Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Эл курсагын тойгузам! Нураке жөнүндө азилдерден кезектеги шиңгил


Нурсултан Назарбаев. 21.10.2011.
Нурсултан Назарбаев. 21.10.2011.

Казак президенти тууралуу мактоолор, сындар гана эмес, ар кыл такмазалар, азилдер, шакабалар өз элинде көп айтылат. Алардын кезектеги шиңгили.

* * * * * *

1947-жыл. Ала-Тоонун тескейинде бир дөбөдө кой жайган кичинекей Нураке курсагы ача түшкөндө кыялдана кетти.

- Чоңойсом элеби, карап тургула! Бизге президенттик кызматты киргизем жана эл башы болуп алган соң, элимдин кардын өлө тойгузам!

...Баарын, баарын... сонун жомокко тойгузам!

* * * * * *

Нураке элге кайрылды:

- Алдыдагы президенттик шайлоо сөзсүз түрдө эркин болот!

- Буга чейинкилер анда кантти эле? – деп эл ойго батты.

* * * * * *

Мажилистин депутаттарынын тобу көшөкөрлөнгөн сунушту бир ооздон киргизишти:

- Эгемен өлкөбүздүн туңгуч эл башысын тиги дүйнөдө да өзүбүздүн алмашкыс президентибиз кылып бул жактан эле тастыктап алалык, боордоштор!

* * * * * *

Сара апа эри Нуракени колтукка түрттү:

- Ушу жаштар кээде аксакалдарга да туура жол көрсөтүп ийишет, озунган жубарымбектер!

- Эмне болуп кетиптир?

- Тиги Бакыдагы Гейдардын баласы вице-президент кылып өз келинчегин шайлап алыптыр гой!

* * * * * *

TT

XS
SM
MD
LG