Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Назарбаев үй-бүлөсүнүн Лондондогу жеңиши


Казакстандын туңгуч президентинин кызы Дарига Назарбаева жана небереси Нурали Алиев.
Казакстандын туңгуч президентинин кызы Дарига Назарбаева жана небереси Нурали Алиев.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү Лондондогу үч кыймылсыз мүлккө байланыштуу сотту утуп алды. Британ полициясы Дарига Назарбаева менен анын уулу Нуралиге таандык деген үйлөр кайсы акчага сатылып алынганын түшүндүрүп берүүнү талап кылган.

8-апрелде Лондондун Жогорку соту Назарбаевдин кызы Дарига менен анын уулу Нурали Алиевге таандык деп көрсөтүлгөн эки хансарай жана бир батирге байланыштуу үч ордерди четке какты. Сот далилдер жетишсиз деген тыянакка келди.

Британиянын Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттиги Лондондогу жалпы баасы 104 миллион доллардан ашкан бул үйлөр Нуралинин атасы жана Дарига Назарбаеванын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин «мыйзамсыз жол менен тапкан каражатына алынганын» жүйө келтирип, кожоюндардан хансарайлар кайсы акчага келгенин түшүндүрүп берүүнү талап кылган.

Полицияга мындай укук берген жаңы мыйзам Британияда 2018-жылдын башынан тартып ишке кирген. “Булагы аныкталбаган байлык тууралуу буйрук” аттуу мыйзамга ылайык, полиция Британиянын аймагындагы коррупцияга тиешеси бар мүлктү аныктап, сот аркылуу кожоюндарынан акчанын булагын көрсөтүүнү талап кыла алат. Эгер кожоюн байлыгын мыйзамдуу тапканын далилдей албаса, андан ажырап калышы мүмкүн.

Лондондогу сотто Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн адвокаттары кымбат хансарайлар маркум Рахат Алиевдин күмөндүү акчасына алынганын четке кагышып, Дарига Назарбаеванын жеке өзүнүн мындай кыймылсыз мүлктү сатып алууга кудурети жетерин жүйө келтиришти. Британ судьясы бул жүйөгө макул болду.

Бирок Британиянын Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттигинин жетекчилеринин бири Грэм Биггар билдирүү таратып, кийинки инстанцияга арызданыша турганын айтты.

“Булагы аныкталбаган байлык тууралуу буйрук” - бул жаңы мыйзам жана биз аны колдонууга каршы олуттуу соттошуулар болоорун күткөнбүз. Ордерлерди жокко чыгаруу боюнча чечимге макул эмеспиз. Апелляцияга беребиз”, - деп билдирди Грэм Биггар.

Назарбаев үй-бүлөсү: байлык жана таасир

Лондондогу Нурали Алиевге таандык хансарайлардын бири.
Лондондогу Нурали Алиевге таандык хансарайлардын бири.

Лондондун кымбат райондорундагы бул үйлөргө Нурали Алиев менен Дарига Назарбаеванын атынан офшордо катталган компаниялар ээлик кылаарын британ журналисттери аныктап чыгышкан. Хансарайлардын бири британ баш калаасынын Хампстед аймагындагы “Миллиарддерлер көчөсү” атка конгон Бишоп авеньюда жайгашкан. 10 уктоочу бөлмөдөн турган ал үйдүн жер төлөөсүндө бассейни, кинотеатры, керек болсо шаркыратмасы да бар экенин британ басылмалары жазып жатышат.

Казакстандагы эң таасирдүү үй-бүлөгө тиешеси бар деген мынча байлыктын булагын түшүндүрүүнү талап кылган ордер 2019-жылдын май айында чыккан. Назарбаева менен Алиевдин адвокаттары британ полициясын “так эмес маалыматтарга таянды”, “иликтөөнү жетишсиз жүргүздү” деп айыптап, толугу менен акталып чыгышканын билдиришти.

“Дарига Назарбаевага катаал процедураларга каршы күрөшүп, өз кадыр-баркын калыбына келтирүүгө туура келди. Бул өкүнүчтүү”, - деп билдирди Назарбаеванын өкүлү.

56 жаштагы Дарига Назарбаева - былтыр атасы Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин, Сенатынын спикери болуп шайланып, өлкөдөгү экинчи расмий адамга айланган. “Форбс” журналы аны Казакстандагы эң бай адамдардын катарына кошкон. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Назарбаева Рахат Алиев менен турган никеден үч балалуу болгон. Алардын тун уулу 35 жаштагы Нурали Алиев өзүн бизнесмен жана инвестор деп тааныштырып келет. Ал 2014-жылдын декабрынан 2016-жылдын 16-мартына чейин Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген.

Дарига Назарбаева менен Рахат Алиев 1983-жылы баш кошушкан.
Дарига Назарбаева менен Рахат Алиев 1983-жылы баш кошушкан.

Рахат Алиев 2007-жылы Австрияга элчи болуп жөнөтүлгөн. Кийин президент Назарбаевди катуу сындоого киришип, атүгүл Назарбаевди бийликтен кетирүү ниетин да билдирген. Ошол эле жылы Дарига Назарбаева менен ажырашканы жөнүндө факс алып, бирок ага макул болгон эмес. Ага Казакстанда эки банкирди өлтүргөн деп айып тагылган. 2014-жылы өзү Австрия бийликтеринин колуна түшүп, сотко чейин камалган. Бирок иши каралаарына эки күн калганда 2015-жылдын 24-февралында анын сөөгү абакта табылган.

Британиядагы күмөндүү байлык

2017-жылы коррупцияга каршы “Транспаренси Интернешнл” уюму Британияда жалпы баасы дээрлик 6 миллиард долларга барабар 160 үйгө коррупцияга шектелген адамдар ээлик кылаарын аныктап чыккан. Ал турак жайлардын 85 пайызы же 5,5 миллиард доллары баш калаа Лондонго туура келет.

“Булагы аныкталбаган байлык тууралуу буйрук” аттуу мыйзам дал ушул күмөндүү байлыкты ашкерелөө максатында кабыл алынган. Анын алкагында биринчи ордер 2018-жылы Азербайжандын Эл аралык банкынын мурдагы жетекчиси Жахангир Хажиевдин аялы Замира Хажиеванын Британиядагы 30 миллион доллардык эки хансарайына карата чыккан. Хажиев өзү банктагы акчаны уурдоо үчүн Азербайжандын түрмөсүндө отурат.

2018-жылдан 2020-жылдын башына чейин уланган соттук териштирүүлөрдө Хажиева Лондондо шапар тээп жашап, дүкөндөрдө акчаны чачып жүргөнү ачыкка чыккан. Маселен, ал соңку он жылда Лондондогу атактуу “Хэрродс” дүкөнүндө 16 миллион фунт стерлинг же кеминде 21 миллион доллар короткон. Бир күндө Хажиева зергер буюмдарды жана атырларды саткан белгилүү дүйнөлүк брендден 200 миң долларга соода кылганын документтер күбөлөп турат. Хажиева быйыл февраль айында акыркы соттук инстанцияда утулган.

Британиядагы коррупцияга каршы күрөшкөн «Глобал Уитнесс» уюмунун иликтөөчүлөрү жаңы антикоррупциялык мыйзамды мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев жашайт деген хансарайды иликтөө үчүн да колдонсо болоорун билдирип келет. Лондондун чекесиндеги кымбат райондогу бул хансарай он жыл мурда 3,5 миллион фунт стерлингге сатылып алынган. Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет март айында “Азаттыкка” берген маегинде Лондон менен Бишкектин ортосунда уурдалган акчаны кайтаруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

P.S. 8-майда макаладагы айрым терминдерге өзгөртүү киргизилди.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG