Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 23:28

Башкы прокурор Зулушев: Жоопкерчиликти күчөткөн башкаруу формасы тандалышы керек


Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор, конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманкул Зулушев Кыргызстан конституциялык реформа жүргүзүүдө бийлик башындагылардын жоопкерчилиги боюнча маселеге көңүл бурушу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 20-ноябрда «Азаттык» радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди:

«Бизде президенттик башкаруубу, парламенттикпи, эң негизгиси, жоопкерчиликтүү бийлик орношу керек. Кабыл алган чечимиң мамлекеттин пайдасына болсо, алкыш алышың керек, ал эми мамлекетке зыян алып келсең, анын жоопкерчилигин тартышың керек. Ошондо жоопкерчиликтүү бийлик орнойт. Баары мыйзамды бузбоого аракет кылат. Эгер сен президент же өкмөт башчы болуп туруп узурпация кылсаң же кылмыш жасасаң сөзсүз камаласың. Мына, бизде мурдагы президент отурат. Бул эреже башталды. Муну эч ким жок кыла албайт. Демек, биз коркпой, президенттик башкарууну тандап, өкмөттү жоюп, президент өкмөттүн башына келет. Ал Жогорку Кеңешке бюджетти коргоп отчёт берет, өзүнүн ички жана сырткы саясаты менен аткаруу бийлигинин ишине түз жооптуу болот».

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу коюлуп, талкууга чыгарылган Конституциянын жаңы долбоору коомдук-саясий чөйрөнүн кескин сынына кабылды. Саясатчылардын жана эксперттердин бир бөлүгү долбоорду өлкөнү туңгуюкка түртө турган мыйзам катары баалап, кайра кайтарууну талап кылууда.

Жарыяланган долбоордо президенттин укуктары кеңейери, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алары, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилери, парламент депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду жана бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты. (KJ)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG