Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Билимге башын сайган инсан эле...


Кыргызстанда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 12-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду.

Маалыматтарга караганда, 51 жаштагы Каныбек Исаков коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан.

Каныбек Исаковдун дүйнөдөн өтүшү атпай кыргыз интеллигенциясын, окуучу, шакирттерин кайгыга салды.

"Мээбизге чагылган сайылгандай болду... Жалган дүйнөнүн мындан өтөөр Жалганы жок болсо керек... Каныбек Исаков... Оор жоготуу. Бул жоготуунун орду мындай адамды таппайбыз. Бүткүл табияты, адамдык жүрөгү менен билимге, агартууга башын сайып койгон XXI кыламдын Агартуучусу, билим реформатору, адамдык ыймандын Архитектору эле", - деп жазды Эл жазуучусу Султан Раев.

Ал эми кинорежиссер, мурдагы депутат, президенттикке талапкерлигин койгон Садык Шер-Нияз кыргыз коому Исаковдун кадырын биле алган жок деп жазды.

"Атаңгөрү дүнүйө. Сен да кете берген экенсиң. Кыргыз Республикасынын баатырын ушул кишиге бериш керек деп Жогорку Кеңештин трибунасынан айтты элем. Ал баатырлыкты сага кызганышса да Эл баатыры болдуң. Ошол сөздөн кийин көптөрү менден сурашты. Ал киши досуң же таанышың болобу деп. Жок экөөбүз дос да, тааныш да эмес элек. Болгону кыргызга кылган кызматыңды чын дилимден баалап, сага тымызын суктанчумун. Кадырды билбес замана болду кантели".

"Мыкты жетекчи чанда болот, Каныбек Абдуваситович ошолордон болгон. Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугуп, орчундуу көйгөйлөрдү бирге талкуулап биздин тармактагы жетекчилердин ыраазычылыгына ээ болду эле. Аттиң, эмнеге жакшы адамдардын өмүрү ушунча кыска болот?", - деп эскерди жарандык коомдун өкүлү Рита Карасартова.

"Айылдан келген сары ооз балдардын баарына ага, ата болуп, баарына бирдей мамиле кылып... билим, келечек, жакшы тарбия, рухий дөөлөт деп жүрүп кара жанын карч уруп, өзүн аябай кете берди...“Агайыңардын сазга тыгылганын көргөнү келдиңерби”, - деген министр болуп барганда куттуктасак. Жакында тоого чыгып басып келели деп сүйлөшүп жатканбыз. Тоодой кишини ээрчип тоого бармакпыз...", - деп жазды журналист Айбек Абдылдаев.

Акын, педагог Улукбек Омокеев профессор Каныбек Исаковдун элесине арнап ыр жазды.

Түркөйлүк эле касыңыз,
Адилдик эле досуңуз,
Сур булут каптап асманды,
Сумсаят Бишкек, Ошуңуз
Билбейбиз качан барабьз,
Бейиштен бизди тосуңуз.
Башка сөз таппайм буулугуп,
Кошуңуз агай, кошуңуз!

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган.

Эмгек тажрыйбасын Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштап, министрликке чейин жеткен.

Каныбек Исаков 1993-1997-жылдарда Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы факультетинде мугалим болуп иштеп, 1995-жылы "Нур" гезитинин башкы редактору болгон.

1997-1998-жылдарда ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары, 1998-жылы ректордун тарбия иштери боюнча жардамчысы, 2000-2005-жылдары коомдук тарбия иштер боюнча проректор, 2005-2006-жылдарда мамлекеттик тил боюнча проректор болуп иштеген.

2006-2011-жылдарда Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору болсо, 2011-2019-жылы ОшМУнун ректору кызматын аркалаган.

2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген.

Каныбек Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор. Көптөгөн монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалаларды жазган.

"Азаттыктын" жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG