Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Тендерди ким жеңет?


Баягы эле казак коррупциясы тууралуу тамаша баян.

Казак бийлиги жаңы ордо шаар Астанада чо-оң жана коо-оз имарат куруу үчүн эл аралык тендер жарыялайт.
Бир түрк ишкер тендерге катышканы келет.
- 3 миллион долларга сонун имарат куруп берем.
Бир фин келет.
- 6 миллион доллар берсеңер эле мыкты үй салып берем.
Бир “жаңы казак” ишкер келет.
- Болгону 9 миллион долларга үлкөн жане адеми имарат курам гой.
- Ой бай а-ау, сендер кызыксыңар гой. Түрк менен фин минтип жатса, асманды айтасың да! – дейт тендерди уюштуруучу министр тигини жактырбай.
- Ой агатай, оболу мени тыңдасаң. 9 миллиондун 3 миллионун дароо сизге санап берем гой.
- Анан?
- Анан 3 миллионду өзүм алам.
- Тигини, тигини! А берки үлкөн үйдү кантип курасың, анда?
- Жарасы жеңил. Түрк тууганга калган 3 миллионду берсек, жакшылап куруп берет да!

* * * * *
XS
SM
MD
LG