Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

COVID-19 дагы бир дарыгердин өмүрүн алды


 Рустамбек Уматалиев.
Рустамбек Уматалиев.

Нейрохирург Рустамбек Уматалиев коронавирустан каза болду. Сонку айда вирустун жайылышы күчөп, күнүнө 20га чукул медицина кызматкеринен аныкталып жатат.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты, нейрохирург Рустамбек Уматалиев 18-ноябрда пневмониядан көз жумду. Ал 57 жашта болчу. 1993-жылдан бери Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгери болуп иштеп жаткан.

Мурда ооруканадагы Нейровертебрология бөлүмүн жетектеген. Маркум иштеген клиниканын башкы дарыгери Талант Арстанкулов Рустамбек Уматалиевди мыкты адис катары эскерди:

“Ооруканада жети нейрохирург бар болсо анын мыктысы Рустам эле. Биз үчүн оор жоготуу болду. Бир айдан бери коронавирус илдетине чалдыгып, ооруп жаткан болчу. Оорудан айыга албай каза болуп калды. Кесиптештеринин, бейтаптарынын эсинде ишин мыкты билген адис катары калат”.

Уматалиев 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, «Дарылоо» факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1988-жылы Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө анестезиолог-реаниматолог болуп баштап, кийин Республикалык травматология-ортопедия борборунун Ош шаардык пунктунда дарыгер-нейрохирург болуп эмгек жолун уланткан.

Маркум Уматалиев акыркы аптада коронавирустан кайтыш болгон экинчи медициналык кызматкер болуп калды.

16-ноябрга караган түнү коронавирус козгогон пневмониядан Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери Дамира Байзакова кайтыш болгон эле .

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 19-ноябрдагы маалыматына караганда, бир күндө бул илдеттен беш киши каза болду. Вирус дагы 12 дарыгерден табылды.

Акыркы учурда вирус Бишкек жана Чүйдө көп жайыла баштаганы байкалууда.

Бирок Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова вируска чалдыккандар мурдагыга салыштырмалуу аз экенин айтууда:

“Акыркы учурда Бишкек шаарында дарыгерлердин өлүмү катталган учурлар аз. Ооруну жугузуп алгандар деле аз. Шаардагы №1 коронавирус менен күрөшкөн бейтапкана бүгүн иштей баштады. Анда 100гө жакын орун даярдалган. Дарыгерлер баары ишке даяр”.

Ошентсе да, статистикалык маалыматтар республиканын башка аймактарына караганда башкалаада вирус көбөйүп жатканын көрсөтүүдө.

Коронавирус эпидемиясы күчөгөн июнь-июль айларында Бишкектеги “Тез жардам” кызматына бир күндө эле 5000ге чейин кайрылуу түшкөн учурлар болгон. Мекеменин кызматкерлеринин арасында илдетти жугузуп, каза болгондор да бар.

“Тез жардам” кызматынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов азыркы абалды туруктуу деп баалады:

Егор Борисов.
Егор Борисов.

“Биздин кызматкерлердин көбү ооруп, айыгып чыгышты. Азыр медкызматкерлердин абалы жакшы эле. Маанайы тууралуу айта турган болсом, аябай чарчап калышты. Жаздан бери тынбай иштеп келишти. Ага карабай ишин таштап кеткендер дээрлик жок. Учурда кайрылуулар көп же аз деп айтууга болбойт. Абал туруктуу. Бирок биз баарыбир даярдык көрүп турабыз”.

Акыркы убакта күнүнө 20дай медицина кызматкеринен коронавирус табылып жатат. Жалпысынан өлкөдө коронавирус аныкталган март айынан бери COVID-19 диагнозу 3 735 медициналык кызматкерлерден расмий аныкталып, анын 3 499у сакайды. Вирустан 80ден ашык дарыгер көз жумду.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, дарыгерлерге жана алардын жакындарына кенемте министрликтин атайын комиссиясынын чечимине ылайык төлөнүп берилүүдө:

“Кыргыз өкмөтү коронавирус жуккан дарыгерлердин 479уна 200 миң сомдон компенсация төлөп берди. Коронавирусту жумушунан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 29унун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөндү”, - деди Бейшеналиев.

Ушу тушта Оксфорд университетинин математикалык моделинин негизинде Кыргызстандагы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кырдаал жана дарыгерлер жетишсиздиги иликтенүүдө. Иликтөөчү топтун мүчөсү Элден Калчыкеев абал курчуса дарыгерлерге оор болоорун эскертип жатат:

“Биздин иликтөө дарыгерлерден да медайымдар көбүрөөк оору жугузганын көрсөттү. Себеби, алар бейтаптар менен көбүрөөк байланышта болушкан. Ошол эле кезде, аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги байкалат. Кайсы бир ооруканада мисалы, реаниматолог же башка адис жетпейт. Бул иликтөө ошол жетишсиздикти көрсөтөт. Ошол эле кезде дарыгерлер чарчаңкы маанайда. Аларды сөздү колдоо керек. Эгер аларга шарт түзүлбөй, оору жуккандар көп болсо, бул кырдаалдан кантип чыгарыбызды айтуу кыйын”.

Азыр Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлиги «Медайымга рахмат айт» маалымат өнөктүгүн өткөрүп жатат.

Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул топтун өкүлдөрү быйыл «кызыл» зоналарда, көчмө топтордо, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө, ошондой эле 118 байланыш борборунун операторлору катары эң чоң жүктү моюнга көтөрүшкөн.

Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери оору жуккандардын жалпы саны 68 316 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министринин жаңы эсебинде, коронавирус 1217 кишинин өмүрүн алды.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG