууга уруксат берилет. Үчүнчүсү – салынып калган үйлөрдүн арасында айыл чарба багытында иштеткенге мүмкүн болбой калган жерлер бар. Андай анклав жерлер дагы трансформация болот”.

Мыйзамга ылайык, өлкө боюнча 1712 гектар жер трансформацияланып, 11 300 үй-бүлөнүн социалдык көйгөйлөрү чечиле турганы айтылууда. Аталган жер тилкелердин басымдуу бөлүгү Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Ош шаары менен Кара-Суу районунда жайгашкан.

Мыйзамды ишке ашыруу максатында өкмөттүн алдында комиссия түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Равшан Сабиров жетектеп жатат. Жер боюнча комиссиялар ар бир райондук акимчиликте жана Бишкек менен Оштон башка шаарлардын мэрияларында дагы түзүлгөн. Жер ээлери ошол комиссияга кайрылып, жери трансформация болор-болбосун биле алат.

"Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам
"Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам

Мамлекеттик Экотехинспекциянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Айнура Кенжебаеванын оюн угалы:

“Айтылып жаткан 1712 гектар жерди өкмөттүн комиссиясы жеринен тактап чыккан. Мындан тышкары өлкөнүн башка аймактарында комиссия изилдебеген жерлер болушу мүмкүн. Аларды кошкондо 1800 гектар жерге документ берилет. Трансформация боло турган жерлер мындан көп болбойт. Себеби башка жер жок. Негизинен жергиликтүү бийлик иш алып барат. Жарандар айыл өкмөткө арыз менен кайрылат. Жер тилкелер райондун деңгээлинде каралып, андан кийин облус жетекчилигине келип түшөт. Алар болсо өкмөткө жиберет. Акыркы чечимди өкмөт өзү кабыл алат”.

Айнура Кенжебаева өлкө боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, чынында аларга там салынып, адамдар жашап жатканы факт экенин айтты. Ал жерде жашагандар байма-бай митинг өткөрүп, жашап жаткан үйлөрүн мыйзамдаштырып берүүнү талап кылып келишкен. Алар 5-октябрдагы толкундоолордон кийин дагы өкмөт үйүнүн алдына чогулушкан болчу.

Ошол эле кезде бул мыйзамды чийки деп сындагандар бар. Алардын бири - “Трансформация кыймылы” коомунун координатору Бекназар Айталиев трансформациялана турган 17 миң гектар жер тилкеси бар экенин айтууда:

Бекназар Айталиев
Бекназар Айталиев

“Мыйзам аябай шашылыш кабыл алынды. Эл депутататтарды шаштырып туруп алды. Мындан тышкары мыйзамдын саясий жагы бар. Анткени, бул мыйзам шайлоого даярданып жаткандар үчүн аябай жакшы упай топтоп берет. Алар шайлоочулардын алдына куру кол баргысы келген жок. Эми ошол эле адамдар эртең бийликке кайра келе турган болсо аталган мыйзамдын туткуну болуп калышат. Анткени бул документ 70% дагы иштебейт. Себеби мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары жана милдеттери так жазылбай калган. Толуктоолорду киргизип анан кабыл алыш керек эле. Бул кетиште дагы мыйзам кабыл алууга мажбур болобуз”, - деген ойдо Айталиев.

Бишкектин чет жакасында эле 6 миңге жакын үйдүн документи жок экени айтылып келет. Айыл чарба категориясына кирген ал жерлерге үй салууга уруксат берилбегендиктен, турак-жайлар мыйзамсыз деп саналат. Жыйынтыгында, ал жерде жашаган жарандардын жол, суу, мектеп, бала бакча сыяктуу инфраструктуралык жана социалдык көйгөйлөрү чечилбей турат.

"Биринчи мыйзамдын кемчиликтери көп болгон"

Уруксаты жок курулуш жүргөн айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоо мыйзамы Жогорку Кеңеште 2014-жылдан бери демилгеленип келген. Алгачкы мыйзам 2018-жылы кабыл алынган. Ал жерде 2009-жылга чейин курулган турак жайлар гана камтылган эле. Өкмөттүн планы боюнча 9600 миң гектар жер трансформация болмок. Бирок азыркы учурда 200 гектарга жакын жерге гана документ берилген. Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков 2018-жылы кабыл алынган мыйзам долбоорун сындап чыккан. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жоопкерчилик алгандан кооптонуп жатат деп эсептейт:

Эсенгул Исаков
Эсенгул Исаков

«2009-жылдын 31-июлуна чейин салынып калган үйлөр трансформация болсун» деген мыйзам азыркыга чейин толугу менен аткарылган жок. Мен мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун кеңешчиси болуп турганда аймактарды кыдырып келгем. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерге байланыштуу чечим кабыл алгандан коркуп жатышыптыр. “Бүгүн кол койсок, эртең эле прокуратура кылмыш ишин козгойт” деп жатышат. Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алып бердик дегени менен райондук комиссиялар иштебей жатпайбы. Ошондой эле жарым-жартылай кылып, кабыл албашы керектигин айткан элем. Мен болжогондой эле болду».

Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого мораторий 2009-жылы жарыяланган. Аталган документ азыр да күчүндө. Бирок ага карабастан сугат жерлерде пайдубал түптөгөндөр азыркыга чейин тыйыла элек. Кабыл алынган мыйзам боюнча мындан кийин айдоо жерлерине курулуш жүргүзгөн адамды беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Өкмөт жаңы конуштагы мыйзамсыз курулуштар боюнча позициясын билдирип, жашоочулардын пайдасына чечим кабыл аларын айткан сайын жер саткандар жандана түшөрү байкалат.

Интернеттеги “Ак-Ордодон жер сатылат” деген жарнамадагы номурга байланышып көрдүк. Бизге жооп берген адам сатыла турган жер тилке айыл чарба багытында экенин айтып, бирок жакын арада кызыл китеп колго тийет деп ишендирүүгө аракеттенип жатты:

“Мына Садыр Жапаров кол коюп кетти. Эми жергиликтүү бийлик иштесе эле документ берилет. Ошол кызыл китепке чуркаш үчүн акча керек болуп жер сатып жатам. Болбосо кызыл китеп даяр болгондон кийин сатмакмын. Анткени чоңдорго, комиссияга акча бериш керек. Бизде акчасыз иш бүтчү беле?”.

Ал арада трансформация маселесине айрым адистер каршы болуп жүрүшөт. Алар уруксаты жок салынып калган үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү жер басып алууга жол ача турганын айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG