Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Талант Мамытов шайлоо алдында коопсуздукту камсыздоону күчөтүүнү тапшырды


Талант Мамытов, Рыскелди Мусаевди жана Максат Мамытканов.
Талант Мамытов, Рыскелди Мусаевди жана Максат Мамытканов.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана өлкөнүн вице-премьер-министри Максат Мамыткановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Анда белгиленгендей, кездешүүдө чек ара жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана шайлоо алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чаралары талкууланды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев республиканын чек ара аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кошуу иш-чаралары боюнча маалымат берди. Ал коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү иштери улантылып жатканын билдирди.

Рыскелди Мусаев шайлоо алдында укук коргоо органдарына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда уюштуруу боюнча республикалык штабдын учурдагы жасап жаткан иштери жөнүндө кеп салды. Мамытканов өлкө аймактарында бир катар көчмө жыйындар өткөрүлгөнүн, жыйынтыгында жергиликтүү бийликтерге жана ишке тартылган мамлекеттик органдарга шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, болушу мүмкүн деген мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча тапшырмалар берилгенин тактады.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов президенттик шайлоону уюштуруу, шайлоо учурунда коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү аракеттеринин алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана мерчемделген бардык иш-чараларды өз убагында жүзөгө ашыруу зарылдыгына көңүл бурду. Ал мамлекеттик органдар шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздап, шайлоо мыйзамдары бузулган учурларга өз убагында чара көрүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле жумушчу жыйындын жүрүшүндө ишкерлерди жана чет элдик инвесторлорду, жарандарды жумуш орундары менен камсыздаган ири ишканаларды коргоо маселеси көтөрүлдү.

Бизнес-коомчулугу жана инвесторлор менен өз ара байланышты күчөтүп, укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерден аларды коргоо жана деструктивдүү элементтердин кысым көрсөтүүлөрүнө жол бербөө зарылдыгы белгиленди.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.(ErN)

XS
SM
MD
LG