Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:29

АКШ Ооганстандагы жана Ирактагы күчтөрүн азайтат


Ооганстандын Вардак провинциясындагы америкалык аскерлер. 6-июнь, 2019-жыл.

Кошмо Штаттар 15-январга карата Ооганстандагы жана Ирактагы аскерлерин азайтат. Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер 17-ноябрда жарыялады. Анын айтымында, Ооганстандагы америкалык жоокерлердин саны 4500дөн 2500гө чейин азаят. Ошондой эле Ирактагы күчтөрдүн саны да 500 адамга кемип, 2500гө түшүрүлөт.

Миллер соңку чечим Трамптын Ооганстан менен Ирактагы согушту ийгиликтүү жыйынтыктоо жана аскерлерди мекенине кайтаруу тууралуу саясатына шайкеш келерин белгиледи.

«Биз президент Трамптын жогорудагы эки өлкөдөгү күчтөрдүн позицияларын өзгөртүүнү улантуу боюнча буйруктарын аткара турганыбызды расмий жарыялап жатам», - деди Миллер.

Бирок өткөн аптада коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Миллер аскерлерди азайтуу аракети АКШнын саясатына жана мүдөөсүнө таасирин тийгизбей турганын белгиледи.

Мындай чечим Ооганстанда чабуулдар токтобой жаткан учурда кабыл алынууда.

Ирактын армиясы билдиргендей, 17-ноябрда баш калаа Багдаддагы «Жашыл зонага» төрт ракета тийди. Бул райондо өкмөттүн имараттары жана чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү жайгашкан.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден Трамптын администрациясынын соңку чечими боюнча комментарий бере элек.

7-ноябрда Кошмо Штаттардагы дээрлик бардык ири маалымат каражаттары Жо Байден президенттик шайлоону жеңип чыкканын жарыялашкан. Бирок президент Дональд Трамп 3-ноябрдагы президенттик шайлоо «бурмаланганы» тууралуу негизделбеген дооматтарды айтып, өз командасы шайлоонун жыйынтыгы боюнча сотко кайрылып жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG