Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Батышта коронавирус жуккандар кескин көбөйдү


Архивдик сүрөт. Нью-Йорк шаары.
Архивдик сүрөт. Нью-Йорк шаары.

Кошмо Штаттарда коронавируска чалдыккан адамдардын саны экинчи күн катары менен рекорддук чекке жетти. Жонс Хопкинс университетинин 5-ноябрдагы статистикасына ылайык, бир күндө вирус 123 миң 85 кишиден табылды.

Ошол эле күнү 1220дан ашуун бейтап COVID-19дан көз жумду. Шаршембиде коронавирусту 107 миң киши жугузуп алганы кабарланган.

50 штаттын кеминде 19унда инфекциялангандардын бир күндүк көрсөткүчү пандемия башталгандан бери болуп көрбөгөндөй көбөйдү.

АКШдан тышкары башка аймактар, өзгөчө Европа эпидемиянын экинчи толкунунан жабыркап келатат. «Ажанс Франс Пресс» агенттиги коронавирус алгач аныкталгандан бери континентте 11 миллион 600 миңдей киши инфекцияланганын жазат.

Бир топ өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилсе, башкаларында вирустун жайылышынын алдын алыш үчүн чектөөлөр иштеп жатат.

Францияда бейшембиде бир күндө инфекциялангандар 58 миңден ашты. 30-октябрда өлкөдө декабрга чейин карантин жарыяланган. Эл жумушка баруу, азык-түлүк алуу, оорукана же башка чукул жардамга кайрылуу үчүн гана сыртка чыга алат. Бирок мектептер бул ирет жабылган жок.

Коронавирус чектөөлөрүнө каршы акция. Италия, 2-ноябрь, 2020-жыл.
Коронавирус чектөөлөрүнө каршы акция. Италия, 2-ноябрь, 2020-жыл.

Италияда акыркы 24 саатта вирусту 34,5 миңдей киши жугузуп алганы катталды. Премьер-министр Жузеппе Конте кол койгон буйрукка ылайык, 5-ноябрдан 3-декабрга чейин кечки саат 10дон таңкы саат 5ке чейин коменданттык саат киргизилди. Айрым аймактардын, анын ичинде жазында катуу жабыркаган Ломбардиянын тургундары кайрадан карантин шартында жашай баштады.

Белгиянын Льеж шаарынын саламаттык сактоо мекемеси апта аягына чейин ооруканалар толуп каларынан чочулап турат. 3-ноябрдан тартып бейтаптар Германияга дарыланууга жөнөтүлө баштады. Көбү аппараттын жардамы менен дем алса, башкалары ИВЛге туташтырылган.

Киши башына алганда Белгия вируска кабылгандар жагынан Европада биринчи орунда баратат. Бул тууралуу Европанын Илдеттердин алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору билдирди. 11 миллион калктуу өлкөдө COVID-19дан 7 405 киши дарыланса, 1 412си жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Польша бейшембиде коронавирустун жаңы 27 миң учуру катталганын билдирди. Бир күндүк көрсөткүч дагы көтөрүлсө, өкмөт өлкө аймагы боюнча карантин жарыялай турганын буга чейин эскерткен.

Өкмөт башчы Матеуш Моравецки Варшавадагы борбордук стадиондо ачылган убактылуу стационар 1 200 бейтапты кабыл аларын билдирди.

Варшавадагы тест жасоо борбору. 31-октябрь, 2020-жыл.
Варшавадагы тест жасоо борбору. 31-октябрь, 2020-жыл.

Лондон полициясы бейшембиде түнкү кайгуул маалында карантиндик чектөөлөрдү бузган 104 кишини кармады. Маалыматка караганда, вирустун жайылышын ооздукташ үчүн киргизилген жаңы эрежелерге карабай жүздөгөн киши шаар борборуна топтолуп алган. Полиция кармалгандарга тиешелүү чара көрүлөрүн билдирди.

COVID-19га кабылгандардын жалпы саны бир миллион кишиден ашкандан кийин саламаттык сактоо системасына күч келеринен чочулаган премьер-министр Борис Жонсон бүт өлкө аймагында карантин жарыялаган.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 бери дегенде бир миллион 226 миң кишинин өмүрүн алды. Вируска 48 миллиондон ашуун киши чалдыкты.

XS
SM
MD
LG