Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 29-ноябрда да кар жаайт


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борборунун билдиришинче, 29-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -13…-18 градус болот.

29-ноябрда Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жааайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 күндүз -3…-5 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG