Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:34

ДССУ ВИЧ илдетин аныктоочу тесттерди көбөйтүүгө чакырды


Кыргызстандагы ВИЧ-СПИД тууралуу маалымат берген иш-чаралардын биринен көрүнүш.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Евробиримдиктин Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө агенттиги ВИЧ илдетин аныктоочу тесттерди көбөйтүүгө чакырды. Мындай муктаждыкты аталган уюмдар Борбор Азия, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жана Орусияда вирус жугузуп алгандар өз оорусу жөнүндө абдан кеч билип жатканы менен түшүндүргөн.

Вирусту жугузуп алуунун кеч аныкталышы оорулууларды дарылоонун кечишигин жана ВИЧ илдетинин башка адамдарга таралышын шарттап жатат.

ДССУ жана Евробиримдиктин Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө агенттиги 26-ноябрда тараткан баяндамада 2019-жылы дүйнөнүн 53 өлкөсүндө 136 миңден ашык адамдан вирус аныкталганы айтылган. Анын 80% жакыны Чыгыш Европаны, Борбор Азияны жана Орусияны камтыган ДССУнун чыгыш бөлүмдөрүнө туура келери белгиленген. Бул аймактарда соңку он жылда вирус жугузган адамдар 19% көбөйгөн.

Баяндамада ВИЧ табылган адамдардын жарымынан ашыгы инфекция өтүшүп, адамдын иммунитети абдан начарлап кеткен учурда ооруга чалдыкканын билгени коркунучтуу абал катары көрсөтүлгөн.

«Мындай абал - бул аймактарда ВИЧ-илдеттин аныктоонун эрте диагностикасы өз деңгээлинде иштебей жатканын көрсөткүчү», деп айтылат биргелешкен баяндамада.

Ал эми Европа Биримдигинде, Исландияда, Лихтенштейнде жана Норвегияда акыркы он жылда вирус жугузгандар 9% аз катталып, диагнозун билбей жүргөндөр азайган.

ДССУнун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге вирус боюнча туура маалымат алгандар көбөйүп жатканын билдирген.

«ВИЧ боюнча диагноз өлүм жазасы катары кабыл алынган убак менин эсимде. Азыр болсо ВИЧти туура дарыласа, аны жугузган адамдар жашай алышат», - деди Клюге.

Евробиримдиктин Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө агенттигинин директору Андреа Аммон болсо учурдагы коронавирус кризисинде дүйнө өлкөлөрү ВИЧ сыяктуу илдеттер менен күрөшүүнү унутпашы керек экенин эскертти.

ВИЧ-СПИДге каршы дүйнөлүк чараларды тескеген ЮНЭЙДС уюмунун маалыматы боюнча, 2019-жылы дүйнөдө ВИЧ илдетин жугузган 38 миллиондой адам катталган. Анын 26 миллиондон ашыгынын керектүү дарылануу алууга мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG