Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Улуттук банк 500 миң долларга интервенция жүргүздү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, 17-ноябрда сатыкка 500 миң доллар чыгарды. Ушуну менен ноябрь айында үчүнчү, ал эми жыл башынан бери 17-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 395 миллион доллардан ашуун акча коюлду.

Интервенцияны башкы банк улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашырат.

Бүгүн, 18-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,80 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти.

Орус рублинин бүгүнкүгө расмий курсу 1 сом 11 тыйын деп аныкталды.(RK)

XS
SM
MD
LG