Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Бишкекте аялдамаларга зомбулукка каршы баракчалар илинди


Бишкектеги аялдамаларда зомбулукту токтотууга чакырган жарнактар.
Бишкектеги аялдамаларда зомбулукту токтотууга чакырган жарнактар.

Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк өнөктүгүнүн алкагында Бишкек шаарынын аялдамаларында зомбулукту токтотууга чакырган жарнактар илинди.

БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсрандын айтымында, билдирүүлөр коомдогу социалдык нормаларды өзгөртүүгө жана зомбулуктан баш тартууга багытталган.

«Коомдо терс жана позитивдүү социалдык ченемдер бар. Алар зордук-зомбулукту күчөтөт же аялдар менен кыздардын чечимин жана укуктарын алга жылдырат. Көбүнчө жасалган зордук-зомбулук үчүн коом алдында аялдар өздөрү күнөөлүү болуп калат. Аялдамалардагы тышкы жарнамалар менен биз ушул маселелерди белгилеп, коомдун ой-жүгүртүүсүн өзгөртүүгө аракет кылдык», - деди ал.

Бул аялдамаларда жана жарнак такталарында QR-код орнотулган ал аркылуу 16 күндүк өнөктүк жөнүндө толук маалымат жазылган сайтка кирүүгө болот.

Акыркы жарым жыл ичинде Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде 2019 зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп. Гендердик зомбулукка каршы өнөктүк Кыргызстанда 25-ноябрда башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк агартуу өнөктүгү Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп келет.

Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу өнөктүгү быйыл 10-декабрга – Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин созулат. (ErN/AiA)

XS
SM
MD
LG