Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Жаңы долбоордо адам укуктары боюнча берене азайды


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Кыргызстанда жаңы түзүлгөн Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү иштеп жаткан Баш мыйзамдын адам укуктары боюнча бөлүмүн өзгөртүүсүз калтырууну сунушташты.

Алар Конституциянын жаңы долбоорунда бул бөлүм чаржайыт жазылып калганын айтышты. Долбоордун авторлору дагы эле табылбай жатканына байланыштуу мындай сындарга жооп боло элек.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Мамлекеттик конституциялык түзүлүштүн негиздери, Адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери, Мамлекеттик бийликтин органдары деген үч топко бөлүнүп иштеп жатышат.

21-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы адам укуктары бөлүмүн талкуулаган топ жыйынга чогулду. Жыйындын башында эле долбоордогу адамдын укуктары менен эркиндигине кепилдик берген беренелерди ким иштеп чыкканы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун беренелерди талкуулоодон мурун анын авторлорунун оюн угуу керек деген пикирин билдирди. Анын сөзүнө караганда, Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда адам укуктары чаржайыт жазылып, беренелер да иштеп жаткан Конституцияга салыштырмалуу азайып кеткен.

«Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамда адам укуктары боюнча 16-беренеден 49-беренеге чейин жазылган. Бардыгы 33 берене. Конституциянын жаңы долбоорунда 24-беренеден 50-беренеге чейин жазылыптыр. Баш-аягы 27 берене. Колдонуудагы Баш мыйзамдагыга караганда беренелер кыскарыптыр. 1948-жылы кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жана башка декларациялардын негизинде адам укуктары боюнча бөлүм ыйык, өзгөрүүсүз болушу керек. Адам сөз эркиндигине, эс алууга, билим алууга укуктуу. Ушулардын баары өзгөрүүсүз калыш керек. Жаңы долбоордо эмнегедир өзгөртүлүп кетиптир».

Аракеттеги Конституциянын адам укуктары жазылган бөлүмүндө жалпы жоболор, адам укуктары жана эркиндиктери деген главага бөлүнгөн.

Жаңы долбоор жалпы принциптер, жеке укуктар жана эркиндиктер, саясий укуктар, экономикалык жана социалдык укуктар, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктери деген главадан турат.

Конституциянын жаңы долбооруна иштеп жаткан Баш мыйзамдагы беренелер да киргизилген. Бирок орду алмашып, аралашып калган.

Турсунбек Акун долбоордун авторлору беренелерди өзгөртүүгө жол ачкан жагдайларды түшүндүрүп берип, максатын айтыш керек деп эсептейт. Анын пикири боюнча, кандайдыр кемчиликтер, мыйзамдагы карама-каршылыктар гана беренелерди өзгөртүүгө негиз болушу керек.

«1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциядан ушул убакытка чейин адам укуктары боюнча бөлүм өзгөртүлбөй келатат. Ушул беренелер эл аралык институттардын, адам укугу боюнча конвенциялардын, эң негизгиси Венеция комиссиясынын талаптарына жооп берет. Эми азыр өзгөртүлгөн беренелер ошол талаптарга жооп береби же жокпу? Менин пикиримде жооп бербейт. Конституциянын долбоору дагы сынга кабылат. Ошондуктан бул беренелерди өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок. Эгерде өзгөртө турган болсо бизге түшүндүрүп беришсин».

Ушундай эле демилгени Конституциялык кеңешменин дагы мүчөсү, көз карандысыз эксперт Гүлмира Маматкеримова көтөрдү:

Гүлмира Маматкеримова.
Гүлмира Маматкеримова.

«Биз азыркы Конституциянын кандай кемчиликтери бар, андагы адам укуктары боюнча бөлүмдөн эмне себептен баш тартып жатканыбызды билишибиз керек. Азыр мунун баары белгисиз болуп жаткандыктан жаңы беренелерди талкуулоого болбойт. Ал эми анын авторлору ким экенин жалпысынан биз билебиз да. Алар өз көз караштарын жылдырып жатышат. Бирок ал Кыргызстандын жарандары, башка да күчтөр менен макулдашуудан өтүш керек. Болбосо ал туруктуу болбойт. Себеби, биз өлкөдө бир айда иштебей кайра өзгөртүлгөн Конституцияны да көргөнбүз».

Жыйынтыгында Конституциялык кеңешменин адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери боюнча түзүлгөн топ жаңы долбоордун адам укуктары боюнча беренелерин талкуулаган жок. Кийинки отурумга мыйзамдын авторлорун чакыруу боюнча сунуш берилди. Бирок бул секциянын жетекчиси Нурлан Шерипов долбоордун авторлору дагы деле белгисиз экенин айтты.

«Өзүңүз билип турасыз да азыр «мен автормун» деген эч ким болбой жатпайбы. Ошондуктан концепцияны көрсөтүп, түшүндүрүп берчү кишини табыш кыйын го дейм».

Конституциялык кеңешменин адам укуктары боюнча маселени караган топтун мүчөлөрү бул бөлүм Баш мыйзамдын негизин түзөрүн, ал жакшы талкуудан өтүшү керектигин билдиришти. Алар жаңы долбоордо адам укуктары боюнча мыйзамдар менен жөнгө салына турчу маселелер деле Конституцияга жазылып, чаржайыт болуп калганын эскертишти.

Кеңешменин дагы бир мүчөсү Асанбек Сарыбаев «долбоордун автору катары кимди чакырабыз?» деген маселе көтөрүлгөндө мындай деди:

«Менде сунуш бар. Сакалдуулардан деп Турсунбек Акунду эле шайлайлы. Зулпуевдин (Бектур Зулпуев) телефонун таап бергиле ал ошону эле чакырсын. Ошол «эметкен». Чалып туруп «Кеңешменин мүчөлөрү чакырып атат келиңиз» деп коюңуз. Анан келип айтып берсин. Конституцияда бири-бирине каршы келген беренелер бар экен. Мисалы, 11-23-беренелерди карагыла. Жалпыга маалымдоо каражаттары, цензура тууралуу сөздөр жүрөт».

Адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери cекциясындагы талкуу. 21-ноябрь, 2020-жыл.
Адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери cекциясындагы талкуу. 21-ноябрь, 2020-жыл.

Асанбек Сарыбаев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпуев тууралуу айтып жатат. Зулпуев 18-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө долбоордун автору эмес экенин айтып, ишендирүүгө аракет кылган. Жана Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору мыйзамдын демилгечилери 80 депутат экенин айткан.

Деген менен Жогорку Кеңештин депутаты, конституциялык кеңешменин мүчөсү Акылбек Жапаров 20-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Конституциянын жаңы долбоорун президенттин аппараты менен өкмөт иштеп чыкканын шардана кылган.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Президенттик администрация, Юстиция министрлиги, өкмөт иштеп чыккан экен. Иштеп чыккандар катары юристтер алып чыкты. Бирок башында, кечээ күнү деле интервьюсу болду, Садыр Нуркожоевич өзүнүн ой-пикирин айткан экен. Ошол ой-пикирлер бул Конституцияда бар. Аткаруу бийлигинин башында президент болсун, сот бийлигин көз каранды эмес кылалы деген аракеттер. Анан парламенттин депутаттарын 120 эмес 90 кылалы да 35и жергиликтүү (бир мандаттуу) шайлоолордон өтсүн, калган 55и партиялык тизме менен өтсүн деген».

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн билдиришти.

Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

XS
SM
MD
LG