Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

УКМК саясатчы Бектур Асановду адамдардын эмоциясы менен ойнобоого чакырды


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун тарапкерлери деп эсептелген тараптардан агрессивдүү постторго жана социалдык түйүндөрдөгү коркутууларга байланыштуу чакырыктар жөнүндө билдирме таратты.

Мекеме бул жөнүндө президенттикке талапкерлигин жылдырган Бектур Асановдун сөзүн өзүнчө белгилеп, аны ашыкча эмоционалдуу деп баалаган. УКМК мындай билдирүү социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кадыр-баркына шек келтирет, коомчулукта нааразылык жаратат деп эсептейт.

Атайын кызмат Асанов мындай жол менен адамдардын эмоциясына ойноп жатканын маалымдап, анын жоопкерчилиги бар экенин эскертет.

«Башка жарандык активисттер жана саясий ишмерлер да жеңил пиар үчүн ушул сыяктуу фейк маалыматтарды таратып, кырдаалды атайылап курчутуп жатат. УКМК бардык укук коргоо органдары менен бул багытта тиешелүү жумуштарды улантат. Буга байланыштуу бардык жактарды кандайдыр бир чагымчыл чакырыктарды, туура эмес маалыматтарды жана күмөндүү видеоматериалдарды таратуудан карманууга чакырабыз», - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Коопсуздук комитети коркутуу фактыларын укук коргоо органдарына тапшырууга үндөгөн.

Саясатчы Бектур Асанов 27-ноябрда басылмаларга берген маегинде Садыр Жапаровду сындагандарды жана президенттикке талапкерлигин койгон кишилерди анын тарапкерлери «өлтүрүп кетебиз» деп коркутуп жатканын билдирген. Ал ушул эле күнү мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган.

Асанов акциясы менен бийликке эки талап койгон. Биринчиси «2016-жылы бир нече саясатчы менен кошо бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен өзүнө карата козголгон кылмыш ишин Жогорку сотто чукул арада кайра кароо. Экинчиси - келерки жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлерди социалдык түйүндөрдөн белгисиз аккаунттар аркылуу каралоону токтотуу, чектен ашкандарын укук коргоо органдары аркылуу таптырып, жазага тартуу.

Конституциялык реформаны жана Садыр Жапаровдун өкмөтүн сынга алгандар коркутууга кабылып жатканын мурдараак бир нече активист, коомдук ишмерлер да айтып чыгышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG