Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

COVID-19: Нью-Йорк катаал карантинге кайтат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нью-Йорк штатында коронавируска каршы чаралар кайрадан күчөтүлдү.

Губернатор Эндрю Куомо «13-ноябрдан баштап ресторан-барлар, спорт залдар кечки саат 10до жабылууга тийиш, 10дон көп киши чогулбашы керек» деп билдирди.

11-ноябрдагы маалыматка караганда, Кошмо Штаттарда жетинчи күн катары менен COVID-19га бир суткада 100 миңден көп киши чалдыгып жатат. Инфекциялангандардын жалпы саны 10 миллион адамдан ашты.

Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио жаңы чараларды эпидемиянын экинчи толкунун токтотуш үчүн «акыркы мүмкүнчүлүк» деп сыпаттады.

Нью-Йорк жазында пандемиянын АКШдагы очогу болгон. Ошондо күнүнө миңдей киши коронавирустан каза болчу. Июль айынан бери штат жана шаар вирустун жайылышын көзөмөлдөп, өлгөндөрдүн саны күнүнө ондун айланасында болуп турду. Бирок сентябрдын ортосунан бери коронавируска чалдыккандар АКШда көбөйө баштады. Ноябрдын башынан тартып коронавирус күн сайын 100 миң кишиден табылып келатат.

Нью-Йоркто 10-ноябрда 164 миң тест жасалса, алардын 2,9% позитивдүү болуп чыкты. Бул көрсөткүч беш же андан көп пайыз болсо, жогору болуп эсептелет. Губернатор Эндрю Куомо жаз айларындай болуп толук карантин киргизүү эң акыркы чара болорун айтты.

АКШнын башка штаттары да вирустун жайылышына каршы чара көрүп, өзгөчө Thanksgiving – Алкыш айтуу күнү жана Рождество алдында элди санитардык эрежелерге олуттуу мамиле кылууга чакырышууда. АКШда бир катар штаттар беткап тагынууга милдеттендирсе, Нью-Жерси жана Миннесотада айрым мектептер кайрадан аралыктан окууга өтүүдө.

Аптанын башында Юта штатынын губернатору Гэри Херберт кайрадан өзгөчө абал жарыялаган.

«Башка адамдарга вирусту жугузуп албаш үчүн абдан этият болууга тийишпиз, - деди ал. - Юта штатынын саламаттык сактоо департаментинин жана менин кеңсемдин буйругуна ылайык, алдыдагы эки жума бою чогуу жашабаган адамдардын чогулуп, иш-чара өткөрүшүнө тыюу салынат. Эки жума - оорунун инкубациялык мөөнөтү».

COVID-19га чалдыгып, ооруканаларга жаткырылгандардын саны да рекорддук чекке жетип турат. Ушу тапта күнүнө орто эсеп менен миңдей киши оорунун айынан дүйнө менен кош айтышууда. Пандемия башталгандан бери Кошмо Штаттарда коронавирустан 241 миңден көп киши каза болду.

Эксперттер кышында абал мындан да начарлашы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Эпидемиянын экинчи толкунун башынан кечирип жаткан Европа өлкөлөрүндө коменданттык саат, карантин жана башка чаралар көрүлгөн.

Ал арада коронавируска каршы вакцина Европа Биримдигинде эмки жылдын башында пайда болушу мүмкүн экенин 11-ноябрда шаркеттин саламаттык сактоо агенттиги билдирди. Евробиримдиктин саламаттык сактоо боюнча комиссары Стелла Кириакидес:

«Натыйжалуу жана коопсуз вакцина пайда болгон күндө да дары калың калкка жеткиче биз азыркы чараларды ишке ашырууну уланта беришибиз керек. Муну так айтып, бардык эрежелер сакталууга тийиш деп түшүндүрүшүбүз зарыл», - деди.

Ошол эле күнү Орусия алгачкы сыноого таянып, өзүнүн «Sputnik V» вакцинасы 92% натыйжалуулугун көргөзгөнүн жарыялады. Анын алдында америкалык «Pfizer» фармацевтикалык компаниясы менен германиялык «BioNTech» иштеп чыккан вакцина үч баскычтан турган сыноодон өтүп, препарат коронавирустан 90% коргойт деген жыйынтык чыгарылган.

АКШнын «Модерна» компаниясы өз сыноолорунун кортунудусун жакынкы күндөрдө чыгарарын билдирди.

XS
SM
MD
LG