Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Жаңы баш прокурор эскиче иштегиси келбейт


Прокуратура жаңы ыкма менен иштегиси келет
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00

Прокуратура жаңы ыкма менен иштегиси келет

Башкы прокуратура буга чейин кыскарып кеткен же токтотулган чуулгандуу иштерге ревизия жүрүп, териштириле турганын жарыялады.

Ошондой эле башкы көзөмөл органынын жетекчилиги мамлекеттик айыптоону колдоодогу жана жарандардын арыздарын кароодогу кемчиликтерди жоюп, жаңы, натыйжалуу тартип киргизүүнү сунуш кылат.

Муну менен мыйзамдуулукту камсыз кылып, калктын ишенимин кайтарууну көздөй турганы белгиленди. Бирок талдоочулар бийлик прокуратура органын саясий союл катары пайдалануудан баш тартып, кыңыр иштерге байланыштуу шек саналган прокурорлордон тазаланмайынча, башкы көзөмөл органында системалык өзгөрүүлөр болбойт деген ишенимде.

«Арыздарга курулай жооптор жазылбайт»

Прокуратура органынын түзүлгөнүнүн 96 жылдыгына карата салтанатта башкы прокурор Курманкул Зулушев ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди мекеменин төш белгиси жана ардак грамоталары менен сыйлады. Андан соң ал прокуратура азыр башка мамлекеттик бийлик органдары сыяктуу жаңыланууга муктаж экенин айтып, буга байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизиле турганын билдирди.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев мыйзамдуулукту камсыз кылыш үчүн курулай жооптордон баш тартып, жарандардын арыздарын иш жүзүндө канааттандыруу милдети турганын айтты:

«Азыркы учурда жер-жерлерден миңдеген адамдар арызданып, Башкы прокуратурага чейин келип, менин жеке кабыл алуумда болуп жатышат. Анан биз ал арыздар боюнча териштирүү жүргүзүш үчүн райондук жана облустук прокурорлорго тапшырмаларды берип жатабыз. Буга чейин практикаланып келгендей, ишти үстүртөн карап, курулай жооп каттарды жаза салып, эптеп эле кутулуу эмес, жарандардын арыздарын терең иликтеп, текшерип, алардын көйгөйүн чечүүнүн жолдорун издеп, суроо-талабын канааттандырыш керек. Ошого карата арыздарды кароо тартиби да өзгөртүлөт. Анан «өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштын бетин ачуу паланча пайызга көбөйдү» же болбосо «мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү мынча пайызга өндүрүлдү» деген сыяктуу жалган жана жасалма отчётторду берген тажрыйбадан биз эми кетишибиз абзел. Биздин алдыбызда реалдуу кадамдарга баруу милдети турат. Бул - азыркы учурдагы коомчулуктун талабы».

Айыптоону колдоодогу практика жоюлабы?

Тергөө иштерин көзөмөлдөө жана соттордо мамлекеттик айыптоону колдоо ишинде прокурорлор негизсиз жерден адам укуктарын чектеп, басмырлаган өксүк тажрыйбаны жоюу маселеси көтөрүлдү.

Курманкул Зулушев мамлекеттик айыптоону колдоодогу эски, каралоочу ыкмаларды жоюп, негиздүү иш алып баруу зарыл экенин белгиледи:

Иштин негизи жок болсо деле прокурор айыптоону колдоп, кийинки соттук инстанцияларга сунуштама киргизе берген практиканы өзгөртүү маселеси бар.

«Прокуратура органы кылмышка шектүүнүн айыбын угузууда иште толук далилденбеген ашкере жагдайларды кошуп койгон же болбосо күнөөсү жок эле адамдарга жасалма айып койгон өнөкөттү токтотушубуз керек. Эгерде кылмышка шектүүнүн тергөө маалында айыбы аныкталбастан иши сотко келсе, анда сотто мамлекеттик айыптоону колдогон прокурор кылмыш ишин терең изилдеп, таанышып чыгып, эгерде кылмыш фактысы далилденбесе, анда айыптоодон баш тартуу же керек болсо иштеги негиздемелерге таянып, соттон актоо өкүмүн чыгарууну суроо сыяктуу укугу болушу зарыл. Болбосо, иштин негизи жок болсо деле прокурор айыптоону колдоп, кийинки соттук инстанцияларга сунуштама киргизе берген практиканы өзгөртүү маселеси бар. Биз жарандардын укуктарын чектеген, ишти создуктурган, башаламан адаттардан арылалы. Мамлекеттик айыптоо жалаң эле каралоодон турбай, иштин негизине жараша далилдерди коргоодон же баш тартуудан турушу кажет».

Катылган иштер кайра «казылабы»?

Башкы көзөмөл органы буга чейин коомчулуктун бүйүрүн кызыткан чуулгандуу кылмыш иштерин токтотууга же такыр эле кыскартууга негиз болгон тергөөгө көзөмөл иштеринин себептери териштирилип, текшериле турганын жарыялады. Буга кезинде коомчулукка дүң болуп жарыяланып, бирок аягы эмне болгону белгисиз бойдон калып кеткен коррупциялык жана кызматтык кылмыш иштери кире турганы айтылды.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нуркамал Набиев бул ревизиянын жыйынтыгы ачык жарыяланарын айтты:

Нуркамал Набиев.
Нуркамал Набиев.

«Сөзсүз түрдө ошол иштер боюнча ревизия жүргүзүлөт. Резонанс болгон ошол кылмыш иштеринин бардыгы кайрадан изилденип, сотко кете турганы сотко жиберилип, мыйзамдуу негизде кыскарган же токтоп турган иштер көзөмөлдөнөт. Бул текшерүү иштеринин жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыяланат. Ревизия учурунда прокуратура органынын кызматкерлери тарабынан ишти кароодо мыйзам бузуу фактылары аныкталса, анда аларга карата чара көрүлөт».

Бирок Башкы прокуратуранын мыйзамдуулукту иш жүзүндө камсыз кылууну көздөгөн жаңылануу аракеттери ишке ашарына коомчулукта ишеним аз. Анткени бир катар талдоочулар прокуратура бийликтин саясий союлу катары кызмат кылып, ал эми андагы кыңыр иштерге көз жуумп келген өнөкөт качан жоюла турганы белгисиз деп эсептешет.

Тазалануунун тамыры

Эксперттик кеңештин төрагасы, юрист Кайрат Осмоналиев прокуратура органдарындагы чырмалышкан коррупциянын тамырын кыркыш үчүн алгач кадрдык тазалануу зарыл экенин белгиледи:

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Бир катар прокурорлор чуулгандуу иштерде аты чыгып, коррупцияга малынганы тууралуу маалыматтар бар. Коррупцияга каршы күрөш кызматында деле буга байланыштуу материалдар жетиштүү. Мына ошол прокурорлорго карата кылмыш иштери ачылып, аларга карата люстрация колдонулушу керек. Башкы прокурор Курманкул Зулушев азыркы мезгилдеги коомчулуктун талабын туура пайдалануу менен тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашы керек. Эгерде мындай кадрдык тазалануу болбосо, анда прокуратура органында кандайдыр бир жакшы өзгөрүүлөр болот дегенге ишенүү кыйын. Анткени канча жылдан берип калыптанып калган, өз ара чырмалышкан коррупциялык байланыштардан турган прокурорлордун ушул курамы менен мамлекетте натыйжалуу ишти алып барууга мүмкүн эмес».

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев өткөн айда башкы прокурор болуп дайындалган. Башкы прокуратуранын башка жетекчилик курамы да алмашкан. Шаардык соттун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев 2013-жылы бийликти күч менен басып алууга байланыштуу шек саналган депутаттар Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган өкүм чыгарып, кийин кызматтан алынган. Курманкул Зулушев 2015-жылы «Республика - Ата Журт» партиясынан депутат болуп парламентке шайланып келген.

XS
SM
MD
LG