Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Назарбаева дагы бийликке аттанды


Дарига Назарбаева.
Дарига Назарбаева.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева "Нур Отан" партиясынан Мажилиске депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлдү.

Шаршембиде Нур-Султан шаарында бийликчил "Нур Отан" партиясынын съезди онлайн режимде өтүп, анда 126 талапкердин тизмеси бекитилди.

Коронавирус пандемиясынын шартында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жыйынга журналисттер киргизилбеди. Алар съездге башка имаратта орнотулган монитордон көз салышты. Жыйынды видеого тартууга жана түз эфир уюштурууга уруксат берилген жок.

«"Нур Отандын" тизмесинде экс-президенттин кызы Дарига Назарбаева да бар. Ал партиялык квота менен сунушталган 49 талапкердин бири. Калган 77 талапкер партия ичиндеги тандоо аркылуу аныкталган. Курултайга Дарига Назарбаева, президент Касым-Жомарт Токаев, мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев, партия төрагасынын биринчи орун басары Бауржан Байбек, премьер-министр Аскар Мамин, Мажилистин төрагасы Нурлан Ныгматулин менен чогуу отурду».

Токаев быйыл 2-майда парламенттин жогорку палатасынын спикери Дарига Назарбаеванын “өтө жигердүү жана жемиштүү ишине” ыраазычылык билдирип, анын депутаттык ыйгарым укугун токтоткон.

Эмне себептен мындай чечим кабыл алынганы жөнүндө так маалымат берилген эмес. Бирок жергиликтүү серепчилер Дарига Назарбаева "саясаттан толук кетти" дешсе, айрымдары президент Токаев менен Нурсултан Назарбаев экөөнүн ортосунда "тиреш бар" деп болжошкон.

Дарига Назарбаеванын Мажилиске талапкерлиги бекитилгенден кийин, эмне себептен саясаттан кеткиси келген жок деген суроого мурдагы депутат жана саясатчы Серик Абдыракманов жооп берди.

"Алар, албетте, бийликте болгусу келет. Бийликтен такыр кеткилери жок. Жыйнап алган акчасы бар. Акчаны кантип жыйганын айта алышпайт. Батышта ак сарайлары турат. Ошолорду коргоо үчүн келет. Бийликте отургандар депутат да, премьер-министр да, президент болууга да үмүттөнүшөт".

56 жаштагы Дарига Назарбаева сенаттын спикерлигинен кеткенден кийин эл алдына көп чыкпай калган. Анын жеке жашоосу тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары байма-бай жазып чыгышкан.

Август айында Лондондо анын 29 жаштагы уулу Айсултан Назарбаев каза болгон. Ал өмүрүнүн акыркы айларында "Фейсбук" баракчасында Казакстандын экс-президентинин үй-бүлө мүчөлөрү катышкан ири коррупциялык схемалар жөнүндө жазып, туугандарына айып тагып келген.

Ушул жылдын март айында Британиянын Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттиги Назарбаева менен анын уулу Нурали Алиевге таандык эки хансарай менен бир батирге ордер чыгарган. Анда мекеме баасы 100 миллиондой долларга бааланган кыймылсыз мүлк «мыйзамсыз жол менен табылган акчага алынган» деген жүйө менен хансарайларга жумшалган каражат тууралуу түшүндүрмө талап кылган.

Назарбаева менен уулу бул иште соттон утуп алган. Бул окуя мурдагы казак президенти менен анын үй-бүлөсүнүн мүлкүнө байланыштуу талкуу жараткан.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы - Мажилистин депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленген. Мыйзамга ылайык, Мажилистин депутаттары партиялык тизме менен шайланат. Мажилис 107 депутаттан турат. Алардын 98и партиялык тизме менен шайланса, тогузу Нурсултан Назарбаев төрагалык кылган Казакстан элдеринин ассамблеясынан келет.

Коңшу өлкөдө алты партия расмий каттоодон өткөн, алардын үчөө парламентте. Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин "Нур Отан" партиясы азыркы чакырылышта 84 мандатка ээ. Мөөнөтү аяктап бараткан парламентте дагы эки бийликчил партия "Ак Жол" жана Казакстан Коммунисттик Элдик Партиясынын өкүлдөрү бар.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG