Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Орусиянын Федерация Кеңеши Тоолуу Карабакка тынчтык орнотуу күчтөрүн жөнөтүүгө эми гана макулдук берди


Орусиянын Федерация Кеңеши. 2019-жылдын 5-февралы.
Орусиянын Федерация Кеңеши. 2019-жылдын 5-февралы.

Орусияда парламенттин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши 18-ноябрда президент Владимир Путинге Тоолуу Карабактагы жаңжалды токтотуу жана тынчтык орнотуу үчүн аймакка аскер жөнөтүүгө макулдук берди.

Ал эми орусиялык аскер тобу бул аймакта өткөн аптадан бери эле аракет кылууда. 10-ноябрга караган түнү Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын лидерлери согуш аракеттерин токтотуу тууралуу жалпы чечим кабыл алган соң, Орусия дароо эле Тоолуу Карабак аймагына өз аскерлерин киргизген болчу.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Федерация Кеңешинин уруксатын күтүп отурбастан, президенттин орусиялык аскерлерди Тоолуу Карабакка жөнөткөндүгүн 2015-жылдын 30-сентябрындагы Федерация Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдогу президентке берилген ыйгарым укуктар менен байланыштырды. Анда «эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен нормаларына ылайык» орус президенти өлкөнүн аймагынан сырткары жактарда Куралдуу күчтөрдү колдоно алат деген жобо камтылган.

Ал эми тынчтык орнотуу күчтөрүнүн узак мөөнөттүк ишмердиги үчүн Федерация Кеңешинин 18-ноябрдагы макулдугу керек болгондугун Федерация Кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин жетекчиси Андрей Клишас баса белгиледи.

Үч тараптуу макулдашууга ылайык, Тоолуу Карабактагы орусиялык тынчтык орнотуу күчтөрү дээрлик 2 миңдей жоокерден турмакчы. Алар Тоолуу Карабактагы жаатташкан тараптарды бөлгөн тилкеде жана бул аймакты Армения менен байланыштырып турган Лачин өткөөлүндө жайгаштырылган.

Ал арада Түркиянын парламенти Орусиянын арачылыгы менен жетишилген азербайжан-армян атышуусун токтотуу келишиминин жүзөгө ашырылышына байкоо жүргүзүш үчүн өлкө аскерлеринин өкүлдөрүн Азербайжанга жөнөтүүгө уруксат берген резолюцияны кечээ (17-ноябрда) кабыл алды.

Орусиянын расмий бийлиги Анкаранын мындай кийлигишүүсү Азербайжандын аймагындагы байкоо жүргүзүү борборундагы ишмердик менен гана чектелерин жана түркиялык тынчтык орнотуу күчтөрү Тоолуу Карабак аймагына киргизилбей тургандыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG