Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

АКШда коронавирустун мизи кайтпай жатат


Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио.
Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио.

АКШда коронавирустан улам каза болгондор 250 миң адамдан ашты. Бул өлкөдө вирустан улам ооруканага түшкөндөр кескин көбөйүүдө.

АКШда коронавирустан каза болгондор 18-ноябрда 250 миң кишиден ашты. Бул күнү вирустан улам ооруканага 78 миң адам түшүп, тиешелүү көрсөткүч рекорддук чекке жетти. Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча 17-ноябрда Кошмо Штаттарда СOVID-19 1700дөн ашык адамдын өмүрүн алып, бул май айынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

АКШда бир суткада коронавирустун эпкини күч алып турган Индия менен Бразилияны кошуп эсептегенден да көп адам каза болууда.

Коронавируска каршы күрөштү күчөтүү максатында бир катар штаттардын бийлик органдары жаңы эрежелерди киргизип жатат. Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио 18-ноябрдан тартып мектептерде окуу токтотуларын жана дагы жаңы эрежелер кабыл алынарын айтты:

«Тилекке каршы, учурда биздин коронавирустун абалы боюнча жети күндүк орточо көрсөткүчтө Нью-Йорк туура 3% жетти. Мунун жыйынтыгы катары жакынкы күндөрү мектептерди жабышыбыз керек. Бул чечим эч кимге жакпашы мүмкүн».

Эпидемологиялык абал курчуганынан улам өлкөнүн ооруканаларына күч келүүдө. Дарыгерлер менен медайымдар чарчап, шайы ооп баратат. Шайланган президент Жо Байден менен 18-ноябрда онлайн-жолугушууга катышкан медайым Мэри Тернер:

«Мен өз үй-бүлөсүн көрө албай, өлүм алдында жаткан бейтаптардын колун кармадым. Мен өз өмүрү үчүн дем алдыруучу аппаратка туташтырылган абалда күрөшүп жаткан кызматташтарыма кам көрдүм. Алар өз өлкөсүнүн өкмөтү жана ооруканалар коргой албай турганын билип жатышты», - деп жашып абалды сүрөттөдү.

АКШдагы коронавирус кризиси президенттик шайлоодон кийинки саясий кырдаалга туш келди. Шайланган президент Жо Байден Дональд Трамптын шайлоодо жеңилгенин моюнга албаганы коронавирус менен күрөшкө жолтоо болуп жатканын билдирди.

Байден коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгер, медайымдар менен онлайн түрдө баарлашкан учурда Трамптын командасы бир катар маалыматтарды бербей жатканын жарыялады:

Жо Байден.
Жо Байден.

«Мыйзам боюнча Жалпы кызматтар башкармалыгында шайлоонун жеңүүчүсү таанылышы керек. Андан соң жеңген тарап өкмөттөгү бардык маалыматтар менен таанышып, даярданууга шарт түзүлүш керек. Бул үчүн абсолюттук түрдө жеңүүчү болуу деле талап кылынбайт. Жеңгени белгилүү болсо эле жетиштүү. Бирок биз учурда билишибиз керек болгон нерселерге да ээ боло албай жатабыз».

Буга чейин АКШнын Жалпы кызматтар башкармалыгынын башчысы Эмили Мерфи Байдендин шайлоодо жеңүүчү болгонун тааныбай жатканы кабарланган. Бул болсо бийликти өткөрүү жараянын баштоого тоскоолдук кылат.

3-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында Жо Байден көпчүлүк штаттарда утуп чыкканы белгилүү болсо да учурдагы президент Дональд Трамп жеңилгенин моюнга албай жатат. Трамптын командасы бир катар учурлар боюнча сотко кайрылса да, алардын көпчүлүгү «жетиштүү далил жок» деген негизде четке кагылды.

АКШда пандемия башталгандан бери коронавирус жуккандар 11,4 миллион адамдан ашты. Бул дүйнө боюнча вирус жуккан 56 миллиондон ашык адамдын бештен бирин түзөт.

Ал эми Америдагы дагы бир өлкө Мексикада вирустан каза болгондор 100 миңден ашса, аны жугузуп алгандар миллион адам экени көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө инфекциялангандар мындан алда канча көп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Дүйнө жүзүндө коронавирустун мизи кайтпай жаткандыктан ушу тапта илдетке каршы вакциналарга үмүт арткандар көп.

Буга чейин америкалык «Pfizer» компаниясы COVID-19га каршы вакцинасы 95% натыйжалуу экенин жарыялаган. Компаниянын өкүлдөрү шаршембиде вакцинаны жакынкы учурда каттоодон өткөрүп, АКШда өндүрүүгө чыгышы мүмкүн экенин кабарлады.

АШдагы дагы бир «Moderna» биотехнологиялык компаниясы өзүнүн коронавируска каршы вакцинасы 90% ашык натыйжалуу экенин билдирген.

Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму соңку үч айдан бери алгачкы жолу өткөн аптада Европада вирус жугузгандар азайганын кабарлады. Буга чейин континенттеги бир катар өлкөлөр чектөөлөрдү киргизген болчу.

Германиянын парламенти Эпидемиологиялык коргоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул мыйзам коронавируска байланыштуу бир катар чектөөлөрдү камтыйт.

Мындай чектөөлөргө каршы 18-ноябрда Берлинде демонстрация өттү. Акцияга чыккан жети миңдей кишинин айрымдары полицияга каршы бөтөлкө, таш ыргытты. Ошондон кийин полиция демонстранттарды суу бүркүп таратты. Анын жүрүшүндө он полиция кызматкери жабыркап, 300дөн ашык адам кармалганы кабарланды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG