Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Байден COVID-19га каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды


Жо Байден коронавируска каршы күрөшүү планын 20-январда ант берип, кызматка киришкен күндөн тартып ишке ашыра баштай турганын айтып келет.
Жо Байден коронавируска каршы күрөшүү планын 20-январда ант берип, кызматка киришкен күндөн тартып ишке ашыра баштай турганын айтып келет.

Кошмо Штаттарынын шайланган президенти Жо Байден Алкыш айтуу күнүн утурлай америкалыктарга кайрылып, коронавируска каршы чараларды эки эсе көбөйтүүгө үндөдү.

Ал майрамды салтка айлангандай үй-бүлө мүчөлөрү менен жоон топ болуп чогулуп белгилебей, айылчылабай турууну сунуштады.

АКШ өпкөнү сезгенткен илдетке кабылган жана андан ажал тапкандардын саны боюнча дагы деле биринчи орунда турган өлкө, абал жакшыра элек.

Америкада соңку бир күндө оору дагы 200 миңге чукул адамдан аныкталды. Ушул тушта өлкө боюнча ооруканаларда дээрлик 90 миңдей бейтап жатат жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Жо Байден Алкыш айтуу күнүн утурлай жасаган кайрылуусунда америкалыктарды оору менен күрөштөн чарчабай турууга чакырды. Ошондой эле алдыдагы майрамда үйдө болуу тууралуу сунуш берди:

"Биз кабыл алган ар бир чечим маанилүү. Биз кабыл алган чечим кимдир бирөөнүн өмүрүн сакташы мүмкүн. Бул түбөлүккө созулбайт. Үй-бүлөлүк каада-салттан баш тартуу канчалык кыйын экенин билем. Мен өлкө күрөштөн чарчаганын да билем. Бирок биз бири-бирибиз менен эмес, вирус менен күрөшүп жатабыз".

Байден иш-аракеттерден майнап чыгышы үчүн америкалыктар ириде өз коопсуздугуна көңүл бурушу керектигин айтты. Ал беткап тагынуу, ортодогу аралыкты сактоо вируска каршы натыйжалуу чара экенин эскертти.

Жо Байден менен ал вице-президенттикке тандаган Камала Харрис.
Жо Байден менен ал вице-президенттикке тандаган Камала Харрис.

Байден коронавируска каршы күрөшүү тууралуу планын 20-январда ант кармап, кызматка киришкен күндөн тартып ишке ашыра баштарын айтып келет. Шайланган президент ооруну ооздуктоо үчүн федералдык өкмөттөрдүн "ыйгарым укуктарын" кеңейтүүгө убада берген.

АКШда коронавирус болгондордун жалпы саны 12,5 миллион адамдан ашып, бул илдет 253 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды. Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер майрамдагы үй-бүлөлүк кечелер, отуруштар, айылчылоо салты вирустун дагы жайылышына өбөлгө болушу мүмкүн экенин эскертип жатышат.

Өлкөнүн мөөнөтү бүтүп бараткан президенти Дональд Трамп Алкыш айтуу күнүн утурлай кайрылуусунда коронавируска каршы күрөштө алдыңкы катарда болгондорго алкыш айтты:

"Алкыш күнү биз кытай вирусуна каршы күрөшкөн врачтарга, медайымдарга, оорукананын кызматкерлерине жана окумуштууларга түбөлүк ыраазычылык билдиребиз. Биз жакында пандемияны аягына чыгара турган вакцина жана дарылоо ыкмалары үчүн ыраазыбыз".

Трамп Байдендин жеңишин дагы деле тааный элек. Ал 25-ноябрда соңку шайлоодо жеңип чыкканын дагы айтып чыкты. Трамптын юристи Руди Жулиани болсо демократтарды көз боемочулукка дагы айыптады. Бирок ага эч кандац далил келтирген жок:

"Мен көз боемочуларды жакшы билем. Сен аларга бир үзүп берсең алар кочуштап алат, сен аларга кочуштап берсең алар бүтүндөй өлкөңдү деле алат".

Трамптын юристтери бир катар штаттарда добуштардын кайра саналышын, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын талап кылып сотторго арыз жолдогон, бирок дээрлик баары канааттандырыган эмес. Добуштар кайра саналган штаттарда Байден утуп чыкканы бышыкталган.

Байден Алкыш айтуу күнүнүн алдында жасаган кайрылуусунда Трамптын атын атабастан, анын добуш берүүнүн жыйынтыгынан күмөн санап жатканын сынга алды.

"Биздин демократия бул жылы сыноодон өттү. Биз бул өлкөнүн эли алдыга коюлган тапшырманы аткара аларын көрдүк. Америкадагы шайлоо акыйкат жана эркин өтөт, биз анын жыйынтыгын сыйлайбыз", - деди Байден.


Алдын ала маалыматка ылайык, Байден шайлоочулар коллегиясынын 306 добушун алды, Трамп болсо 232 добуш топтоду.

Шайлоочулар коллегиясы 14-декабарда жыйынга чогулуп, шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланат.

XS
SM
MD
LG