Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Акыркы эки күндө он адам каза болду


Кыргызстан. Бейтаптарды текшерүү учуру.
Кыргызстан. Бейтаптарды текшерүү учуру.

Акыркы аптада COVID-19ду жугузуп алгандан кийин абалы өтө оорлоп кеткен бейтаптар көбөйдү.

Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасында ушу тапта төрт жүзгө жакын бейтап дарыланууда. Бир ай мурда аталган оорукана жалаң коронавирус жугузган бейтаптарды кабыл алуу үчүн карантинге жабылган.

Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев 23 бейтап өтө оор абалда реанимацияга түшкөнүн билдирди:

Гүлжигит Аалиев.
Гүлжигит Аалиев.

“Акыркы апталарда кайрылгандар күнүнө 30-50 адамга чейин жетип жатат. Алардын жарымы ооруканада. 23 адам реанимацияда, жүздөн ашык адам оор абалда жатат. Дары-дармек, дарыгерлер жетиштүү. Болушунча аракетибизди көрүп жатабыз”.

Акыркы суткада бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун жана дагы бирөө Чүй облусунун тургуну. 23-ноябрда алты киши каза болгон. Ошентип, 28-сентябрдан бери ооруну жугузуп алып, каза болгондордун жалпы саны 147 адамга жетти.

Жайында оору жугузгандар жагынан төмөн көрсөткүчтө болгон Талас облусунда он күн ичинде жети адам каза болгон. Дагы жети адам оор абалда ооруканада жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы өкүлү Айжамал Шамбетова учурда үймө-үй кыдырып, ооруларды аныктоо иштери жүрүп жатканын айтты:

“Медиктер, ыктыярчылар күн сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз алдынча дарыланбоого чакырууда. Себеби, үйдө жеңил эле өткөрөм деп жүрүп, күчөтүп алгандар бар. Өткөн аптада каза болгон беш бейтаптын өнөкөт оорулары бар экен. Бизге көбү оор абалда келип жатат. Азыр биз өлүмдүн себептерин тактап, республикалык штабдан реаниматолог чакырсакпы деп жатабыз”.

Шамбетова облус боюнча 10 реаниматолог барын жана алардын баары "кызыл зонада" иштеп жатканын кошумчалады.

24-ноябрда Кыргызстан боюнча алынган расмий маалыматка караганда, бейтаптардын 147и оор абалда жатат. Бир апта мурда абалы оорлордун саны 113 болчу. Азыр ооруканада 2948 адам, дагы 3829 бейтап үйдөн дарыланууда.

Ооруканада жаткан бейтаптардын арасынан 64нүн гана абалы канааттандырарлык, калгандарынын абалын дарыгерлер орточо, оор жана өтө оор деп баалап жатат. 800 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 боюнча ооруканада жаткандардын 27% түзөт.

Мындан тышкары 1937 бейтаптын абалы орточо оор экени кабарланды. Алар ооруканада жаткандардын 66% түзөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев акыркы апталарда оор абалдагы бейтаптардын көрсөткүчү азайбай жатканын айтты:

“Биз оор абалдагы бейтаптар көбөйдү деп айта албайбыз. Бирок, алар азайган да жок. Эки айдан бери 4% көрсөткүч сакталууда. Бул сан жок болгондо гана абал жакшырды деп айтууга болот. Мунун башкы себеби, бейтаптардын өз алдынча дарыланып жатканы. Буга чейин жеңил же ооруна карабай баарын кабыл алып жатканбыз. Азыр кээ бири өз алдынча дары ичип, ийне сайдырып алгандан кийин келип атышат”.

Үсөнбаевдин айтымында, оору күчөгөн июнь-июль айларында бир суткада тест тапшыргандардын саны 5000ге чейин жеткен. Ушул тапта республика боюнча 14 лабораторияга тест тапшыруу үчүн кайрылгандардын саны орто эсеп менен 1500дү түзүүдө.

Медицина жаатындагы эксперт Бермет Барктабасова кырдаалды так аныктоо үчүн коронавируска чалдыккандардын эмес, оор абалдагы бейтаптардын санына көңүл буруу керек деп эсептейт.

Бермет Барктабасова.
Бермет Барктабасова.

“Оор абалда деген көрсөткүч жалпы ооруп жаткандардын санынан алынышы керек. Бейтапканада дарыланып жаткандардын гана пайыздык катнашы абалды толук көрсөтпөйт. Ошондуктан, күн сайын канча адамга жукканынан мурда канча адам оор абалда, канчасы каза болду деген маалымат маанилүү. Азыр жайкыга караганда тест тапшыргандар аз, демек, жугузуп алгандар тууралуу да маалымат аз. Бирок тест да так көрсөтпөй турганын да эстен чыгарбаш керек. Өкүнүчтүүсү ооруну күчөтүп алгандардын саны ушул айга туура келүүдө. Себеби, октябрдан тарта сасык тумоо күчөдү. Биз акыркы айларда бир жерге чогулуп, эреже сактабагандар көп болгонун эске ала турган болсок, алардын ичинен оор абалдагылар эми чыгышы мүмкүн. Бул абдан кооптуу”.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда оору жуккандардын жалпы саны 70 миңден ашты. Алардын 1241и көз жумду.

Эпидемиологиялык абал август, сентябрь айларында азайып, 28-сентябрдан тарта өлүм кайрадан каттала баштаган. Эки айга жакын убактан бери коронавирус илдетинин өрчүшүнөн улам каза болгондордун саны 175ке жетти.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG