Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Сурамжылоо: Орусиялыктар вакцинага ишенбейт


Москва, октябрь, 2020-жыл.
Москва, октябрь, 2020-жыл.

Орусияда вирусологдор бир айдын ичинде COVID-19 рекорддук көрсөткүч менен жайыла турганын эскертишүүдө.

Орусияда төрт күн катары менен бир күндө 18 миңден ашуун адамда коронавирус чыгып жатат. Эң көбү Москвада илдетти жугузгандар бир күндө беш миңге чамалады. 2-ноябрга карата 238 адамдын өлүмү катталды.

Инфекционисттер менен вакцинологдор бир айдын ичинде Орусияда бир күндө вирус жугузгандар 20-22 миңге чейин көбөйөрүн, ал эми Москвада ооругандардын саны бир жумада эң жогорку көрсөткүчкө жетерин эскертип жатышат.

Эпидемиологиялык абал курчуганына карабай орус бийлиги чоң шаарларда карантин киргизүүдөн баш тартып келатат.

Өткөн бейшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин алдыда коронавируска каршы орусиялык вакциналарды массалык өндүрүү, калкты жапырт вакцинациялоого даярдык маселелери турганын белгилеген. Ал Орусиядагы «Вектор» борборунун да, Гамалеи институтунун вакцинасы да бирдей натыйжалуу деп эсептей турганын айтып, жыл аягына чейин калкты вакцинациялоо башталарына үмүттөнөрүн билдирген:

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Массалык өндүрүш маселеси турат. Мен вакцина ар бир аймакка жеткирилди деп турам. Жыл аягына чейин калкты вакцинациялоо башталат деп үмүттөнөм».

Орус бийлиги 9-сентябрдан бери «Sputnik V» вакцинасы клиникалык сыноонун үчүнчү, жыйынтыктоочу этабынан өткөрүлүп жатканын кабарлап жатат. Москвада 40 миңден ашык адам ыктыярдуу түрдө эмдөөдөн өткөн.

Кийин сыноого катышкан айрым адамдар вирус жугузуп алганы кабарланып, Гамалеи борбору вирус жугузгандар вакцинанын өзүн эмес, плацебосун сынагандар болушу мүмкүн деп билдирген.

Плацебо - бейтаптын организмин сынаш үчүн айыктырчу өзгөчөлүгү жок, зыянсыз фармацевттик элемент.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги бул вакцинаны августта сунуш кылган. Путин аны СOVID-19га каршы дүйнөдөгү каттоодон өткөн алгачкы вакцина деп атаган болчу.

14-октябрда Новосибирскидеги «Вектор» борбору экинчи вакцинаны иштеп чыкканы маалымдалган.

Башында жыл аягына чейин Орусия 30 миллион доза вакцина өндүрүүгө даяр экенин айткан орусиялык аткаминерлер эми эки миллиондой доза чыгарууга жетишерин кабарлап жатышат.

Орус вакцинасына ишеним жок

Ал арада «Левада» борборунун сурамжылоосуна катышкан орусиялыктардын 59% Орусияда өндүрүлгөн вакцинанын натыйжалуулугунан шек санап, COVID-19га каршы эмдөөгө макул эмес экенин билдирген. 36% вакцинация адамдардын өз каалоосу менен жана акысыз жүргүзүлсө гана ага макул болорун айткан.

«Левада» борборунун башчысынын орун басары Денис Волков калкта орус вакцинасына ишенбестик күчөгөнүн, ага бийликтин вакцинанын даярдыгын беш айда эле жарыялап, калкты эмдөөдөн өткөрүүгө шашылыш аракет кылганы негиз болуп жатканын белгилеген.

Буга чейин «Единая Россия» партиясы жүргүзгөн сурамжылоодо орусиялыктардын 70% көбү вакцинацияга каршылыгын билдирген эле.

Ал арада Орусияда коронавируска чалдыккандар бир миллион 655 миң адамдан ашты. Оорудан 28 миңден көп адам өлдү.

Ооруканалардагы абал

Коронавирус облустарда тез таркап, ооруканаларда бейтаптар үчүн орундардын жоктугу, дарыгерлердин жетишсиздиги тууралуу кабарланып жатат.

Дүйшөмбүдө жалпысынан 12,5 миң кишиде коронавирус катталган Томск шаарындагы бир ооруканада тартылган видео Интернетке чыкты. Анда коронавирус бейтаптарына палаталарда орун жетишпегендиктен, алар коридордо отургучтарга жаткырылганы көрсөтүлгөн.

Өткөн жумада Омскиде «Тез жардам» машинелери ооруканаларда орун табылбаган коронавирус бейтаптарын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы бөлүмүнө алып келип ташташкан. Муну менен дарыгерлер ооруканалардагы абалга жергиликтүү бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылышкан.

Уралдагы Курган облусунун ооруканаларында иштеген дарыгерлер президент Владимир Путинге ачык кат жазып, ал жактагы абалды «тозок» деп сүрөттөшкөн. Катта улам бир ири мекемеде коронавирус чыгып, ооруканаларда орун менен дарыгерлер жетишпей, «Тез жардам» кызматы акыркы дем менен иштеп жатканы айтылат. Дарыгерлер аймакка аскердик медиктерди жиберүүнү өтүнүшкөн.

Буга чейин Кемерово облусундагы бир өлүкканада тартылган видео Интернетке таркаган. Анда кара баштыкка оролгон маркумдардын сөөктөрү топтолуп калганы көрсөтүлгөн. Мындай видео Алтайдагы Барнаулдан да тартылган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG