Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Рейган жапондорду жана Горбачевду кантип күлдүргөн?


АКШнын 40-президенти Рональд Рейган.
АКШнын 40-президенти Рональд Рейган.

«Күлкү кербени» түрмөгүнүн бул чыгарылышында АКШнын 40-президенти, республикачылардын өкүлү Рональд Рейган (06.2.1911 — 05.6.2004) тууралуу жана ал өзү айткан саясий азилдер камтылды.

* * * * *

Бир жолу АКШнын президенти Рональд Рейган Жапонияга сапарга аттанат да, ал жерден дарс окуйт.

Өзү да элди күлдүрүүгө маш, чукугандай сөз тапкан Рональд Рейган угармандарын жандантыш үчүн бир тамаша кеп айта салат. Котормочу бир нерсе деп которот.

Калайык кыраан каткы болуп эле күлүп жатып калат. «Сөздөрүм элге жакты» деп Рейган да маашырланат.

Дарс бүткөн соң Рейган жапон котормочусуна терең ыраазычылыгын билдирип, сөз оюну камтылган бул татаал тамашаны жапондорго кантип которгонуна кызыгат.

Саал ыңгайсыз боло калып, котормочу агынан жарылган экен:

«Билесизби, мен азилиңиздин эч нерсесин которгон жокмун. Аларга жөн гана сизди «ушул жерден тамашага чалган бир сөздү да кошуп койду» деп айткан элем».

* * * * *

Рейган өзү калайыкты кыраан каткы күлдүргөн советтик анекдоттордун бири 1988-жылы 28-мартта видео тасмага түшүрүлгөн.

Президент Рейган «совет жарандарынын юмордук сезими мыкты жана алар өздөрүнүн саясий системасын курч сынга ала алышат» деп алдын-ала баса белгилөө менен төмөнкү азилди ортого салат:

СССРде автоунаа сатып алыш үчүн он жыл бою кезекте туруш керек. Ал эми автоунаа үчүн акчаны алдын-ала төлөп коюу зарыл.

Бир советтик кардар келип, алдын-ала акча төлөгөн соң, ага кызматкер мындай дейт:

- Абдан жакшы! Эми автоунааңыз үчүн он жылдан кийин келиңиз!

- Эртең мененби же кечкурун келейинби?

- Эми он жылдан кийин болгон соң, сизге кандай айырмасы бар?

- Жөн эле... бирок он жылдан кийин эртең менен үйүмө сантехник келет, ошону эле эскертип айтайын дегем! (Well, plumber is coming in the morning!)

* * * * *

1980-жылдардын этеги. Президент Рейган айткан башка бир анекдот.

«Бул анекдотту Михаил Горбачевге айтсам, ал өзү да каткырып жиберди» деп алгач сөз баштап, президент Рейган өзүн угуп жаткан калайыкка төмөнкү азилди сунуш кылган:

Орус (советтик киши) менен америкалык «Эркиндик деген эмне?» деген суроо боюнча талашып калышат.

Америкалык:

- Мен Вашингтондогу Ак Үйгө келип, үстөлдү өктөм чаап туруп: «Президент мырза, мага сиздин өлкөнү башкарган усулуңуз эч жакпайт!» деп айта алам.

Орус (советтик киши):

- Мен деле!..

- Чын элеби?

- Ооба! Мен Маскөөдөгү Кызыл аянтка келип, Кремлге кирип, КПСС БКнын баш катчысынын үстөлүн тарс эттире чаап, ачуулана айта алам: «Жолдош баш катчы! Мага Рейган АКШны кантип башкарып жатканы таптакыр жакпай турат!»

Роналд Рейган менен Михаил Горбачев. Женева. 19.11.1985.
Роналд Рейган менен Михаил Горбачев. Женева. 19.11.1985.

* * * * *

Рейган айткан кезектеги анекдот.

Совет өлкөсүндө 7 үй-бүлөнүн дээрлик бирөөндө гана автоунаа бар. Ал эми бюрократтар өкмөттүк машинелерди колдонушат. Алардын айдоочусу болот.

Бир ирет МАИга буйрук чыгыптыр: «Автоунааны катуу ылдамдыкта айдагандардын баары тең токтотулуп, жазага тартылсын! Ар бир айдоочу жазага тартылсын!»

Ошол күндөрү Горбачев Кремлден өз дачасына лимузин менен жөнөп калат. Ал өз айдоочусуна:

- Сен артка отургун, бул жолу машинени мен айдайын!

Аларды көргөн мотоциклчен эки МАИчинин бири машинени кубалап жетет да, берки кесиптешине кайтып келет:

- Тигилерге акчалай жазанын дүмүрчөгүн тапшырдыңбы?

- Жок.

- Эмнеге?

- Өтө маанилүү киши артында отурган экен!..

- Деги ким экен?

- Анысын эч аныктай албай койдум, бирок анын айдоочусу Горбачевдун өзү экен!

* * * * *

(Ар кыл Интернет булактарынан топтолуп, кыргызчага которулду).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG