Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Мурдагы президентиңерге койондой окшош тура!


"Күлкү кербендин бул чыгарылышында казактардын заманбап саясий азилдеринин бири - музейде башы чаташкан чет элдик конок тууралуу анекдот сунушталат.

* * * * * * *

Чет өлкөлүк коноктордун жоон тобу Астанага келгенде, аларды өлкөнүн туңгуч президентинин өмүр жолу менен тааныштырган музейге алып барышыптыр.

Музейди кыдырып чыккан конокторго жол көрсөткүч адаттагы суроосун узатты:

– Демократиялык өнүгүүбүз тууралуу музейибиз жактыбы?

– Абдан жакты!..

– Эми кандай сурооңуздар бар?

– Бир гана таң калган жерим бар: ошо СССР кулай электе шайланган туңгуч президентиңер негедир 2018-жылы бийликте турган президентиңерге аябай окшош экен, тим эле куюп койгондой! – дептир өлкө тарыхын үстүрт билген бир конок.

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG