Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:55

Ташкент вирусту жеңгенин даңазалаган тасма тартууда


Өзбекстандагы ооруканалардын бири. Архивдик сүрөт.
Өзбекстандагы ооруканалардын бири. Архивдик сүрөт.

Өзбекстандын улуттук «Узбеккино” агенттиги өкмөттүн буйругу менен "Сынаган күндөр" деп аталган даректүү тасма тартууга киришти. Анда коронавирус илдети жана анын кесепеттеринен арылуу жолдору баяндалган.

Үч бөлүмдөн турган фильмди тартууга мамлекеттик бюджеттен 230 миллион сум (22 миң долларга жакын) каражат бөлүнгөн.

Өзбекстанда тартыла баштаган "Сынаган күндөр" документалдык тасмасынын сценарийин Данияр Шокиров жазып, режиссер болгон.

31 жаштагы кинорежиссер буга чейин Өзбекстандын биринчи президенти, маркум Ислам Каримов жөнүндө жана башка 40тан ашуун тасма жараткан. Бул ирет Шокиров өзбек эли коронавирус пандемиясы менен кантип күрөшүп жатканын чагылдырган сценарий жазып, фильмди тартууга киришкен. Тасманын биринчи бөлүмү декабрь айында мамлекеттик каналдан көрсөтүлөт.

Данияр Шокировдун тасмасында дарыгерлер башкы ролдо:

"Тасманын башкы каармандары коронавирус инфекциясына каршы күрөшүп жаткан дарыгерлер. Ошондой эле ушул күндөрү Өзбекстанда илдетке каршы күрөштө жанын аябай кызмат кылып жаткан башка кесиптин өкүлдөрү да катышат",- деди Шокиров.

"Узбеккинонун" өкүлү Нозим Сафари "Азаттык" радисонун өзбек кызматына билдиргендей, тасма мамлекет башчысынын жана элдин коронавируска каршы биргелешкен күрөшүн чагылдырат:

"Ошондой эле көрүүчүлөр "баатыр" болуп калган дарыгерлердин, аскер кызматкерлеринин, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук гвардиянын өкүлдөрүнүн тынымсыз ишин көрө алышат".

Сафари документалдык тасма Хорезм, Бухара, Самарканд, Сырдарыя, Анжиян облустарында жана Ташкент шаарында тартылып жатканын кошумчалады.

Айрымдар коронавирус пандемиясын чагылдырган тасманы тартууда олуттуу жоопкерчилик бар экенин эске салып жатышат. Алардын бири - кино таануучу Абдумалик Турдиев:

"Мен өзбек кинорежиссерлору, айрыкча Данияр Шокиров жалпы инсандык трагедия жөнүндө салмактуу тасма тарта алат деп ишенбейм. Мен ушул режиссердун Ислам Каримовдун 80 жылдыгына арналган даректүү тасмасын Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жөнүндө фильмге окшоштуруп тарткан. Албетте, коронавирус тууралуу бул документалдуу фильм "өзбек өкмөтүнүн жана анын лидеринин COVID-19ду жеңгенин" даңазалайт. Бирок чындыгында Өзбекстан коронавируска жеңилди. Эгер аны моюнга алсак, COVID-19дун айынан ооруканаларда керектүү кам көрүлбөй, каза болгон миңдеген жакыр адам жөнүндө тасма тартыш керек болчу. Мисалы, Заңги-Ата ооруканасында каза болгон тууганынын сөөгүн алып кетүү үчүн пенсиясынын акыркы акчасын берген кемпирдин трагедиясын көрүүгө болот. Бирок жаш режиссердун көңүлүн калтырбайлы, тасма чыккандан кийин дагы бир жолу сүйлөп берем" - деди Абдумалик Турдиев.

Ал эми кинорежиссер Улугбек Юлдашев Өзбекстанда пандемия жөнүндө тасма тартуу замандын талабы деп эсептейт.

"Бул абдан жакшы жөрөлгө. Бүгүнкү хроника келечек муундар үчүн кала берет. Бирок 230 миллион сумга (22 миң долларга жакын) COVID-19 жөнүндө жогорку сапаттагы тасма тартуу кыйынга турат. Менин угушум боюнча, буга чейин фильмдин биринчи эпизоду тартылып, анын варианты өлкө жетекчилигине көрсөтүлгөн. Бирок бул режиссерлор тасманы коронавирустан жабыркаган кесиптештерине көрсөтө алышабы? Мисалы, Фовхулла Масудов менен Абдураим Абдувахобов сыяктуу ондогон сүрөтчүлөр коронавирустан каза болушту. Деги эле президенттин администрациясы тарткан кинонун сапаты жогору боло турганына ишенбейм".

Ал ортодо өзбекстандык сүрөтчүлөрдүн пандемия темасындагы эмгектери дүйнөлүк сынчылардын алкышына татыды. Эки сүрөтчү пандемиядагы оор акыбалды өз өнөрү аркылуу бергенге аркеттенишкен. Алардын бири - 47 жаштагы Бобур Исмаилов коронавирус темасында тарткан сүрөттөрүн быйыл 25-мартта Ташкент шаарында уюштурулган көргөзмөдө жалпы коомчулуктун назарына койгон.

Дагы бир белгилүү сүрөтчүсү Анна Иванова коронавирустан улам карантин киргизилген Ташкенттен бир катар сүрөттөрдү тарткан. Ошондой эле сүрөтчү ушул жылдын март айында карантин киргизилгенден бери илдеттин таасирин чагылдырган жүздөгөн окуяны сүрөткө түшүргөн.

33 миллионго жакын калкы бар Өзбекстанда пандемияда 23-ноябрга карата 72 миңге жакын киши коронавируска чалдыгып, 603 адам көз жумган. Вирус жугузуп алган 2195 адам дарыланып жатат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG