Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Коомдогу жоопкерчиликти кантип бекемдейбиз?


Демократия жана жоопкерчилик сөз эркиндигинен башталат.
Демократия жана жоопкерчилик сөз эркиндигинен башталат.

Демократияны чаржайыттык, анархиялык кырдаал катары жаңылыш аңдагандар аз эмес. Чын-чынында, “демократия” менен “тартип” түшүнүктөрү бири-бирин толуктап турат. Публицист Жолдош Турдубаевдин кезектеги блогу.

“Демократия” менен “тартипти” бири-бирин жокко чыгарган түшүнүктөр деп ойлогондор көп. Буга 30 жыл соӊку аралыгында демократиялык ураандарды бетке кармап, мыйзамды каалагандай бурмалап, уурулукту, талоончулукту актаган саясатчылардын жоопкерсиздиги себеп болду.

Эркин жашагыӊ келсе, мыйзамга баш ий.

(Байыркыдан калган кеп)

Бизде демократия бар беле?

Азыр көпчүлүк жакшы деп ойлоп калган президенттик башкаруунун тушунда деле демократиялуу мамлекеттин атрибуттары (расмий таанылган символдору, белгилери): мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги жана сот бийлиги бар эле. Бирок "тартипти, мыйзамдуулукту бекемдейин десем, депутаттар туш тараптан жыра тартып, иштетпей жатат" деген шылтоо менен биринчи президентибиз Аскар Акаев Баш мыйзамды өзү каалагандай өзгөрттүрүп алган болчу.

Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыгы менен кеӊейтип алгандан кийин мыйзам чыгаруу бийлиги ага толук көз каранды болуп калды. Ошентип, Жогорку Кеӊеш чөнтөк парламентке, соттор саясий буйруктарды аткарууга дайым даяр турган куралга айланды. (Сот бийлиги тоталитардык мамлекеттегидей башынан эле Биринчинин ыктыярынан чыкпай көнгөн экен.)

Азыр көпчүлүк "ушинтсек сонун болот" деп ойлогон бир мандаттуу шайлоонун шары менен далай чыр-чатактар чыккан. "Жаман да болсо биздин бала шайланышы керек" деп жаалдангандар элдин ыркын кетирип, бир айылдын калкы экиге, үчкө бөлүнүп калган учурлар болгон.

Жогорку Кеӊешке шайланып келгендер да ар кимиси өзүнүн туугандарын, ашып барса “кичи мекенин” гана ойлоп, жек-жаатчыл, уруучул, жердешчил мамилелер жалпы мамлекеттик мүдөөдөн жогору коюлуп калган.

Ара туулган партиялар, арабөк калган парламентаризм

Түндүк-түштүк деп бөлгөн саясий бузукулук өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетиргидей чекке жеткенде, бир катар саясатчылар партиялык системаны куруу зарыл экен деп чыгышты. Мисалы, Жогорку Кеңешке келиш үчүн партия ар бир аймактан жетиштүү сандагы добушка ээ болушу керек деген талап абдан туура коюлган.

Адамдарды жердештик, уруулук симпатиясы боюнча эмес, жактаган идеясы, тутунган эрежелери боюнча бириктирген партиялар адилеттүүлүгү, иш билгилиги менен элдин сый-урматына жетиш үчүн мыйзамдуу жол менен атаандашса, трайбализмдин таасири азайып, бара-бара жалпы улуттук биримдик бекемделе берет деген идея элдин баарына жетпесе да, калктын кайдыгер эмес катмарын кызыктырган.

Тилекке каршы, партиялардын эмне үчүн керектигин, нагыз парламентаризм деген эмне экенин калың калк түшүнгөн жок. Шайлоочулар кооз убадаларга, дүӊгүрөк ураандарга алданды.

Эч бирине ишенбегендер эч болбосо курсакты бир кампайтып алалы дегенсип, добушун сатты. (Айтмакчы, бул жосун азыр макталып жаткан президенттик бийликтин тушунда кеӊири жайылып, далай чатактарга себеп болгон. Аскар Акаев "талапкерлердин акчасын алгыла, бирок өзүӊөр кимди жактасаңар, ошого добуш бергиле" деп, элди эки жүздүүлүккө үндөгөн).

Ички иретин саясий лөктөр өздөрү билгендей өзгөртө берген партиялык тизме калайыкты иренжиткен эӊ ыплас бизнеске айланды да, мунун айынан парламентаризм жана демократия идеясы жаманаттыга калды.

Революциялар эмне үчүн үмүттү актаган жок?

Президенттин бийлигин чектеп, башкаруудагы тең салмактуулукту камсыздайбыз деген ураан менен адегенде К. Бакиев да кошулган кыймыл, анан А. Атамбаев да кошулган кыймыл 2005- жана 2010-жылдары эки төңкөрүш жасашты. Бирок бийликке келген соң, К.Бакиев да, А.Атамбаев да иш жүзүндө президенттин ыйгарым укуктарын каалагандай кеӊейтип, жеке бийлигин бекемдеп алууга жетишти. (Орто аралыкта Роза Отунбаева демократиячыл нукта башкаргандыгын кошумчалай кетели).

Президенттин туура эмес, атүгүл мыйзам бузган чечимдери үчүн өзү жооп бербей, өкмөт башчы сары улактай садага чабылган адат өлкөдө сакталып кала берди. Буга элдин саясий аң-сезими менен укук маданияты өнүгө электиги өбөлгө түздү. Бирок бүгүнкү арасат абалдын эӊ башкы себепкери - дал ушул парламентаризм ураанын чакырып чыгып, иш жүзүндө нагыз парламенттик башкарууга жеткирбестен, жалпы элди алдаган бийлик башындагылар болду.

Муну парламент да талап кылган жок, анткени “эл өкүлдөрүнүн" президентке көшөкөр болгон басымдуу бөлүгүнө дал ушул жоопкерсиздик абалы майдай жакты. Бийликтеги партиялар ар кайсы “май-талкандуу” кызматтарга жемейден башканы билбеген “өз кишилерин” койдуруп жатты. ЖЭБге байланышкан эбегейсиз ысырапкордук үчүн аткаруу бийлигин туура эле айыптап, бирок аны оӊдой турган компанияны тандоого өздөрүнүн да катышы болгонуна депутаттар уялып койгон жок...

Президенттин жеке басар бийлигин чектеш керек деп дайыма айтып келген Ө. Текебаев да 2010-жылдан кийин саясий оюндардын кумарына ашыкча азгырылып, А. Атамбаевдин кыйыр "союл чабары" болуп алганын өзү да байкабай калды... Аны Маевский деген чылгый алдамчынын жалаасы боюнча эмес, дал ушул парламентаризм идеясын ырааттуу ишке ашырбай, элге жаманатты кылып койгону үчүн, демократия – бул жоопкерчиликсиз немелердин эле баш оорутмасы турбайбы деп ойлоп калышына себепчи болгону үчүн А. Атамбаев ж.б. дөө-шаалар менен бирге моралдык соттосо жарашмак.

Бир эле Текебаев эмес (ал факт жүзүндө өз “мөөнөтүн” толугу менен отуруп чыкты), элдин ишенимин актабай, демократиянын баркын кетирип, мыйзамдуулукка каршы “иштеген”, мамлекеттүүлүктүн начарлашына “салым кошкон” “азаматтардын” баары пропорциялуу түрдө моралдык жоопко тартылса, туура болмок.

Мына үчүнчү төңкөрүш да болду. Эгер эми шайланып келчүлөр утурумдук бийлигине эле маашырланбай, мөөнөтү маалындагы жана ал бүткөндөн кийинки жоопкерчиликти да ойлосо, биринчи кезекте сот реформасын ишке ашыруусу зарыл.

Эгерде бийликтин бул бутагынын реалдуу көз карандысыздыгын жана мыйзамдардын ырааттуу сакталышы үчүн катардагы жарандардан ашыкча, автоматтык түрдө аныкталгыдай жоопкерчилигин камсыздабаса, анда Кыргызстандагы соттор авторитардык өкүм жүргүзчү президенттин эӊ коркунучтуу куралы бойдон кала берет.

Эч бир чечими, иш-аракети үчүн жоопкерчилиги болбой турган жеке адамдын чексиз бийлиги орнойт да, мунун азабын эл тартат. Акыры чексиз бийлик, арийне, башкаруу тизгинин жеке басар ээлеген кишинин өз башын да жутпай койбойт...

(Келеркиде “Жеке адамдын диктатурасы керекпи же мыйзамдынбы?” деген суроону талкуулайлы. Ой-пикирлерди эмитен эле бөлүшө берсеӊиздер болот.)

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG