Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:16

Кош маанилүү "Сен кимсиң?!." деп опурулуу жөнүндө бир ооз сөз


Бектур Зулпуев, Кыргызстандын Президентинин Аппаратынын башчысынын орун басары (солдо), жана Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси, “Азаттык Медианын” студиясындагы талкуу маалында. 2020-жылдын 18-ноябры.

Башмыйзам долбоорун талкуулоо жүрүмү кээде кайым айтышуу менен коштолууда. Эмесе, кескин сөздөргө түрткөн жагдайларды биргелешип түшүнүүгө аракет кылалы. Жолдош Турдубаевдин блогу.

Кыргызстандагы Конституцияны өзгөртүү (же, тагыраагы, алмаштыруу) демилгесин көтөрүп чыккандардын бири болгон Бектур Зулпуевге депутат Өмүрбек Текебаевдин:

- Силер кимсиӊер?! Эч ким эмессиӊер! – деп ачууланганын азыр элдин баары кеп кылып жаткан кез. Бул сөзү үчүн кечирим суратуу керек деп эсептегендер бар. Ал түгүл ушундай талап менен анын кеӊсесине баргандар да болуптур.

Эмесе, чырдын чыгышына апкелген жагдайды биргелешип түшүнүүгө аракет кылалы, урматтуу окурмандар.

Керек сөздү келин айтат, бирок...

“Сен кимсиӊ?!” – деп сураган учурга башка бир мисалды кыстара кетейин. Быйыл Жогорку аттестациялоо комиссиясынын жылдык жыйынында Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун деректири Эмилбек Каптагаев сөзгө чыгып, кыргыз илиминин жакшы өнүкпөй жатышынын бир катар себептерин айтты.

Анын кебин жактырбай, маркум академик Жаныбек Шаршеналиев:

- Илимдин өнүгүүсүнө тиешелүү маселелерди бул жерде айтып чыккыдай сиз кимсиз?! Буларды сөз кылыш үчүн кеминде илимдин доктору болуш керек эмеспи, илимий даражаӊыз кандай?! – деп зекиген болчу.

Эмилбек Каптагаев илимдин кандидаты экендигин, бул чөйрөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү көптөн бери иликтеп келгендигин айтып, буларды сөз кылууга эч кандай наам-даражага жетише элек жаш окумуштуулар деле акылуу экенин эскертти.

Албетте, кантсе да илимпоздор болгондуктан, талаш-тартыш маданий чектен чыкпай, ал жердеги кагылышуу ордунда эле жөнгө салынды. Академиктин эмне үчүн ачууланганын да түшүнсө болот (бирок толугу менен колдоого болбойт). Эмилбек Каптагаев да эмоцияга алдырган жок.

Тилекке каршы, саясатчыларыбыздын деӊгээли мындай эмес. “Сөз билбеген муштуму менен коркутат” дегендей, булар ар кандай дооматка каршы жүйө келтирип, өз чындыгын ишеничтүү далилдештин ордуна дөөгүрсүп, омуроолой баштайт. Алардын кабак-кашына караган баёо фанаттары кимди болбосун акарат кылып, опузалап, ал түгүл “тумшугун канжалатууга”, “башын алууга” жулунуп турат.

“...и другиенин” ичинде кимдер бар?

Илгери, Советтер Биримдигинин доорунда, Алматыда казак жазуучулары кыргыз калемдештери менен бир жыйынды чогуу өткөрүп калган экен. Эки элдин адабий карым-катышы тууралуу баяндама жасаган Муктар Ауэзов биздин Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбеков баш болгон дөө-шааларды санап келип, “...жана башка акын, жазуучулардын чыгармаларын казак окурмандары дайыма окуйт” деген окшойт.

Жыйынга катышкан айтылуу Мидин акын М.Ауэзовдун сөзүнө мындайча куудулдана жооп узатып:

- Мухтар ага, жанагы сиз айткан “...жана башкалардын (“и другие”) ичинде мен да бармын! – деп күлдүрүптүр.

Ө. Текебаевдин “Эч ким эмессиӊер!” дегенин ушул мисалга салыштырсак, чын эле мамлекеттин, улуттун тагдырын аныктай турган Баш мыйзамды алмаштыруу ишине тикелей аралашканга Бектур Зулпуевдин ыйгарым укугу барбы?

Айрыкча аткаруу бийлигинин айдагына баш ийип берген парламенттин учурдагы жалтак, ээрчиме, оома абалынан пайдаланып, опуртал чечимди тышкарыдан таӊуулаган тышкы субъекттердин жосунуна депутаттын ачууланганын туура эле түшүнүү керек.

Ө. Текебаев талкуу маалындагы өзүнүн кескин сөзүндө болгону ар ким өз ордун билиши керектигин эскертти деп санайм (жогорудагы тасманын 17:58-мүнөтү). Керкисинде да, кемигинде да...

(Айтмакчы, Өмүрбек Текебаевдин саясий ишмердигин да сындагандар көп, айрым катачылыктары жөнүндө мен да жазганмын. Мындан кийин деле сындай бериш керек. Бирок талаш-тартыш маданиятын сактоого баарыбыз аракет кылбасак болбойт).

Президенттин аппаратынан келген киши Баш мыйзам боюнча талкууга “жана башкалардын” бири катары гана катыша алат эмеспи. Анын талкууга катышкан башка жарандардан өзгөчөлөнгөн ыйгарым укугу жок.

Ким болбосун, Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланса, эртеӊ жооп берип калаарын ойлошу, б.а. өзү “ким экенин”, өз ыйгарым укугун жакшыраак билиши керек.

“Адам-падам эмес экенсиӊ!”

Айылда бир аксакал кимдир-бирөөгө катуу нааразы болсо, ушинтип тилдечү экен. Азыр бир караганда акараттай көрүнгөн, бирок мааниси абдан туура башка бир сөздү эстейли.

Тунгуч Президент Аскар Акаевдин жерди жеке менчикке берген саясатын ошол кездеги айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Бекболот Талгарбеков ишке ашырган эмес беле.

Ошондо бул демилгеге катуу каршы тургандардын бири Чоюн Өмүралиев гезитке “Талгарбеков – адам эмес” деп макала жазган. Чоюн агай Талгарбековду жерден алып, көргө сала акарат кылгандарды сот жообуна тартыш керек дегендерге ушундай жооп бериптир.

“Талгарбеков – катардагы жаран эмес, мамлекеттик жооптуу кызматкер, саясий ишмер, коомдук инсан. Анын адамдык укуктарын эмес, биринчи кезекте ар бир сөзү, чечими мамлекеттин тагдырына чоӊ таасир эте турган жоопкерчилигин эске алышыбыз керек. Ал биринчи кезекте адам эмес, мамлекеттик кызматкер!” – деген эле автор (сөзмө-сөз эмес, мааниси боюнча эсимде калганын келтирип жатам).

Демек, биз бүгүнкү бийлик башындагыларды, аткаминерлерди да ар кандай сын пикирлерге сабырдуу мамиле кылгыла дешибиз керек.

Коомдук-саясий пирамиданын чокусун карай канчалык жогорулаган сайын адамдын жоопкерчилиги да ошончолук катуу болууга тийиш. Тилекке каршы, бизде укук менен милдетти, эркиндик менен жоопкерчиликти теӊдештирип тургудай калыстык сакталбай келет.

Айрыкча, өлкө президенти эч бир чечими үчүн жоопкерчилик көтөрбөй, анын ордуна премьер-министр сары улактай садага чабылып, кызматтан айдала берип, 30 жылда отуздай өкмөт башчы байпактай алмаштырылды.

Баш мыйзамдын жакында сунушталган жаңы варианты боюнча да Президенттин жоопкерчилиги каралбай калыптыр. Сот бийлигинин мыйзамга гана баш ийген көз карандысыздыгын камсыздоо жөнүндө да эч бир жобо киргизилбептир. Мейли, Садыр Жапаровдун ниети түз, көздөгөн максаты жакшы деп ишенели. Бирок эгер ал сын айткан кишини эле баса калчудай болгон фанаттарына таянса, анда өлкө алыс бара албайт!

Азыркы сунушталышына караганда, негизинен кошоматчылар үстөмдүк кылышы толук ыктымал болгон курултай элге да, бийлик башындагы кишиге да кесепетин тийгизбей койбойт.

Бийлик башындагы киши мактап-жактагандардын баарын эле дос деп, сындагандардын баарын эле кас душман деп ойлосо, катуу жаӊылышат. Чын ыкластан жактагандардын деле кээ бирлери, айрыкча билимсиз, турмуштук тажрыйбасыз, эмоционалдык интеллекти жетилбей кала бергендери С. Жапаровдун өзүнө чоӊ зыян келтирер чечимине шыкакчы болуп калышы ыктымал.

Тескерисинче, эгер Садыр Жапаров сынчыл көз караштагы мекендештеринин арасынан эӊ акылдуу, билимдүү, калыс, намыстуу кишилердин сөзүнө кулак салса, өзүнүн омурткасын омкоргудай, кесепети жалпы улутка тийгидей кадамдардан сактана алат.

Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

Ким болуу керек?

(Сөз соӊу)

Садыр Жапаровдун ким болгонун, азыр ким экенин билебиз (ырас, ар кимибиз ар башкача даражада – бул табигый эле көрүнүш). Эртеӊ ал ким болот? Президент болуп шайлануу мүмкүнчүлүгү чоӊ, алдыга чыккан үчтүн бири ушул.

Эгер ал өзү факт жүзүндө аткаруу бийлигин да, мыйзам чыгаруу бийлигин да, сот бийлигин да жеке өзү мыкчыган хан эмес, туруктуу, өркөнчүл (цивилдүү) өнүгүү жолуна түшкөн демократиялуу өлкөнүн башчысы болом десе, анда эмоциясын тизгиндеп, катардагы пенделердей жаакташуудан карманышы зарыл. Ал өзүнүн кайсы бир чечимдерин колдобогон башка пикирдегилерди акарат кылып, эч сөз ылгабай калган А. Атамбаевдин өрнөгүн албашы керек.

Эгер Садыр Жапаровдун жактоочулары анын чыныгы улут лидери болушун кааласа, ага “найпар кызмат кылуудан” (медвежья услуга) сактанышы абзел.

Президент болобузбу, катардагы эле жаран болобузбу, эӊ башкысы, АДАМдык бийик касиетти жоготпойлу!

Жолдош Турдубаев,

публицист, журналист.

Автордун пикири "Азаттыктын" редакциялык көз карашын чагылдырбайт.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG