Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Курултай – Азиядагы авторитаризмдин куралы


Түркмөнстандагы "Халк Маслахатынын" мүчөлөрү, Ашхабад, 14-февраль 2007-жыл.
Түркмөнстандагы "Халк Маслахатынын" мүчөлөрү, Ашхабад, 14-февраль 2007-жыл.

Кыргызстанда жаңы Конституциянын долбооруна Элдик курултай түшүнүгү киргизилди. Бул маселе эмне үчүн коомчулукта эки ача пикирди жаратып келет? Азиядагы үч өлкө элдик жыйындардан эмне пайда-зыян тапкан?

“Аскар-тообузга даңк!”, “Коргоочубузга (Аркадаг) таазим!” 2018-жылдын сентябрь айында Ашхабаддын көз жоосун алган “Рухыет” хан сарайындагы курултайга чогулган делегаттар түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовду дал ушинтип даңазалашкан. Сакалын сылаган карыялар да, улуттук кийимчен улан-кыздар да, сүрдүү көрүнгөн аскердик кызматкерлер да кыдырата тизилип, “Аркадагга” кол чабышкан.

Эл алдына чыгып сөз сүйлөгөндөрү дүйнөдөгү эң жабык мамлекетти жетектеген Бердымухаммедовду жерге-сууга тийгизбей мактап, дарегине жалындуу сөздөрдү айтышкан. Өлкөдө экономикалык каатчылык өкүм сүрүп жатса да сахнанын дал ортосунда билинер-билинбес жылмайып отурган президентке бир да сын айтылган эмес.

Түркмөнстан “Халк Маслахаты” же “Элдик жыйын” атыккан мындай курултайлардан кандай пайда-зыян тапканын алдыда кенен айтып беребиз. Сөздү Кыргызстандан баштайлы.

Курултай конституциялык органга айланабы?

Кыргызстанда 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарылган жаңы Конституциянын долбоорунун 7-беренесине Элдик курултай түшүнүгү киргизилип жатат. Анда бул институт “элдик бийликтин кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку органы” деп мүнөздөлгөн.

Долбоорго ылайык, курултайды чакыруу укугу президентке таандык болот. Бул орган “коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдерди” кабыл алып, аларды мамлекеттик органдардын кароосуна киргизе алат. Ошондой эле ички жана тышкы саясат боюнча президентке сунуш берип, мамлекеттик башчынын жана Жогору Кеңештин төрагасынын отчетторун угат. Мындан тышкары кайсы бир аткаминерди иштен кетирүү тууралуу сунуштарды да берсе болот.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучунун буйругу менен түзүлгөн Конституциялык кеңешмеге төрагалык кылган Бекбосун Бөрүбашев курултайдын чечими сунуш катары гана караларын айтты.

“Элдик курултай жылына бир жолу өтөт. Мыйзам чегинде өтөт. Элдик курултайдын мамлекеттик чечимди кабыл алууга эч кандай укугу жок. Элдин астында ким жооп берет? Чечим кабыл алган орган жооп бериши керек. Элдик курултайдын чечими сунуш катары болот”, - деди Бөрүбашев.

Жарандык коомдун кескин сынына кабылып жаткан Конституциянын жаңы долбоорунда курултайдын делегаттары кандай тандалары жана алардын саны канча болоору так жазылган эмес. Болгону “Элдик курултай аймактык, кесиптик, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөрү” гана белгиленген. Элдик курултайды түзүүнүн, уюштуруунун жана ишинин тартиби өзүнчө конституциялык мыйзам менен жөнгө салынары жазылган.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридикалык илимдердин доктору Сания Токтогазиева курултайды авторитаризмдин куралы катары сыпаттап жатат.

“Авторитардык мамлекеттерде бардык диктаторлор ушундай квази-конституциялык органдарды жакшы көрүшөт. Эмне себептен? Анткени алар ким тарабынан шайланарын, кимдин алдында жоопкерчилиги болорун билбейбиз. Курултай “дежур” адамдардан турат. Өз убагында Назарбаев Эл ассамблеясынын жардамы менен биринчи парламентти жокко чыгарган. Өз убагында Бакиев да ошону каалаган. Мындай органдардын жардамы менен диктаторлор өзүнүн диктатурасын орнотот”, - деп билдирди Сания Токтогазиева.

Бишкекте өткөн Ынтымал курултайы, 23-март 2010-жыл.
Бишкекте өткөн Ынтымал курултайы, 23-март 2010-жыл.

Кыргызстанда Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү демилгесин буга чейин бир катар саясий топтор жана коомдук ишмерлер көтөрүп келген. Бирок өзүнчө бир макамы бар конституциялык орган катары негизги мыйзамга киргизилген эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев курултай идеясын колдогону менен Баш мыйзамга аны киргизүүнүн кажети жок деп эсептейт. Ал 2019-жылы «Курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштагандардын бири. Депутат учурдагы Баш мыйзамдын 52-беренесинде ансыз деле элдик курултай өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, аны болгону мыйзам менен бекемдеш керек экенин “Азаттыкка” айтты.

Анын ою боюнча, бул мыйзам кабыл алынса, айыл өкмөттөрүнөн делегаттар Бишкекке келип, өкмөттүк мекемелер менен жолугуп, маселелерин чечтирип кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Иманалиев Конституциянын жаңы долбоорунда курултай президентке таандык орган болуп калганын сындап жатат.

“Кечээги долбоордо сунушталган курултай – бул Түркмөнстандын курултайы. 2500 киши чогулат, президенттин курултайы болот. Ага оппозиция кире албайт. Ал айткан гана адамдар болот. Ал айткан гана сөзгө кол чаап турат. Парламент жакпай калса, курултайдын чечими менен кетирет. Ошентип көптөн бери бөпөлөп келген курултай идеясын алар кечээги сунуш менен абдан жаманатты кылып салышты. Жөнөкөй айтканда парламент мыйзамдуулукту чечсе, курултай салт-санаа, нарктуулук, региондордун маселесин борбордо чечүүнү колго алышы керек эле”, - деди эл өкүлү.

Октябрь айынын башындагы саясий окуялардан кийин бийлик башына келип, жакында президенттик шайлоого катышуу үчүн мамлекет башчынын милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген Садыр Жапаров курултайды Конституцияга киргизүү зарыл экенин белгилеп келет.

Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алына турган болсо кийинки жылдан баштап, курултай чогула баштарын 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушуусунда айткан.

“Жылына бир жолу бардык айылдан, айыл өкмөттөрдөн, райондордон 2-2,5 миң адам Бишкекке чогулуп, элдик делегаттар келип, жылына президенттен жана парламенттен отчёт алып турасыздар деп жатабыз. Ошондо биз бийликти накта элдин колуна өткөрүп берген болобуз. Буга чейин 30 жылдан бери бир дагы президент, парламент отчет берген эмес”, - деп билдирген Садыр Жапаров.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында оппозиция да, бийлик да өз-өзүнчө курултай өткөргөн учурлар болгон. 2010-жылдын 23-мартында ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Ынтымак курултайы өткөрүлгөн.

Аягында курултайдын делегаттары президент Бакиевдин өлкөнү жаңылоо боюнча күч-аракеттерин колдоого чакырган резолюция кабыл алышкан. Бирок эки жумадан кийин эле апрель окуялары орун алып, Бакиев бийликтен кеткен.

Түркмөн президенттерин даңазалаган курултай

Эми чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына токтолсок. Элдик курултайды өткөрүү жагынан Түркмөнстан пост-советтик чөлкөмдө эч кимди алдыга чыгарбайт.

“Халк Маслахаты” аттуу орган 1992-жылдан 2008-жылга чейин жылына кеминде бир жолу, зарылчылык пайда болсо эки жолу жыйналып келген. Ар бир курултайга жер-жерлерден шайланып келген жана президент дайынган 2500дөй делегат катышып турган.

"Халк Маслахатынын" Ашхабаддагы жыйыны, 26-декабрь 2006-жыл.
"Халк Маслахатынын" Ашхабаддагы жыйыны, 26-декабрь 2006-жыл.

Мурдагы президент Сапармурад Ниязов көзү өткөндөн кийин бийликке келген Гурбангулы Бердымухаммедов бул органды жоюп, Аксакалдар кеңеши менен иштешүүгө өткөн. Бирок 2017-жылы кайрадан “Халк Маслахатын” калыбына келтирип, соңку үч жылдан бери элден өзүн даңазалаган жалындуу сөздөрдү угуп келди.

“Элдин сизге болгон урматы чексиз, биздин баатыр-коргоочубуз! Биз ден-соолугуңуз үчүн дуба кылабыз. Өмүрүңүз узун болушуна тилектешпиз!”, - деп билдирген 2018-жылдагы жыйындын бир катышуучусу.

Түркмөнстандын учурдагы Баш мыйзамы боюнча, “Халк Маслахаты” элдин кызыкчылыгын коргогон жогорку өкүлчүлүк орган деп жазылган. Ал эми конституциялык мыйзамга ылайык, бул органга өлкө президенти төрагалык кылат жана курамына парламенттин депутаттары, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери кирет. Ал эми элдин өкүлдөрү беш облустагы жана Ашхабад шаарындагы калктын санына жараша “жашыруун добуш берүү менен шайланып” келери белгиленген.

Австрияда бозгунда жүргөн түркмөн саясатчысы, Түркмөнстандын республикалык партиясынын башчысы Нурмухаммед Ханамов иш жүзүндө “ыңгайлуу делегаттар” гана борборго жөнөтүлөрүн “Азаттыкка” айтты.

“Халк маслахатын" түзүү идеясы өзү жакшы болчу. Эгер бирөөгө жасакерленип добуш берген же унчукпай отурган делегаттар эмес, чындап эл шайлаган кишилер жыйынга барса башкача болмок. Бирок Түркмөнстанда электен өткөндөр гана курултайга жөнөтүлөт. Өзгөчө жер-жерлерде ашык баш маселе жаратпаган, керек учурда добуш берип кое турган адамдарды гана тандашкан”, - деди Ханамов.

Түркмөнстандын конституциялык мыйзамы боюнча, “Халк Маслахатынын” күн тартибин президент, депутаттар, министрлер кабинети, Жогорку сот аныктап, маселелерди талкууга кое алат.

Ошондой эле “Халк Маслахатынын” жалпы мүчөлөрүнүн төрттөн биринин добушу менен да сунуш киргизсе болот. Ал эми курултайдын чечимдерин сот органдарынан башка бардык мамлекеттик мекемелер аткарышы керек.

Мыйзамда курултайдын катышуучулары Конституцияга өзгөртүү киргизүү, өлкөнүн ички же тышкы саясаты сыяктуу бир топ маселелерди карай турганы белгиленген. Ошондой эле делегаттар “түркмөн президентинин жылдык кайрылуусун угат” деп жазылган.

Бирок Нурмухаммед Ханамов делегаттардын мындай ыйгарым укуктары кагазда гана калганын, курултай президенттин пайдасына иштегенин кошумчалады.

“Ниязов эмне үчүн муну кылган? Ал “мени жеке адамдын керт башына сыйынган режимди орнотту дешет, бирок жеке өзүм чечпейм, карагылачы мен эл мененмин” дегенди көрсөтүш үчүн бул кадамга барган. Ал эл жөнөткөн делегаттар менен гана кеңешип иш кылып жаткандай түр көрсөткүсү келген. Делегаттар менен кантип кеңешкен? Күн тартибине маселени коет, анан делегаттардын баары бир добуштан колдоп беришет. Андыктан “Халк маслахатынын” маани-маңызы жоюлуп кеткен, андан майнап чыккан чыккан эмес”.

Түркмөнстанда акыркы жолу “Халк Маслахаты” быйыл сентябрь айында жолугуп, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жактырып берди. Ага ылайык, Түркмөнстанда эми эки палаталуу парламент пайда болот. “Халк Маслахаты” парламенттин 56 эл өкүлүнөн турган жогору палатасына айланмакчы. Бул өзгөрүүлөр 2021-жылдын башында күчүнө кирери кабарланган.

Ооганстандагы тарыхый тамыры бар курултай

Ал эми Ооганстандагы элдик курултайдын бир нече кылымдык тарыхы бар. “Лойя Жырга” же “Улуу кеңеш” аттуу бул орган белгиленген мөөнөттө эмес, Ооганстанда тагдыр чечүүчү маселелер чыкканда же кризис учурунда гана бир нече күндүк жыйынга чогулат.

Ооганстандын учурдагы Баш мыйзамында Лойя Жырга ооган элинин “эң жогорку эркин көрсөткөн орган” деп мүнөздөлөт. Бул орган өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына, суверендүүлүгүнө байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү, президентке импичмент жарыялоо маселелерин да карай алат.

Мыйзам жүзүндө “Лойя Жырга” чечим кабыл алуучу орган эмес. Анын сунуштары ооган парламенти бекиткенден кийин гана күчүнө кирет. Ошентсе да иш жүзүндө жана коомчулукта “Лойя Жырганын” бүтүмү акыркы чечим катары каралат. Себеби, президент да, парламент да “Жырганын” тыянагын четке каккан учурлар сейрек.

Ооганстандагы "Лойя Жырганын" катышуучулары, 2020-жылдын август айы.
Ооганстандагы "Лойя Жырганын" катышуучулары, 2020-жылдын август айы.

Бир нече этностук топтордон турган Ооганстандагы мындай элдик жыйындарды чагылдырып жүргөн “Азаттыктын” ооган кызматынын журналисти Ажмал Аанд көп учурда мамлекет жетекчилери талылуу маселелерде “Лойя Жырганын” чечимине таянаарын айтып берди.

Акыркы жолу быйыл август айында “Лойя Жырга” талибдердин 400 согушкерин бошотуу маселесин талкуулады. Ооганстан Дохадагы тынчтык келишими боюнча 5 миң талиб жоочусун боштондукка чыгарышы керек эле. Алардын 400ү өтө кооптуу деп эсептелчү. Президент Ашраф Гани “бул маселени мен чече албайм, “Лойя Жырга” чечиши керек” деп билдирген. Андыктан “Лойя Жырга” быйыл август айында жыйналып, согушкерлерди бошотууга макулдук берди”, - деди Аанд.

“Лойя Жырганын” курамы ар бир чакырылыш сайын өзгөрүп турат. Көбүнчө делегаттардын саны 2,5 миңге чейин жетет. Алардын арасында улуттук парламенттин мүчөлөрү, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү, түрдүү этностук, диний топтордун жана уруулардын жетекчилери бар.

“Эгер парламенттин мүчөлөрү, провинциялык кеңештердин мүчөлөрү таза шайланып келген болсо, анда “Лойя Жырга” да адилеттүү чечимдерди чыгарат. Бирок Ооганстанда шайлоонун тазалыгы күмөн жаратып келет. Андыктан депутаттардын арасында, жергиликтүү кеңештердин мүчөлөрүнүн арасында талаа командирлери, акчанын күчү менен шайлангандар көп. “Лойя Жырганын” жыйынына да ушундай адамдар келишет. Андыктан президент же өкмөт “Лойя Жырганы” өз кызыкчылыгына пайдаланып кетиши мүмкүн”, - деди ооганстандык журналист Ажмал Аанд

Ооганстанда Лойя Жырганын атактуу жыйыны 1747-жылы орун алган. Анда пуштун урууларынын башчылары Кандагарда жолугуп, тогуз күндүк талкуудан кийин падышаны шайлашкан. Ошол кезде такка отургузулган Ахмад-шах Дуррани Ооганстандын негиздөөчүсү катары саналып келет. 2002-жылы да талибдер бийликтен кулатылгандан кийин элдик курултай чогулуп, Хамид Карзайды өткөөл администрациянын жетекчиси кылып тандашкан.

Казакстан: “элбашыга” иштеген элдик жыйын

Казакстанда Түркмөнстандагыдай “Халк Маслахаты” же Ооганстандагыдай “Лойя Жырга” болбосо да Казакстан калкынын ассамблеясы аттуу сөз кылууга арзыган бир орган бар. Макаланын башында айтылгандай, 1995-жылдын март айында президент Нурсултан Назарбаев өкмөт менен тил табыша албаган парламентти таратып, Казакстан калкынын ассамблеясы түзүлгөнүн жарыялаган. Ассамблеянын алгачкы жыйынына өзү келип сүйлөп, таратылган парламентти сынга алган жана өлкөдө “мыйзамдын диктатурасы” орноп жатканын айткан.

Ошол күндөн бери Назарбаев ассамблеянын төрагалыгынан түшпөй келет. 2019-жылы президенттиктен кетсе да бул органды өмүр бою жетектөө укугуна ээ болгон.

Алгач ассамблея президентке баш ийген, кеңеш берүүчү гана орган болсо, 2007-жылы конституциялык макамга ээ болгон. Казак парламентинин төмөнкү палатасынын 106 депутатынын 9ун шайлоого мүмкүнчүлүк алган.

Нурсултан Назарбаев Казакстан калкынын ассамблеясында сүйлөп жатат, Уральск шаары, 9-март 2016-жыл.
Нурсултан Назарбаев Казакстан калкынын ассамблеясында сүйлөп жатат, Уральск шаары, 9-март 2016-жыл.

Расмий түшүндүрмөдө: “Казакстан калкынын ассамблеясы мамлекеттик улуттук саясатты ишке ашырууну, өлкөдө коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылууну жана улут аралык мамилелерде мамлекеттик жана жарандык институттардын эффективдүүлүгүн күчөтүүнү көздөйт”, - деп жазылган.

Бирок казак оппозициясынын өкүлдөрү бул орган түзүлгөндөн бери талаштуу демилгелерди көтөрүп, “элбашынын” пайдасына иштеп келе жатканын белгилешет. Мисалы 2006-жылы бул ассамблея Назарбаевди Нобелдин тынчтык сыйлыгына сунуштаган.

2015-жылы парламенттин депутаттарына кайрылып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү демилгесин көтөргөн. Көп өтпөй бул демилгени бийликтеги “Нур Отан” партиясы, андан соң парламент колдоп чыккан. Натыйжада шайлоо дайындалып, аны Назарбаев 97,75 пайыз менен жеңип келгени жарыяланган.

Казакстандык көз карандысыз саясатчы Амиржан Косанов ассамблея “өлкөдө авторитаризмге жол ачуууга курал” болуп бергенин “Азаттыкка” айтты.

“Мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду жарыялоо, президенттин мөөнөтүн узартуу тууралуу референдумдарды уюштуруу, Конституцияга демократияга шайкеш келбеген өзгөрүүлөрдү киргизүү сыяктуу демилгелерди формалдуу көтөрүп жүргөн орган. Экинчи бир маселе, парламентти бүткүл калк шайлашы керек болсо, бизде дале бир нече депутат ассамблеянын жыйынында шайланат. Бул демократиянын принциптерине каршы келет”, - деди Косанов.

Казакстан калк ассамблеясы мындай сын-пикирлерге кошулбайт. Мекеме өлкөдө улут аралык ынтымакты камсыз кылууда опол тоодой эмгек кылып жатканын көтөрө чаап келет.

Айтор, элдик жыйындар боюнча Азиядагы үч өлкөнүн мисалы ушундай. Кыргызстанда Элдик курултай конституциялык органга айланары, бул институт жогоруда айтылган мисалдардын кайсынысына окшош болору, азырынча так белгисиз. 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме жаңы Баш мыйзамдын долбоорун кеминде эки жума талкуулап, кошумча алымчаларды киргизгени жатат.

Курултайдан тышкары жаңы долбоордо президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралган. Ага ылайык, мамлекеттин башчысы аткаруу бийлигин жетектеп, беш жылдан эки мөөнөткө шайланууга мүмкүнчүлүгү болот. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн. Мындай өзгөрүүлөр коомдук-саясий чөйрөдө бийликти бир колго топтоо аракети, өлкөнүн келечегине доо кетирүү катары бааланып жатат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG