Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Баш мыйзамды өзгөртүү аракети активисттерди акцияга чыгарды


22-ноябрдагы акция. Бишкек.
22-ноябрдагы акция. Бишкек.

Бишкекте 22-ноябрда жарандык активисттер уюштурган "Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшү бир жарым сааттай убакытка созулду.

"Азаттыктын"кабарчысынын жана акцияга көз салган байкоочулардын божомолунда ага 400-500дөй адам катышты.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары темир жол бекетинин алдына чогулушту. Алар Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин айтып, ушул өңүттө кыргызча жана орусча чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүштү.

Уюштуруучулардын бири, жарандык активист Улан Үсөйүн сунушталган долбоор Кыргызстанды туңгуюкка кептеп, хандык башкарууга алып келет деп эсептейт:

Улан Үсөйүн
Улан Үсөйүн

“Бул акция үчүнчү жолу уюштурулуп жатат. Азыр референдум өткөрө турган убакыт эмес. Жаңы сунушталып жаткан “ханситуцияга жок” деп жатабыз. Анткени сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору хандык башкарууга алып келет. Ошон үчүн биз позициябызды билдирип жатабыз. Биз бул долбоорду талкуулагыбыз да келбейт. Анткени ал мыйзамсыз сунушталып жатат”.

Акцияга келгендердин арасында Жогорку Кеңештин депуттаттары, Каныбек Иманалиев, Дастан Бекешев жана “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова, Садык Шер-Нияз баштаган саясатчылар жүрдү. Президенттик шайлоодо ат салыша турганын билдирген парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев жаңы сунушталган Баш мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга алып чыгууда бир катар мыйзам бузулганына токтолду:

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

“Азыркы маалда иштеп жаткан Конституциянын 114-беренесине ылайык Баш мыйзамдын демилгечиси 300 миң киши болушу керек. Ал кол канакей? 80 депутат болуш керек эле, демилгечи экени айтылган ал депутаттардын бир бөлүгү баш тартып жатат. Мындан тышкары Венеция комиссиясы “бул парламенттин конституциялык реформа жүргүзүүгө укугу жок” деди. Биз эл аралык коомчулук менен эсептешебизби? Мындан тышкары азыркы президенттин милдетин аткаруучу да демилгечи боло албайт. Анда эмнеге конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду? Булар тез эле бийликке жетип, тез эле диктатор болгусу келип жатат. Караңгы үйдө жазылган Баш мыйзам кыргыз элине жарык тартуулай албайт. Бүгүн күн суук. Бирок бул жерге жүрөгүндө жалыны бар жаштар келди. Мен алар менен аягына чейин болом”.

Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулгандар, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка чейин жөө жүрүш менен барышты.

"Баш мыйзам үчүн!" акциясынын катышуучулары
"Баш мыйзам үчүн!" акциясынын катышуучулары

“Хандыкка жол жок!” деген ураандын алдына бириккендер жаңы сунушталган Баш мыйзам жарандардын укуктарын чектеп, эл аралык коомчулук тааныбай турган документ болуп калуу ыктымалдыгы жогору экенин айтып жатышат. Алар коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоору ишке аша турган болсо, анда бийлик бир адамдын колуна топтолуп, өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонушууда. Саясатчы, мурдагы депутат Садык Шер-Нияз азыркы бийлик өткөндөн сабак алыш керек деген ойдо:

Садык Шер-Нияз
Садык Шер-Нияз

“Президенттик башкаруунун туура эмес экенин ушул жерде, борбордук аянтта 90 бала өлүмү менен далилдебеди беле? Биз аны унуттукпу? Азыр президенттик эмес, супер президенттик, хандык Конституцияны кабыл алабызбы? Ошол эле маалда “парламенттик башкаруу өзүнүн натыйжасын көрсөтө алган жок” деген туура эмес. Мындай сөздөрдүн келип чыгышына "чимкирик" аталган Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары себеп болду. Бирок аларды Атамбаевдин бийлиги басып отуруп ушундай абалга алып келди да. Биз чыныгы парламентаризмди көрө элекпиз. Анын жемишин тата элекпиз. Ага ушул кезге чейинки бийлик жол берген жок. Бирок элдин башын айлантып парламенттик системаны жамандап жатабыз”.

“Баштан башта” деген акцияга негиз болгон Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган. Маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылып, тизмеси жарыяланды. Бирок бир нече депутат до лбоорго эмес, Конституциялык реформа үчүн кол койгонун билдирип чыгышты.

"Баш мыйзам үчүн!" акциясы ушуну менен үчүнчү жолу өттү.
"Баш мыйзам үчүн!" акциясы ушуну менен үчүнчү жолу өттү.

Коомдук талкууга чыгарылган долбоорго ылайык, президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктап, беш жылдан эки мөөнөткө шайланат, өкмөттүн курамын жана түзүмүн да өзү аныктайт. Ошондой эле долбоордо өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары Элдик курултай түшүнүгү да киргизилип жатат. Бул орган “коомдук маанилүү маселелер боюнча чечимдерди” кабыл алып, аларды мамлекеттик органдардын кароосуна киргизе алат.

Анткен менен 10-январда боло турган президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына макул эмес. Ал социалдык тармактардагы баракчаларына «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деген пикирин жазды:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

«Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө:
Бул Баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана
(албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам.
Бул Баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам», - деп жазды Жапаров.

Ал арада Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо алдындагы штабын жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов Конституциянын долбоорундагы кемчиликтерге Садыр Жапаров да каршы экенин билдирген. Анын айтымында, Баш мыйзамдын авторлору Садыр Жапаровдун мүдөөсүн так жеткире алган эмес.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

«Садыр Жапаров азыркы долбоордогу алешемдиктер боюнча макул эмес экенин байкадым. Ал курултай, президенттин мөөнөтү боюнча, сөз эркиндигине акаарат келгенине жана парламентин кээ бир укуктары түшүнүсүз болуп калганына нааразы болду. Жапаров менен Баш мыйзамдын долбоору жарыяланганга чейин да жолуккам. Ал сөз эркиндигин баалайт, президенттин диктатурасы орнобош керек экенин да билет. Эң негизгиси - Садыр Жапаров «жоопкерчиликти мойнума алам» деп жатат. Анын позициясы ушундай. Анын мүдөөсүн юристтер туура эмес жазган. Алар Жапаровду уят кылып коюшту. Же атайын кылыштыбы? Бул долбоорду талкуулаганга да болбойт. Ыргытып жиберип, кайра башынан башташ керек», - деди ал.

"Баш мыйзам үчүн!" деп аталган тынчтык жүрүшү ушуну менен үчүнчү жолу өттү. Анын уюштуруучулары Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу аракеттер ушул өңүттө өнүгө бере турган болсо келерки жумада кайрадан чогула турганын айтып жатышат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG