Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Тоолуу Карабакка байланыштуу үч тараптуу билдирүүгө кол коюлду


Тоолуу Карабакта 8-ноябрда тартылган сүрөт.
Тоолуу Карабакта 8-ноябрда тартылган сүрөт.

Азербайжандын, Армениянын жана Орусиянын президенттери Тоолуу Карабакта атышууну токтотуу боюнча бирдиктүү билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу алгач 9-ноябрда түндө Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян «Фейсбукка» жазып, өзү жана эли үчүн оор чечим кабыл алганын айтты. Ал салгылашуу жүрүп жаткан аймактагы абалды эске алуу менен ушул кадамга барганын белгилеп, муну «жеңиш да эмес, утулуу да эмес» деп сыпаттады.

Атышпоо тууралуу келишимге кол коюлганын андан соң Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Орусиянын президенти Владимир Путин да тастыкташкан.

«Спутник» агенттигинин армян кызматы Путинге таянып тараткан кабарга ылайык, орусиялык медиаторлор Тоолуу Карабакка барып, маселени жөнгө салууга салым кошушат. Бирок бул тууралуу Кремль расмий маалымат тараткан жок.

Тоолуу Карабактагы жикчилдер менен азери армиясынын ортосундагы соңку кагылыш сентябрь айынын соңунда тутанган. Андан бери кеминде миң киши каза болду.

Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган.

XS
SM
MD
LG