Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

COVID-19: Орусияда бир күндө 244 адам көз жумду


Москвадагы оорукана, октябрь 2020-жыл
Москвадагы оорукана, октябрь 2020-жыл

Дүйшөмбүдө оорудан бир күндө 244 адам көз жумду. Пандемия башталгандан бери рекорддук көрсөткүчтөргө карабай орус өкмөтү карантин киргизүүдөн баш тартып жатат.

Акыркы бир жумадан бери өлкөнү коронавирустун жаңы толкуну каптап, илдет жугузгандар 13 миңден ашканына карабай жергиликтүү бийлик карантин киргизүүдөн баш тартууда. Массалык иш-чараларга да тыюу салына элек.

14-октябрда Орусияда илдет 14231 адамдан аныкталып, дүйшөмбүдө оорудан бир күндө 244 адам каза тапты.

Ал эми Москванын өзүндө вирус 4,5 миң адамдан табылды. Орусиянын борбору азыр өлкөдөгү илдет эң көп жайылган аймак болуп турат.

Ошого карабай бул күндөрү Орусияда футбол чемпионаты өтүп жатат, ар жекшембиде стадиондорго миңдеген көрүүчүлөр топтолууда. Формалдуу түрдө стадионго элдин 30 пайызын гана киргизип, аларга беткап кийүү талабы коюлган.

Медицина кызматкерлеринин көз карандысыз биримдигинин башчысы Алексей Эрлих Москва бийлигинин коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча азыркы аракеттерине чаржайыт жана башаламан деп сындады.

"Массалык иш-чараларды токтотуу керек. Концерттер тынбай өтүп, стадиондор ачык турат. Жазындагыдай парктарды, коомдук тамактануучу жайларды жабуунун кереги жок. Бирок беткап тагынууну ар бир адамдан талап кылуу милдет. Колкап жөнүндө айтканым жок, анын пайдасынан зыяны көп. Адамдар соода түйүндөрүндө, транспортто, эл көп чогулган жерде беткап кийсин дегенден кийин бул талаптын аткарылышын көзөмөлдөө зарыл".

Санкт- Петербург, октябрь 2020-жыл
Санкт- Петербург, октябрь 2020-жыл

Сентябрь айынын соңунда Москва бийлиги коронавирус коркунучунан улам мектептерди жаап, окуучуларды 18-октябрга чейин эки жума эс алууга тараткан. Москванын мэри Сергей Собянин ата-энелерден балдарды үйдөн чыгарбоого үндөгөн.

Мындан тышкары пенсионерлер менен кош бойлууларды обочолонууга чакырып, жумуш берүүчүлөрдү кызматкерлеринин 30 пайызын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү талап кылган.

Эки күн мурда Собянин Москваны пандемия каптап баратканын айтып, ошол эле кезде 65 жаштан жогору курактагы 300 миңдей адам шаарды кыдырып жүргөнүнө арызданган.

"Коронавирус менен ооруган жеңил болуп калды, коркунуч жоголду деген туура эмес. Тестирлөө көбөйдү, эч кандай симптомсуз ооруп жаткандарды көбүрөөк аныктай баштадык. Бир топ адамдар ооруну жеңил көтөрүп жатат. Бирок ооруканага орто жана оор абалда түшкөн адамдар бат эле жандандыруу бөлүмүнө которулуп, дем алдыруучу аппараттарга туташтырылып жатат. Мындай бейтаптар азайган жок", - деген ал федералдык телеканалга курган маегинде.

Сергей Собянин
Сергей Собянин

Мындан тышкары Москва бийлиги тамактануучу жайлар менен соода түйүндөрүнө беткап кийбеген кардарлар үчүн айып салууда. Ал эми бир күндө 9 миллионго чейин киши ташыган Москва метросунда адамдын саны азая элек.

Орус бийлиги COVID-19дун жайылышынын алдын алуу, тестирлөө, дарылоо ыкмалары бир кыйла жакшырганын айтып, карантин чараларын киргизүүнүн зарылдыгы жоктугун негиз кылууда.

Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашконун айтымында, аймактардагы бейтапканаларда 176 миң орундук даярдалган. Бир күн мурда анын орун басары Олег Гриднев ооруканалардагы орундардын 90 пайызы толуп турганын айткан.

Бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алчу борборлор ачылып, «Тез жардам» кызматы күчөтүлгөн режимде ишке киришкенин кабарлаган менен аймактардагы орусиялыктар орундуктардын, медициналык кызматкетрлер менен аппараттардын жетишсиздигине арызданып жатат.

Буга чейин «Доктор на работе» порталындагы сурамжылоого катышкан орусиялык дарыгерлердин 57 пайызы медициналык мекемелер коронавирустун жаңы толкунуна даяр эмес деп баалашкан.

11 пайызы гана Орусиянын саламаттык сактоо системасы туруштук бере алат деп эсептешет. Мындай ойду көбүнчө Москва менен Санкт-Петербургдагы медицина кызматкерлери билдиришкен.

Эске сала кетсек, ушул жылдын март айында Орусия боюнча илдетке чалдыккандардын саны 93кө жеткенде Москва бийлиги бардык массалык иш- чараларга тыюу салып, карантин киргизген.

Пандемия башталгандан бери Орусияда коронавирусту 1 миллион 350 миңдей киши жуктуруп, 23205 адам өлүмү катталды. Өлкө оорунун жайылышы жагынан АКШ, Индия жана Бразилиядан кийин төртүнчү орунда турат.

Дүйнөдө COVID-19 жугузгандар 38 миллионго чукулдап, 1 миллиондон ашуун адам илдеттен көз жумду.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG