Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

Жемкорлугубуздан башканы айтканга эркинсиз!


"Кара кутудан" кайдагы эркин сөздү укмакпыз?
"Кара кутудан" кайдагы эркин сөздү укмакпыз?

“Күлкү кербендин” кезектеги шиңгилин сөз эркиндиги тууралуу азилдер түздү. Алардын айрымдары СССРде жаралса, кайсы-бири азыркы маалда чыгарылган сыяктуу.

* * * * *

Албетте, сизде сөз эркиндиги деген укук бар, бирок жемкордугубуз жөнүндө өтө эле көп фактыны билчү болсоңуз, анда оозуңузду төөнөп коюуга биз да эркинбиз.

* * * * *

Демократиянын туулган жери –– байыркы Грекия болгонун билебиз, бирок анын өлгөн жери –– ошончо мамлекеттин ичинен биздин өлкө болуп калгандыгы өкүнтөт.

* * * * *

–– Жолдош Иванов, деги өзүңүздө, мындайча айтканда, өз алдыңызча пикириңиз барбы?

–– Албетте, бар, жолдош парторг. Бирок мен андай бейбаш пикирлерди таптакыр колдобоймун.

* * * * *

–– Деги демократия эмне экенин түшүнөсүзбү?

–– Ооба. Бул –– иш-аракеттен –– сөздүн эркиндиги, абийирден –– иш-аракеттин эркиндиги жана өкүнүүдөн –– абийирдин эркиндиги.

* * * * *

* * * * *

–– КМШ өлкөлөрүндө сөз эркиндиги калыптанды. Мисалы, ар ким эле өзүнүн журт башчысы тууралуу кашкайган чындыкты айта алат, бирок ал мындай сындан соң эч кандай кесепетке кабылбайт.

–– Болуптур, ага эч залал тийбейт дейлик, бирок берки сын айткандын тагдыры кандай болот?

* * * * *

Ооба, ушул өлкөдө сөз эркиндиги бар экени шексиз, бирок эркин сүйлөп алгандыгыңыз үчүн эркиндикте кала беришиңизге ким кепил боло алат?

* * * * *

(TT)

XS
SM
MD
LG