Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Чүй облусунун айрым тургундары жерди трансформациялоону талап кылып чыгышты


Өкмөт үйүнүн сүрөтү.
Өкмөт үйүнүн сүрөтү.

Чүй облусунун аймагындагы Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айрым тургундары өкмөттөн жерди трансформациялоону талап кылышты. Күбөлөрдүн айтымында, 22-июнда өкмөт үйүнүн алдында уюштурулган митингге элүүдөй киши катышты.

Акциянын "Транформация" кыймылынын атынан чыкканын билдирген катышуучулары үн күчөткүч аркылуу "Трансформация болсун!", "Боронов чыксын!" деп кыйкырып турушту. Көйгөй чечилбесе, митинг уланарын айтышты.

Нааразылык билдирип чыккандар менен өкмөттүн тиешелүү кызматкерлери чыгып сүйлөшкөнүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди. Өкмөттүн өкүлү ошондой эле "өкмөт мыйзам долбоорун чакыртып алган жок" деп билдирди.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзам долбоорлорун экинчи окулушунда кароого 22-июндагы күн тартибине киргизген. Жыйынтыгы тууралуу маалымат алуу мүмкүн боло элек.

Бул мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш 15-июндагы жалпы жыйынында биринчи окууда караган жана депутаттар жоон топ сунуштарын берген.

Кыргыз өкмөтү парламенттин кароосуна сунуш кылган мыйзам долбоорлорунда 2009-жылдан кийин турак үйлөр курулган сугат жерлерди мыйзамдаштыруу каралган. (SE)

XS
SM
MD
LG