Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

«Азаттык» подкаст сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлады


Жеңүүчү деп табылган сынактын катышуучулары «Азаттыктын» студиясында. Айрымдары шартка байланыштуу келе алган эмес.
Жеңүүчү деп табылган сынактын катышуучулары «Азаттыктын» студиясында. Айрымдары шартка байланыштуу келе алган эмес.

«Азаттыктын» «Пандемия мени кандай өзгөрттү?» подкаст сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Коронавирус пандемиясынын эл турмушуна тийгизген таасирин чагылдыруу максатында «Азаттык» радиосу угармандар арасында жарыялаган «Пандемия мени кандай өзгөрттү?» подкаст сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакка кыргыз жана орус тилдеринде 90дой баян келип, техникалык сапаты жарактуу 60 баян azattyk.org сайтына, социалдык желеге жана подкаст платформаларга жарыяланды.

Катышуучулар пандемиянын өз жашоосуна тийгизген таасирин, башынан өткөндөрүн баяндап, ойлорун ортого салышты. Алардын эң жашы 12де, улуусу 80 жашта.

Калыстар тобу биринчи, экинчи, үчүнчү орун кылып бөлүп отурбай, 12 катышуучунун эмгектерин мыкты деп тапты. Аларга акыркы үлгүдөгү смартфондор, турмуш-тиричилик буюмдары жана китептер белекке берилди.

Андан тышкары, дагы жети катышуучу кызыктуу баяндарды жөнөткөнү үчүн кызыктыруучу сыйлыктарга татыктуу деп табылды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 6-ноябрда «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде болду.

Сынакка Кыргызстандын түрдүү аймактарынан баяндар келди. Сүрөттө бишкектик Асман Жыргалбеков (негизги фондо) жана чаткалдык Азизбек Айтбаев.
Сынакка Кыргызстандын түрдүү аймактарынан баяндар келди. Сүрөттө бишкектик Асман Жыргалбеков (негизги фондо) жана чаткалдык Азизбек Айтбаев.

Жеңүүчүлөр:

Сайпидин Султаналиев – пандемия маалында кайрымдуулук дүкөнүн ачканын баяндайт.

Асман Жыргалбеков - элдин баары ооруп жатканын карап тура албай, ыктыярчы медкызматкер катары иштеген күндөрүн айтып берет.

Кутман Майрамбек уулу – коронавирус пандемиясы күчөгөн жай мезгилинде кызыл зонада дарыгер болуп иштеген күндөрүн баяндайт.

Адил Какенов - окууга, билим алууга умтулуусу, коронавирустун таасири тууралуу ой бөлүшөт.

Дарийка Асылбекова – пандемия маалында үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп кеткенин мисалдар менен баяндайт.

Элиза Акжолтоева - балдарынын талантына, жөндөмүнө көңүл буруу темасына кайрылат.

Азизбек Айтбаев – ырчылык өнөрү менен тойлорго чыгып, тирилик улантып келаткан майып жигиттин жашоосуна пандемиянын тийгизген таасирин сөз кылат.

Айдай Керимова - көзү азиз, коронавирус илдети жайылган кездеги кыйынчылыктарга кайрылат.

Сыргак Авасбеков – коронавирустан улам туризмге байланыштуу ишин уланта албай, дыйканчылык менен алектене баштаганын айтып берет.

Дайырбек Мейманов - өзү кантип ооруп айыкканын, жакындары канчалык жүгүрүп жардам бергенин сүрөттөйт.

Эже-сиңди Алия жана Лидия Ибраевалар - мектеп окуучулары болсо да кыргыз жана орус тилинде баян жөнөтүп, пандемиянын таасирин жакшылап айтып беришти.

Бостонбек Бабаев – карантин учурунда үй-бүлөсү менен бактылуу күн кечирип, өзүн өнүктүрүүгө аракеттенгенин баяндаган.

Сынакка 12 жаштан 80 жашка чейинки курактагы замандаштар катышты.
Сынакка 12 жаштан 80 жашка чейинки курактагы замандаштар катышты.

Кызыктуу баяндарды жиберип, «Азаттыктын» атайын сынагына төмөнкү катышуучулар да ээ болушту:

Сайнаке Бообекова, Келдибек Ниязов, Абдуганы Абдугафуров, Чолпон Орозалиева, Кайрат Искендеров, Авазбек Жусупбеков, Курманбек Ниязбеков жана 12 жаштагы Камила Баекеева.

«Элден элге» аттуу кайрымдуулук дүкөнүн ачкан Сайпидин Султаналиев.
«Элден элге» аттуу кайрымдуулук дүкөнүн ачкан Сайпидин Султаналиев.

Сынакка катышкан баяндарды бул жерден уксаңыз болот. Ал эми жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурун төмөнкү видеодон көрүңүз.

XS
SM
MD
LG