Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Дания миллиондогон “зомби-норкалардын” сөөгүн өрттөмөкчү


Кыргызстандын каржы полициясы 50 миңдей норка менен ондатранын терисин импорттоо аракетине бөгөт койду. 2020-жылдын июну.
Кыргызстандын каржы полициясы 50 миңдей норка менен ондатранын терисин импорттоо аракетине бөгөт койду. 2020-жылдын июну.

Дания өкмөтү коронавирустун андан ары жайылтылышына жол бербөө максатында мурда шашылыш өлтүрүлүп, көмдүрүлгөн миллиондогон чарбада өндүрүлгөн норкалардын сөөктөрүн кайра каздырып, андан соң өрттөп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу өкмөт 27-ноябрда маалымдады.

Ушул айдын башында премьер-министр Метте Фредериксен 17 миллионго чейинки сандагы норкаларды кырып салууга жол берген атайын буйрук чыгарган. Териси кундуздукундай жылтыраган бул жандыктардан коронавирустун мутацияга дуушарланган түрү кишиге жугуп жаткандыгы байкалган соң, даниялык өкмөт дал ушундай катаал чарага барган. Мындай мутация COVID-19 илдетине каршы өндүрүлө баштаган вакциналардын күчүн жокко чыгарышы ыктымал болчу.

Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан “зомби-норка” деген атка конгон жандыктардын жерге көмүлгөн сөөктөрү чирий баштап, алардын айынан жакын жердеги булактар менен чакан көл булганышы ыктымал деген санааркоолор күчөдү.

Даниянын борбору Копенгагендин чет жакасындагы норка өстүрүү чарбасында. 2012-жылдын 24-октябры.
Даниянын борбору Копенгагендин чет жакасындагы норка өстүрүү чарбасында. 2012-жылдын 24-октябры.

Даниянын жаңы азык-түлүк жана айыл чарба министри Расмус Прен норкалардын атайын кыруу үчүн тандалган бөлүгүнүн сөөктөрүн кайра казып алып, өрттөө сунушуна макулдугун 27-ноябрда билдирди. Өлкө парламентинин депутаттарынын көпчүлүгү да бул арганы колдоого алды. Эми айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин колдоосун алуу гана талап кылынат.

Чарбаларда өстүрүлгөн норкаларды шашылыш иргеп, алардын шектүү делген миллиондогон бөлүгүн өлтүрүп, көмүүгө буйрук берген жана мыйзамсыз саналган кадамы үчүн Даниянын мурдагы азык-түлүк жана айыл чарба министри Моргенс Йенсен өткөн аптада кызматтан кеткен.

Дания – колдо өстүрүлгөн норкалардын баалуу терисин сатуу боюнча дүйнөдөгү эң ири экспорттоочу болуп саналат. (TT)

XS
SM
MD
LG