Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Коронавирус менен алышкан дүйнө


Украиналык дарыгерлер. 29-октябрь, 2020-жыл.
Украиналык дарыгерлер. 29-октябрь, 2020-жыл.

Кыш жакындаган сайын дүйнөдө коронавируска кабылгандар көбөйүүдө. Украинанын саламаттык сактоо министри абал оор экенин жана мындан да начарлашы мүмкүн экенин эскертти. Ал эми Францияда ар 30 секундада бир адам коронавирус жуктуруп жатканы маалым болду.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, коронавируска чалдыккандардын саны дүйнөдө 46,6 миллионго жетти, 1,2 миллиондон көп адам көз жумду.​

Министр: «Украина коронавирус апаатына жакындады»

Украинанын саламаттык сактоо министри өлкө коронавирус апаатына жакындап калганын жана эл кырдаалдын курчушуна даяр болушу керек экенин билдирди. Максим Степанов мындай билдирүүнү 3-ноябрда парламентте сүйлөп жатып жасады.

Украинада соңку 24 сааттын ичинде 9 миңге жакын адамдан COVID-19 аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Жалпысынан Украинада коронавируска 411 миң адам кабылып, 7,5 миң киши бул илдеттен көз жумду. Степанов эгер украиналыктар гигиеналык эрежелерди сактабаса, кырдаал мындан да жаман болорун эскертти.

«Оор кырдаалдын апаатка айлануусуна аз калды. Биз абалдын мындан да начарлашына даяр болушубуз керек. Экинчи толкундан жеңил өтүү мүмкүн болбой калды».

Украина март айында катаал карантин киргизип, май айында жумшарткан.

Өткөн айда эгер коронавируска кабылгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 11-15 миңге чейин жетсе, Киев катаал чараларды киргизери кабарланган. Саламаттык сактоо министринин айтымында, эгер күнүмдүк көрсөткүч 20 миңден ашса, медициналык системанын күчү жетпей калышы мүмкүн.

Францияда абал оор

Франциянын борбору Парижде ар 30 секундада коронавирус бир адамга жугуп, шаардагы ооруканаларга ар 15 мүнөттө бир бейтап кайрылып жатат. Мындай статистиканы Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Веран айтты.

Ал «RTL Radioдогу» маегинде Париждин мэри Анн Идальгонун кичи дүкөндөрдү ачуу тууралуу сунушун комментарийлеп, мындай чечим өлкөдө коронавирустун жайылышын шартташы мүмкүн экенин белгиледи.

2-ноябрда Францияда 52 миңден ашык адамдан вирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Акыркы суткада 416 адам каза болду. Ушуну менен Францияда коронавирустан 37 миңден ашык адам көз жумду.

Европада инфекциянын көбөйүшүн ооздуктоо максатында бир катар чектөөлөр киргизилип жатат. Германияда 2-ноябрдан тартып жарым-жартылай карантин киргизилди. Бир ай бою бул өлкөдөгү ресторандар, спорт залдары, театрлар ачылбайт.

Польшада, Португалияда, Грекияда жана Улуу Британияда коменданттык саат жарыяланып, чектөөлөр киргизилди. Коронавирустун алгачкы толкуну абдан оор өткөн Италияда азырынча өлкө боюнча карантин жарыялана элек.

Испанияда сөөктү жерге берүү кызматын көрсөткөн компаниялардын өкүлдөрү коронавирустан өлгөндөр көбөйгөнүнө байланыштуу иш ташташты. Алар бул чөйрөдө иштеген жумушчулардын санын көбөйтүүнү талап кылып жатышат. Профсоюздар жакында жаз мезгилиндегидей маркумдар жерге убагында берилбей калышы ыктымал экенин билдирүүдө.

Расмий маалыматтарга караганда, Испанияда коронавируска кабылгандардын саны 1,1 миллиондон ашты. 35,8 миң адам көз жумду.

Париждеги бош метро. 1-ноябрь, 2020-жыл.
Париждеги бош метро. 1-ноябрь, 2020-жыл.

Мунай кымбаттады

Жарым-жартылай же толук карантин чаралары соңку эки аптадан бери Францияда, Испанияда, Германияда, Италияда жана Британияда киргизилди. Мындан улам мунайга болгон дүйнөлүк баа төмөндөп кетти. «Брент» үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели учурда 35,7 доллар турат. Бул майдан берки эң төмөн көрсөткүч.

Коронавирус катуу жайылган мамлекеттердин сап башында Кошмо Штаттар турат. Американын башкы инфекционисти Энтони Фаучи алдыдагы кыш өлкө үчүн оор болоорун эскертти.

АКШда пандемия башталгандан бери 230 миң киши көз жумду. Соңку бир аптада күнүнө 87 миңдей адамдан СOVID-19 аныкталууда.

XS
SM
MD
LG