Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:25

COVID-19: Москвада чектөөлөр катаалдашат


Москва шаарындагы паркта отурган коопсуздук кийимчен кыз.
Москва шаарындагы паркта отурган коопсуздук кийимчен кыз.

Коронавирустун айынан Москва шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Соңку бир күндө Москвада коронавирус алты миңдей кишиден табылган.

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 13-ноябрдан тартып киргизиле турган жаңы чектөөлөр тууралуу шейшембиде жарыялады. Ага ылайык, 15-январга чейин ресторандар, барлар жана клубдар түнкү 11ден таңкы алтыга чейин жабык болот.

Театр, кинотеатр жана концерттик залдардагы көрүүчүлөрдүн саны залдын 25 пайызынан көп болбошу шарт.

Маданий жана көңүл ачуучу иш-чаралар, көргөзмөлөр, лекция жана тренингдер онлайн режимде гана өтүшү керек.

“Бир апта мурда илдетке кабылгандардын саны критикалык деңгээлде эмес, жогорку деңгээлде турукташып калгандай болду эле. Бирок соңку күндөрү биз ооругандар кайрадан көбөйүп жатканын көрүүдөбүз”,-деди Собянин.

Москванын мэри Сергей Собянин. 8-июнь, 2020-жыл.
Москванын мэри Сергей Собянин. 8-июнь, 2020-жыл.

Мэр баш калаадагы абал дагы начарлашы мүмкүн экенин кошумчалады. Собянин катаал чаралар вирустун азайышына өбөлгө болоруна ишенет.

6-ноябрда мэрдин орун басары Анастасия Ракова Москвадагы COVID-19га чалдыккандар үчүн бөлүнгөн орундардын 70% толгонун билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, Москвада ушул тапта коронавируска кабылгандардын саны 127 миңге жетти. Айрым серепчилердин айтымында, бийлик ооругандардын так санын жашырып жаткан болушу мүмкүн.

Соңку бир айда жалпы дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны кескин өстү.

Европада баарынан көп COVID-19га чалдыккандар Францияда катталууда. Бул өлкөдө күнүмдүк көрсөткүч 48 миңдин тегерегинде болуп жатат. Белгия жана Нидерланддарда оор абалдагы бейтаптарды жайгаштырганга оорукана жетишпей жаткандыктан алардын айрымдарын Германияга жөнөтүшүүдө.

Британияда коронавирустан көз жумгандардын саны 50 миңге чукулдады.

Палестинада көрүнүктүү саясатчы көз жумду

Палестинанын башкы чабарманы, Палестинаны куткаруу кыймылынын баш катчысы Саиб Эрекат 65 жашында коронавирустан каза болду.

Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас Эрекаттын өлүмүн «Палестина жана элибиз үчүн чоң жоготуу» деп атады. Ал өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялды.

2017-жылы өпкөсүн алмаштырган Эракет өткөн айда коронавирус жуктуруп алып, Иерусалимдеги ооруканага жаткырылган.

Саиб Эрекат. 2-январь, 2012-жыл.
Саиб Эрекат. 2-январь, 2012-жыл.

Саиб Эрекат Жакынкы Чыгыштагы Палестина менен Израилдин ортосундагы чатакты жөнгө салуу боюнча ондогон жылдар бою иштеп келген.

2014-жылы АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо демилгесин көтөргөндө Эрекат Палестинанын атынан башкы чабарман болуп катышкан.

Эрекат менен бирге иш алпарган Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни “ал өз өмүрүн элине арнады”,-деп жазды.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Хосеп Боррелл Эрекаттын өлүмү Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөргө терс таасирин тийгизерин билдирди.

XS
SM
MD
LG